Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында
каттоодон өткөн. Каттоо номери 88-07
Бишкек шаары
2007-жылдын 22-августу N 38/11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук
төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү
өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Нускоо тууралуу
Накталай эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү боюнча 2003-
2008-жылдарга каралган иш- чаралардын Мамлекеттик программасын жүзө-
гө ашыруунун чегинде, Кыргыз Республикасында майда чекене жана
утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын ишке киргизили-
шине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы,
банктык эсептешүүлөр башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган "Кыргыз
Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик
клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү "Нус-
коону карап көрүү менен токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында майда чекене жана уту-
румдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн
тартиби жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте
ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген
тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо
булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялан-
гандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-
нистрлигине маалымдасын.
5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык
банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын об-
ласттык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныш-
тырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыр-
гыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иман-
куловага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын Төрагасы М.Алапаев