Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-декабры № 32/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин № 1-12/563 27.12.2016-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэри Ж.Юсуповдун шаардык кеңешке берген кайрылуу катын карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин, Октябрь көчөсүнүн кесилишинен Култай көчөсүнө чейин 2016-жылдын эсебинен проектинин негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү боюнча долбоорунун Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин туртку берүүчү грант эсебинен каржылоо үчүн 2815710 ( Эки миллион сегиз жүз он беш миң жети жүз он сом) каралган, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI-чакырылыштагы) кезексиз ХХХII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Ленин, Октябрь көчөсүнүн кесилишинен Култай көчөсүнө чейин долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жана спонсордук жардамдын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 496890 ( Төрт жүз токсон алты мин сегиз жүз токсон сом) каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Айтиевге) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |