Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 38/6
Тогузгун участкасына балдар бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогузгун участкасында балдар бакчасы жоктугунан, ата-энелердин суроо талабын канааттандырып, жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Тогузгун участкасына балдар бакчасын салуу үчүн 0,020 га жер аянты Орозалиев Тынчыбек убактылуу пайдаланып жүргөн жерден айыл өкмөтү тарабынан чектелип берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Маназаров |