Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 5-08 Бишкек шаары2008-жылдын 16-январы N 3/4 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 ток-тому менен бекитилген "Төлөм жүгүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторунбекитүү жөнүндө" токтомго (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин-де 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн)сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүп, "Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен КыргызРеспубликасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Улуттук банк Башкармасы тарабына 2007-жылдын 30-ноябрында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 51/4 "Төлөм жү-гүртүлүшүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомго тө-мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун 3-пунктундагы "2008-жылдын 1-январынан тартып" дегенсөздөр "2008-жылдын 1-апрелинен тартып" деген сөздөр менен алмаштырыл-сын. 2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-касынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамле-кеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнөкирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине маалымдасын. 5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондун, коммерциялык банктарды жана "Эсептешүү-сактык компаниясы" ААК-сын тааныштырсын. 6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдыбалы тегин С.