КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУКыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрындакаттоодон өткөн. Каттоо номери 96-07 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМАнын 2007-жылдын 11-сентябрындагы № 01-13/200 буйругуна № 1 тиркеме СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдарды кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицензияу-руксат берүү комиссиясынын ишинин УБАКТЫЛУУ РЕГЛАМЕНТИ. 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КтЧК жана ТЧМА лицен-зия-уруксат берүү комиссиясы СИТЕС аракетине тиешелүү өсүмдүктөр жанажаныбарлар дүйнөсүнүн объекттилерин импорттоого, экспорттоого жана ре-экспорттоого СИТЕС уруксат берүү документтерин алуу үчүн материалдардыкарайт. Ал эми, цирк гастролдорун, ањчылык жана балык уулоо трофейле-рин, музей жана көргөзмө экспонаттарын, адамдардын менчиги болуп санал-ган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн айрым үлгүлөрүн Кыргыз Республика-сынын СИТЕС Администрациялык органы тарабынан уруксат оз алдынча бери-лет. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токойчарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктарын, Комиссиянын ишмер-дигине тиешелүү ишти жөнгө салган эл аралык мыйзамдардын нормаларын жа-на ушул регламентти жетекчиликке алат. 2. Комиссиянын отуруму Комиссиянын кароосуна сунушталган материал-дарды баяндоодон башталат. 3. Комиссия талкууга коюлган маселелерди ачык талкуулайт жана че-чет. Комиссиянын чечими боюнча анын отурумуна кызыкдар адамдар катышаалышат. 4. Комиссиянын отуруму анын төрагасы, ал эми ал жок учурда зарыл-дыкка жараша анын орунбасары тарабынан чакырылат. Комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү убактысы жана орду төрагаже анын орунбасары тарабынан аныкталат. 5. Комиссиянын отурумун анын төрагасы же орунбасары ачат жана алыпбарат. Төрагалык кылуучу Комиссиянын отурумунда күн тартибин жарыялайт,Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана кабыл алына турган чечимдердиндолбоорун талкууга коет, талкуунун жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алын-ган чечимдерди жарыялайт, Комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол ко-ет. 6. Комиссиянын катчысы протокол жүргүзөт, анда Комиссиянын мүчөлө-рүнүн жана отурумга чакырылып катышкандардын сүйлөгөн сөздөрүнүн кыска-ча мазмунун түшүрөт. Комиссиянын ар бир мүчөсү өз сын пикирин айтып,аларды протоколго киргиздире алат. 7. Эгерде Комиссиянын отурумунда анын бекитилген курамынын жарымы-нан аз эмеси катышкан болсо, комиссиянын чечимдери мыйзамдуу. 8. Комиссия анын катышып отурган мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көп-чүлүгү аркылуу ачык добуш берүү менен чечим кабыл алат. Добуштар тењболуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. 9. Комиссиянын чечимдери тиешелүү уруксат берүү документин берүү,макулдашуу же берүүдөн (макулдашуудан) баш тартуу үчүн негиз болуп са-налат.