Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 31/4
Согонду айылынын маданият үйүнө Ыса Кадыровдун атын ыйгаруу жөнүндө Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын калкы менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындын 2016-жылдын 12-сентябрындагы № 24 протоколун бекитүү жөнүндө
Согонду айылынын маданият үйүнө Ыса Кадыровдун атын ыйгаруу жөнүндө Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын калкы менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындын 2016-жылдын 12-сентябрындагы № 24 протоколун бекитүү боюнча айыл башчы А.Матеиповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын маданият үйүнө Ыса Кадыровдун атын ыйгаруу жөнүндө Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын калкы менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындын 2016-жылдын 12-сентябрындагы № 24 протоколу бекитилсин.
2. Согонду айылынын маданият үйүнө Ыса Кадыровдун атын ыйгарылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын
4. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Согонду айылдык маданият үйүнүн башчысы Ч.Осмоновко тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |