Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 28/3
Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасындагы 1 баш уйду торпогу менен сатуу жөнүндө
Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 1(бир) баш уйду торпогу менен сатуу боюнча балдар бакчасынын башчысы Т.Жусуеванын2016-жылдын 28-июлундагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасынан 1(бир) баш уйду торпогу менен сатуу боюнча балдар бакчасынын башчысы Т.Жусуеванын2016-жылдын 28-июлундагы билдирүүсү эске алынсын.
2. Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын комокчу чарбасындагы 1 (бир) баш уйду торпогу менен сатуу боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы түзүлсүн:
1. Аденов Жамалидин-айылдык Кеңештин депутаты.
2. Раманов Самаган-Ленин айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу, коммуналдык менчик боюнча башкы адиси.
3. Жусуева Телегей -Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору.
4. Турдубекова Урмат-Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын профсоюз уюмунун төрайымы
5. Омарбеков Нурмамат-Балдар бакчасынын кароолу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Исираиловко тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |