Редакцияот 20.02.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын20-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 3-08 Бишкек шаары2008-жылдын 16-январы № 3/3        КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ                "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү         регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу      Кредиттик союздардын  ишине  адекваттуу көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууүчүн зарыл маалыматты берүү максатында, Банктык эмес мекемелердин ишинекөзөмөл  башкармалыгы  тарабынан кароого сунушталган "Кредиттик союздунмезгил-мезгили менен берилүүчү  регулятивдик  отчету  жөнүндө"  жобонундолбоорун  карап көрүү менен,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Баш-кармасы токтом кылат:     1. Кароого сунушталган "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен бе-рилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.     2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет минист-рлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.     3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон  өткөртүлгөндөн  кийин,  расмий  жарыяланган  учурдан  тартыпкүчүнө кирет.      "Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик актылары" журна-лында, N 2008/3 жарыяланган      4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкарма-сынын 2005-жылдын 24-июнундагы N 20/7 "Кредиттик союздун мезгил-мезгилименен  берилүүчү регулятивдик отчетунун Убактылуу формалары" жана "Кре-диттик союздун мезгил-мезгили менен  берилүүчү  регулятивдик  отчетунунУбактылуу  формаларын  толтуруу  боюнча нускоо жөнүндө" токтому (КыргызРеспубликасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 26-июлунда 96-05  но-меринде каттоодон өткөрүлгөн) күчүн жоготту деп таанылсын.     5. Кредиттик союздар өз ишин 2008-жылдын 1-чейреги үчүн  отчеттор-дон тартып кийинки отчетторун ушул токтомдун талабына ылайык беришсин.     6. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул  ток-том  менен  "Кыргыз  Республикасындагы  кредиттик союздарды колдоо жанаөнүктүрүү боюнча Финансы компаниясы" ЖЧКсын,  Улуттук банктын областтык(регионалдык) башкармалыктарын жана Баткен областындагы Улуттук банктынөкүлчүлүгүн тааныштырсын.     7. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы,  номери жана кайсы күнү жарыялан-гандыгы)  тууралуу  Юридикалык  бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет ми-нистрлигине маалымдасын.     8. Ушул  токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдетиКыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алы-баевага ыйгарылсын.      Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын     Улуттук банк Башкармасынын     Төрагасынын милдетин аткаруучу                   Абдыбалы тегин С.