Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 26/7
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында дүкөндөрдүн жана биллиярд залын иштеткендердин иштөө тартиби,спирт ичимдиктерин сатуу боюнча аксакалдардын сунушу жөнүндө
Согонду айылынын аксакалдарынын 2016-жылдын 20-апрелиндеги сунуш катын угуп жана талкуулап ,Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы Согонду айылындагы дүкөндөр эрте мененки саат 6-оодөн кечки саат 6-оогө чейин ачышсын, иштеп жаткан мезгилде лицензиясы бар болсо спирт ичимдиктерин кечки саат 6-оогө чейин сатууга уруксат берилсин,лицензиясы жок болсо спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын жана мыйзам бузуучулуктарга жол берилсе дүкөн ээси жооп берсин.
2. Биллярд залын иштеткендер кечки саат 10-оо го чейин иштетишсин жана 10-оодөн кийин иштетишсе акт түзүлүп участкалык инспекторго билдирүү жазып берилсин кандайдыр бир мыйзам бузуучулуктарга жол берилсе биллярд залынын ээси жооп берсин.
3. Согонду айылынындагы дүкөндөрдүн ,биллярд залдарынын иштөө тартиптерин,спирт ичимдиктерини сатылышын текшерип ,көзөмөлдөө улуу салык инспектору И.Алимбаевге,участкалык инспектор И.Кенешбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |