Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июну № 28/1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндөгү 2016-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин жетекчилигинде өткөн кенешмесинин протоколдук тапшырмасынын негизинде Мыйзамдын талабына ылайык Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Алай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Ленин айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Келишимде белгиленгендей айыл өкмөтүндө статистика маселеси максатка ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүнөн Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык статистика маселесин аткарып жаткан адиске жетектөөчү адистин маянасы төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |