Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2007-жылдын 30-ноябры № 51/4
"Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдүн өткөрүлүшүнө тиешелүү маалыматтарды системага салуу, улуттук валютадагы накталай эмес каражаттардын агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөр системасын түзүү жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору" (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялангандан кийин 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 19-январында 06-07-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 39/9 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомдун 1-3, 5-10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
6. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Социалдык фондун, коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.
7. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" Кыргызстандартта белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетине жөнөтсүн.
8. Төлөө системалары башкармалыгы Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы |
М.Алапаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2007-жылдын 30-ноябры № 51/4
Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы № 3/4 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдүн өткөрүлүшүнө тиешелүү маалыматтарды системага салуу, улуттук валютадагы накталай эмес каражаттардын агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөр системасын түзүү жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору" (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, расмий жарыялангандан кийин 2008-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.