Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 8-апрелинде
каттоодон өткөн. Каттоо номери 23-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 29-февралы N 9/2
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2005-жылдын 19-майындагы N 16/3 "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы тарабынан
микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу
эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө" жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнун-
да 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Улуттук банк Башкармасынын
2005-жылдын 19-майындагы N 16/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чарала-
ры жана санкциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөр-
түүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республика-
сынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республи-
касындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы
банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-ию-
нунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Улуттук банк Башкармасынын
2005-жылдын 19-майындагы N 16/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чарала-
ры жана санкциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөр-
түүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридикалык бөлүм Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкар-
малыгы менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнө-
түшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 29-февралындагы
N 9/2 токтому менен
бекитилген
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын
19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын
Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда
90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/3
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан
микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу
эскертүү чаралар жана санкциялар жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтомго карата
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын
27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 16/3 "Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата кол-
донулуучу эскертүү чаралар жана санкциялар жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-бөлүктүн 1.5. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Жобонун максаттарында төмөнкүлөр мыйзам бузуулар болуп эсеп-
телет: Микрофинансылык уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук
актыларынын жана жазма буйруктарынын талаптарын аткарылбашы, алгылыксыз
жана кооптуу банктык тажрыйбаны жүргүзүү, ошондой эле микрофинансылык
уюмдардын кызмат адамдарынын анын финансылык абалынын начарлашына алып
келген жана/же төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө коркунуч келтирген аракеттерге
же аракеттенбей коюуларга жол берүүсү".
2. 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.6-пункт менен толукталсын:
"Микрокредиттик агенттиктин (мындан ары текст боюнча "МКА") жана
микрокредиттик компаниялардын (мындан ары текст боюнча "МКК") кызмат
адамдарынан болуп алардын жетекчилери, башкы бухгалтери (башкы бухгал-
тердин кызмат орду штатта жок болгон учурда - бухгалтер), кредиттөө бо-
юнча бөлүмдүн начальниги, ошондой эле ал орган түзүлгөн болсо, Дирек-
торлор кењешинин мүчөлөрү саналышат".
3. 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 1.7-пункт менен толукталсын:
"Микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдары Улуттук банктын
микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата минималдуу ква-
лификациялык талаптар жөнүндө ченемдик укуктук актысына ылайык аныкта-
лат".
4. 2-бөлүктүн 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Бул Жободо МКА жана МКК карата колдонулуучу төмөнкүдөй эскертүү
чаралары жана санкциялар аныкталган:
- эскертүү;
- жазма буйрук;
- кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү;
- карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатуу жана сатып алуу
жана/же финансы лизинги боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруу уку-
гуна берилген лицензияны кайтарып алуу;
- каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу".
5. 2-бөлүктүн 2.2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "абалын" сөзгө
чейин "финансылык" деген сөз кошулсун;
6. Бүтүндөй текст боюнча "Төраганын орунбасары" деген сөздөр "Баш-
карма мүчөсү" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
7. 3-бөлүктүн 3.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Төмөнкү эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу боюнча че-
чимдерди кабыл алуу көзөмөл органынын начальнигинин компетенциясына ки-
рет:
- эскертүү;
- жазма буйрук;
- каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү кайтарып алуу".
8. 3-бөлүктүн 3.4-пунктунда "эскертүү" деген сөзүнүн алдындагы
"Көзөмөл органынын начальниги тарабынан кол коюлган" деген сөздөр алы-
нып салынсын;
9. 3-бөлүктүн 3.5-пунктунун биринчи абзацында "аныкталган кемчи-
ликтерди" деген сөздөрүнөн кийин "көзөмөл органынын начальниги шарабы-
нан кол коюлган" деген сөздөрү алынып салынсын, ошондой эле үчүнчү аб-
зацтагы "такталбаган" деген сөздөн кийин ", толук эмес" деген сөз ко-
шулсун;
10. 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы 3.6-пункт менен толукталсын:
"3.6. Кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү. Кызмат
адамдарына акчалай айыптык төлөм Кыргыз Республикасынын "Административ-
дик жоопкерчилик тууралуу" Кодексине жана Улуттук банктын ченемдик
укуктук актыларына ылайык салынат".
11. 3.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Лицензияны кайтарып алуу.
Карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатуу жана сатып алуу
жана/же финансы лизинги боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна
лицензияны кайтарып алуу чарасы төмөнкү учурларда колдонулат:
- ушул операцияларды жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын мый-
замдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын
бузууга жол берилсе;
- Улуттук банктын ушул операцияларга байланыштуу сунуш-көрсөтмөлө-
рү, эскертүүлөрү, нускоолору же башка талаптары сакталбаса;
- маалыматтарды бербей коюу же такталбаган, толук эмес маалымат-
тардын берилиши учурунда ".
Лицензияны кайтарып алуу чечими башка эскертүү чараларын жана сан-
кцияларды колдонбостон эле кабыл алынышы мүмкүн.
Лицензиянын кайтарылып алынышы МКА жана МККнын ишинин билдирбейт".
12. 3.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн кайтарылып алынышы МКА жа-
на МККнын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү төмөнкү учурларда кай-
тарылып алынышы ыктымал:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченем-
дик укуктук актыларынын талаптарын бузууга дайыма (эки же андан көп жо-
лу) жол берилсе;
- МКА/МКК тарабынан Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, эскертүү-
лөрү, нускоолору жана башка талаптары дайыма (эки жана андан көп жолу)
сакталбай келген болсо;
- маалыматтар дайыма (эки жана андан көп жолу) берилбесе же так-
талбаган, толук эмес маалыматтар берилип келсе;
- аз өлчөмдө кредиттерди бир жылдан ашкан мөөнөттө берүү боюнча иш
жүзөгө ашырылбаса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурлар-
да.
Күбөлүктү кайтарып алуу чечими башка эскертүү чараларын жана санк-
цияларды колдонуусуз эле кабыл алынышы мүмкүн.
- МКА жана МККнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн кайтары-
лып алынышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык
алардын жоюлушуна алып келет".
13. 3.6- жана 3.7-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 3.7- жана
3.8-пункттар деп эсептелинсин;
14. 4-бөлүктүн 4.4-пунктундагы "абалы" деген сөздүн алдына "финан-
сылык" деген сөз кошулсун, ошондой эле "түзүү" деген сөздөн кийин ".
Көзөмөл боюнча комитеттин чечиминен кийин МФКга жана/же анын Директор-
лор кењешинин айрым мүчөлөрүнө жана кызмат адамдарына акчалай айыптык
төлөм салуу" деген сөздөр алынып салынсын.
15. 4-бөлүктүн 4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Көзөмөл органынын начальниги төмөнкү эскертүү чараларын жана сан-
кцияларын колдонуу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу:
- эскертүү;
- милдеттенме катты берүү жөнүндө талап;
- жазма буйрук".
16. 4-бөлүктүн 4.6-пунктундагы "эскертүү" деген сөзүнүн алдындагы
"көзөмөл органынын начальниги кол койгон" деген сөздөр алынып салынсын;
17. 4-бөлүктүн 4.7-пунктундагы акыркы сүйлөм алынып салынсын;
18. 4.9-пункт 4.8-пункт деп, ал эми 4.8-пункт 4.9-пункт деп эсеп-
телинсин;
19. 4-бөлүктүн 4.9-пунктунун биринчи абзацындагы "боюнча" деген
сөздөн кийин "көзөмөл органынын начальниги тарабынан кол коюлган" деген
сөздөр алынып салынсын, ошондой эле үчүнчү абзацтагы "такталбаган" де-
ген сөздөн кийин ", толук эмес" деген сөздөр кошулсун;
20. 4-бөлүктүн 4.13- жана 4.14-пункттарынын экинчи абзацтарындагы
"Көзөмөл боюнча" сөзүнөн кийин "комитеттин" сөзү "комитет" сөзүнө ал-
маштырылсын жана "чечими кабыл алынгандан кийин, Улуттук банктын Төра-
гасынын орунбасары" сөздөрү алынып салынсын. Ошондой эле, 4.14-пунктун
экинчи абзацындагы "белгиленген эмгек акынын жыйырма минималдуу өлчөмү-
нө" сөздөр "белгиленген жыйырма эсептик көрсөткүчтөргө" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
21. 4-бөлүктүн 4.15-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин:
"МФКнын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап.
Улуттук банк төмөнкү учурларда МФКнын кызмат адамдарынын ыйгарым укук-
тарынын токтотулушун талап кылууга укуктуу:
- мыйзам бузууларга жол берүү же алгылыксыз банктык тажрыйба ката-
ры мүнөздөлгөн ишке тартылуу (1-тиркеме);
- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык
талаптарга ылайык келбөө;
- маалыматтарды бербей коюу же такталбаган, толук эмес маалымат-
тардын берилиши;
- аманатчылардын каражаттарынын жоготууга учуроосу жана МФКнын фи-
нансылык туруктуулугуна доо кетирүү тобокелдигине алып келген аракет-
терге жол берүү;
- Улуттук банктын талаптарын жана эскертүүлөрүн аткарбай коюу;
- банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук акты-
ларында каралган башка учурларда.
Эгерде көзөмөл органы тарабынан берилген маалымат Комитетти мыйзам
бузууларга жол берилгендигине ынандыра алса, Көзөмөл боюнча комитет
МФКнын кызмат адамдарын ээлеген ордунан четтетүү же болбосо убактылуу
бошотуу тууралуу талабы камтылган жазма буйрук жөнөтөт".
22. 4-бөлүктүн 4.17-пунктунун акыркы абзацындагы "аткарууга" деген
сөз "аткаруу учурунда жол берилген мыйзам бузууларга" деген сөздөрү ме-
нен алмаштырылсын;
23. 5-бөлүктүн 5.4-пунктунун акыркы сүйлөмүндөгү "Отурум" деген
сөздөн кийин "өткөрүлгөн" сөзү "өткөрүүнүн күнү белгиленгенден" сөздөрү
менен алмаштырылсын;
24. 5-бөлүктүн 5.5-пунктундагы "макул эместик алынгандан кийинки"
сөздөрү алынып салынсын;
25. 5-бөлүктүн 5.6-пункту алынып салынсын;
26. Жобо төмөнкү мазмундагы 1-тиркеме менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы тарабынан микрофинансылык
уюмдарга карата колдонулуучу
эскертүү чаралары жана санкциялар
жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме
Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага алып келиши мүмкүн бол-
гон аракеттердин белгилери:
1. Активдер жана баланстан тышкары милдеттенмелер боюнча потенци-
алдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш болбо-
гон камды (резервди) түзүү.
2. Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына жана Улуттук
банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, эсепке алууну жүргүзүүгө
жөндөмсүздүк.
3. Шектүү операциялардын жана/же терроризмди каржылоого жана кыл-
мыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого ("адалдоого") каршы
аракеттер боюнча мыйзамдарды бузуунун критерийлерине туура келген опе-
рацияларды жүзөгө ашыруу.
4. Ишти тиешелүү дењгээлде жөнгө салынган ички контролдуксуз жүзө-
гө ашыруу.
5. Шайкеш ички аудиттин жоктугу.
6. Улуттук банктын талаптарын бузуу менен инсайдерлер жана аффи-
лирленген жактар менен операцияларды ишке ашыруу.
7. Ал иштерди жүзөгө ашыруу үчүн МФКда квалификациялуу жана таж-
рыйбалуу кызматкерлердин жоктугу учурунда алардын жүргүзүлүшү.
8. Тиешелүү саясаттардын жана/же жол-жоболордун жоктугу шартында
иш жүргүзүү же алар иш чөйрөсүнө жана МФКда орун алган тобокелдик дењ-
гээлине жооп бербейт.
9. МФКнын же кайсы бир башка финансы-кредит мекемесинин алдында өз
милдеттенмелерин аткарбаган карыз алуучуларга кредит берүү же болбосо
финансылык абалы туруксуз болгон карыз алуучуларга жана бир нече ирет
пролонгациялоо менен кредиттердин берилиши.
10. Улуттук банкка отчеттордун өз учурунда берилбеши, жана толук
эмес жана такталбаган отчеттордун берилиши".
11. Башкаруу органынын жана кызмат адамдарынын алгылыксыз, кооптуу
банктык тажрыйбаны жана мыйзам бузууларды четтетүү максатында адекват-
туу жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү.
12. Алдамчылыкка баруу, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайда-
лануу же ушундай эле башка алгылыксыз аракеттерге жол берүү".