Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын
30-ноябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 120/06
Бишкек шаары
2006-жылдын 30-октябры № 32/2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам
принциптерин алгачкы долбоордун алкагында
жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2006-жылдын 15-ноябрындагы № 36/1 токтомунун,
2007-жылдын 29-июнундагы № 33/1 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз
Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоор-
дун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобонун долбоорун карап
көрүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
12-июлундагы "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принцип-
терин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоор жөнүндө" № 373
Жарлыгы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Ислам
өнүктүрүү банкынын жана "Экобанк" ачык акционердик коомунун ор-
тосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо
принциптерин колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүү жөнүн-
дөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумга, Кыргыз Республика-
сынын Президентинин ушул Жарлыгынын жоболоруна, Кыргыз Респуб-
ликасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү"
Мыйзамынын 7-статьясына таянып жана Кыргыз Республикасынын Юс-
тиция министрлигинин тиркелген корутундусун эске алуу менен
(жогоруда аталган Меморандумдун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү ко-
митеттин мүчөлөрү үчүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 02-4/8135
кат) токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында каржылоонун
ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу
жөнүндөгү" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы
Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик
каттоодон өткөртүшсүн.
3. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2007 - жылдын 29 - июнундагы № 33/1 токтомуна ылайык алынып
салынды)
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учур-
дан тартып күчүнө кирет.
5. Каттоодо н өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан
кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана
кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев
мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев