Бишкек шаары. Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-январы, № 43 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран ИсламРеспубликасыныи Өкмөтүнүн ортосунда 2002-жылдын 29-апрелиндеБишкек шаарында кол коюлган Бажы мыйзамдарын туура колдонуу, ошондой эле бажылык эреже бузууларды болтурбоо, тергөө жана каршы күрөшүү максаттарында өз ара администрациялык жардамдашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран ИсламРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2002-жылдын 29-апрелиндеБишкек шаарында кол коюлган Бажы мыйзамдарын туура колдонуу,ошондой эле бажылык эреже бузууларды болтурбоо, тергөө жанакаршы күрөшүү максаттарында өз ара администрациялыкжардамдашуу жөнүндө макулдашуунун 18-статьясына ылайыкмамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында,
"КыргызРеспубликасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана
"КыргызРеспубликасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран ИсламРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2002-жылдын 29-апрелиндеБишкек шаарында кол коюлган Бажы мыйзамдарын туура колдонуу,ошондой эле бажылык эреже бузууларды болтурбоо, тергөө жанакаршы күрөшүү максаттарында өз ара администрациялыкжардамдашуу жөнүндө
макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикбажы инспекциясы жогоруда аталган Макулдашуунун аткарылышыүчүн жооптуу болуп аныкталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ирантарапка Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнөкириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболордуаткарганы тууралуу билдирсин. Премьер-министр Ф.Кулов