Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 26/5
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын Кара-Мойнок участкасынан таштанды таштоочу жайга жана “Беккара” чункурун салууга жер берүү жөнүндө
Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын Кара-Мойнок участкасынан таштанды таштоочу жайга жана “Беккара” чункурун салууга 0.50 га жер участогу чектелип берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер участкасын тактап иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн жер жана ОКМ боюнча башкы адиси Н.Нурдиновко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |