Редакцияот 29.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 38- кезексиз заседаниеси

 

2016-жылдын 29-сентябры № 38/3

Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын тургуну Каныбек уулу Бекмаматтын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-статьясынын 1-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын тургуну Каныбек уулу Бекмаматтын 1-Май айылынын Кара-Сеңир участкасынан үй салууга жазган арызын карап чыгып,

Корул айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын тургуну Каныбек уулу Бекмаматка Кара-Сеңир участкасынан Курамаев Амантурдун үйүнүн үстү жагынан турак үй курууга 0,08га жер аянтын чектеп берүү жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровдон суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Маназаров