Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/16
Корул айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылына балдар бакчасын куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен Корул айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылына балдар бакчасын куруу үчүн жазылган долбоору боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулоонун негизинде
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылына балдар бакчасын курууга 2017-жылдын бюджетинен өздүк салым үчүн керектүү суммадагы акча каражаты бөлүнүп берүү жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Маназаров |