Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 38/5
Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалынын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең–Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалынын жеңил машинасы кыш мезгилинде жана жаз мезгилинде суу ташкындары көбөйгөн учурларда бир топ кыйынчылыктар болгондуктан жана убактылуу жеңил конструкциядагы дүкөнчө салууга
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалыга 35 м.кв жер аянты убактылуу жеңил конструкциядагы гараж салуу үчүн, 0,50 м.кв. жер аянты дүкөнчө куруу үчүн Кең-Жылга айылынын Туюк участкасынан, Ж.Алимов атындагы орто мектебинин маңдайынан жолдун четинен айыл чарбасына жараксыз жеринен ыңгайына жараша караштырып, мыйзам чегинде (бирөөлөргө тоскоолдугу, талашы жок жерлерден) бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Маназаров |