Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 32- заседаниеси
2016-жылдын 22-ноябры № 34/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 5 «Ак Ниет»балдар бакчасына түнкү нөөмөттөгү кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировдун билдирүүсүн угуп жана №5 «Ак Ниет»балдар бакчасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы №8 токтомуна ылайык Гүлчө айылдык кенешинин 5-чакырылышынын кезексиз 34-заседаниесиКыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №5 «Ак Ниет»балдар бакчасына түнкү нөөмөттөгү кошумча бир аралаш тайпа ачылсын.
2. Ата-энелер тарабынан берилүүчү акы ар бир балага келген күнүнө карата 25 сомдон, айына 550 сомдон деп бекитилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Жапанов |