Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 40/2
Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекстин сабак бүткөндөн кийин, айыл тургундарынын спорттук оюндарынын тарифин белгилөө боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин жаңыдан бүткөн спорт комплексинде сабак өтүү мезгилинде айыл тургундарынын тоскоол болгондугун эке алып,
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин спорт комплекси окуучулардын сабак убактысы бүткөндөн кийинки мезгилде, айыл тургундарына саат 19-00дөн 24-00 гө чейин жуманын шейшемби, бейшемби, ишемби, жекшемби күндөрү пайдаланууга берилсин.
2. Айыл тургундарынын спорт комплексин пайдалануу үчүн залдын тазалыгына, керектүү эмеректерине жана жооптуу мугалимге материалдык колдоо көрсөтүү максатында, саатына 50 сом өлчөмүндө арендага берүүгө уруксат берилсин.
3. Аренда акысына түшкөн акча каражатын иштетүү үчүн, айылдык Кеңештин депутаттарынан, мектеп жамаатынан, активдүү айыл тургундарынан комиссия түзүлсүн жана жооптуу мугалимге аренда акысынан түшкөн каражаттан 30% өлчөмүндө бөлүнүп берилсин, жооптуу мугалим жок болгон мезгилде, комиссиянын курамындагы эл өкүлү жооптуу мугалимдин милдетин аткаруу жагы каралсын.
4. Аренда акысына түшкөн акча каражаты түзүлгөн комиссиянын көзөмөлдөөсүндө мектептин камкорчулар кеңешинин счетуна төгүлүп иштетилсин жана спорт комплексинин иштешине, акча каражатынын сарпталышына көзөмөл жүргүзүү жагы, мектептин директору Ж.Маматумаровго, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |