Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 31/5
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо V1P-KFW (ПСИ- 3)” долбоору менен иштөөгө Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын сунушун бекитүү жөнүндө
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо V1P-KFW (ПСИ- 3) долбоору менен иштөөгө Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын төрагасы Т.Кенешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС бейөкмөт уюму ПСИ-3 ( айылдык инвестициялоо долбоору менен иштөөгө) Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын төрагасы Т.Кенешовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылындагы мончону капиталдык ремонту , Мурдаш айылына Маданият үйүн куруу, А.Жээнбеков атындагы орто мектептин жанындагы кичи футбол аянтчасына газон төшөтүп электр жабдыктарын орнотуу , Гагарин айылына “Тооашкан “ баштооч мектебинин айланасын тосуу жана спорттук аянтча куруу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Исираиловго тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |