Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 25/2
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Парманасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Парманасовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана жайлоого көчүү мөөнөтү аба ырайына карап 2016-жылдын 20-апрелинен белгиленсин.
3. Ленин айыл өкмөтүнө сырттан келген малдарга 1 сезонго майда жандык 20 сомдон,бодого 50 сомдон жайыт пул өндүрүлсүн жана өндүрүлгөн акча каражаты айылдын көйгөйлүү маселелерине жумшалсын.
Бул боюнча отчет берүү ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |