Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/11
1-Май айылынын Олжоке участкасындагы көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын Олжоке участкасындагы Айдаров Баатырдын үйүнөн баштап, Аматов Калыктын үйүнө чейин, күнгөй жагы Раев Таланттын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ташиев Капар атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын Олжоке участкасындагы Айдаров Баатырдын үйүнөн баштап, Аматов Калыктын үйүнө чейин, күнгөй жагы Раев Таланттын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ташиев Капар атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |