Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/4
Корул айыл өкмөтүндөгү 2016-2017-күз-кыш айларына карата мекеме-ишканалардын даярдыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларын кышка карата даярдоо боюнча бардык билим берүү мекемелеринде айыл өкмөтү тарабынан толугу менен көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
2. Үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, элди көмүр менен камсыз кылуу жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы М.Эрмаматовго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |