Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 32- заседаниеси
2016-жылдын 22-сентябры № 32/7
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетине ашыкча түшкөн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетине ашыкча түшкөн акча каражатынан Чаткы Мазар участкасына копуро салуу үчүн 50,0 сом, Парманас атындагы орто мектебине 71000 сом, таза сууга 50,0 миң сом, жасалма уруктандырууга 25000 сом, Сибирь кулгунасы үчүн хлор алууга 20000 сом, энцклопедия китеп алууга 15000 сом, айыл өкмөтүнүн имаратынын от казанын алмаштырууга 30000 сом, Жылы Суу китепканасына 2 даана обогреватель алууга 10000 сом, бензин үчүн 20 000 сом, Таш-Короо айылдык китепканасына обогреватель алууга 5000 сом, кошумча алынган ветеринардык адистин айлык акысы үчүн 60,0 сом акча каражаттарын бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын өз максатында которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Тажиковага тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер жана этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |