Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 25-апрелиндекаттоодон өткөн. Каттоо номери 31-08 Бишкек шаары 2008-жылдын 25-апрели N 18/3 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Респуб-ликасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемеле-ринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын бе-китүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоолорду карап көрүп, Кыр-гыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мый-замынын 7 жана 43-статьяларына, Улуттук банк Башкармасы тарабынан2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодонөткөртүлгөн N 32/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында ис-лам каржылоо принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагындажүзөгө ашыруу жөнүндө" жобого таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улут-тук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Респуб-ликасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемеле-ринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын беки-түү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) беки-тилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана"Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жа-на каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун талабынжүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартиптежөнөтсүн. 4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартыпкүчүнө кирет. 5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзагажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы төрагасы Алапаев М.О. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 25-апрелинде N 18/3 токтому менен бекитилген Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго толуктоолор 1. Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы(пилоттук) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына"(Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабыл алын-ган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлун-да 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 токтому менен бекитил-ген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањыредакциясына карата 2-тиркеме) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 20000 "Эсептешүү (утурумдук) эсептер жана кардарлардын талап боюн-ча төлөнүүчү депозиттери" эсептер тобу төмөнкү эсептер менен толуктал-сын: "20037 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резидент эместер- дин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 20038 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резиденттердин та- лап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)". 20200 "Жеке адамдардын депозиттери" эсептер тобу төмөнкү эсептерменен толукталсын: "20223 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 20224 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резиденттердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери)". 21000 "Төлөөгө каралган пайыздар" эсептер тобу төмөнкү эсеп менентолукталсын: "21055 Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү төлөөгө каралган, чегерилген сыйакылар боюнча чыгашалар". 61100 "Ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардан кирешелер"эсептер тобу төмөнкү эсептер менен толукталсын: "61108 Вади"а Йад Амана операциялары боюнча кирешелер 61109 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелер". 70000 "Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" эсептер тобу төмөнкүэсептер менен толукталсын: "70031 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар 70032 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашалар". 2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-майында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 токтом мененбекитилген Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча ал-гачкы (пилоттук) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсыүчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финан-сы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жањыредакциясына карата 2.1-тиркемеге төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 20000 "Эсептешүү (утурумдук) эсептер жана кардарлардын талап боюн-ча төлөнүүчү депозиттери" эсептер тобунун түшүндүрмөсү төмөнкү мазмун-дагы абзацтар менен толукталсын: "20037 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) Бул эсепте юридикалык жактардын - Кыргыз Республикасынын резидентэместеринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнчатөлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдогоээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурдаэсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурдаэсеп дебеттелет". "20038 Вади"а Йад Дамана (юридикалык жактардын - резиденттердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) Бул эсепте юридикалык жактардын - Кыргыз Республикасынын резидент-теринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнчатөлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдогоээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурдаэсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурдаэсеп дебеттелет". 20200 "Жеке адамдардын депозиттери" эсептер тобунун түшүндүрмөсүтөмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "20223 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери). Бул эсепте жеке адамдардын - Кыргыз Республикасынын резидент эмес-теринин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнчатөлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдогоээ болууга тийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурдаэсеп кредиттелет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурдаэсеп дебеттелет". "20224 Вади"а Йад Дамана (жеке адамдардын - резиденттердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) Бул эсепте жеке адамдардын - Кыргыз Республикасынын резиденттери-нин Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү талап боюнча төлөнүүчүпайызсыз каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болуугатийиш. Акча каражаттары чегерилген (келип түшкөн) учурда эсеп кредитте-лет. Акча каражаттары алынып салынган (алынган) учурда эсеп дебетте-лет". 21000 "Төлөөгө каралган пайыздар" эсептер тобунун түшүндүрмөсүтөмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "21055 Вади"а Йад Дамана операцияларына тиешелүү төлөөгө каралган, чегерилген сыйакылар боюнча чыгашалар Бул эсепте кардарга Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча төлөөгөкаралган, кардарларга сыйакылардын суммасы эсепке алынат. Эсеп кредит-тик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар суммасы чегерилген учурда эсепкредиттелет. Чыгашалар суммасы төлөнгөн учурда эсеп дебеттелет". 61100 "Ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларга тиешелүүкирешелер" эсептер тобунун түшүндүрмөсү төмөнкү мазмундагы абзацтар ме-нен толукталсын: "61108 Вади"а Йад Амана операциялары боюнча кирешелер Бул эсепте Вади"а Йад Амана операциялары боюнча банктын кирешелериэсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше алынганучурда эсеп кредиттелет. Чыгымга жол берилген шартта эсеп дебеттелет". "61109 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелер Бул эсептебанктын Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат.Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Киреше алынган учурда эсепкредиттелет. Чыгымга жол берилген шартта эсеп дебеттелет". 70000 "Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" эсептер тобунунтүшүндүрмөсү төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "70031 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар Бул эсепте банктын Мудараба операциялары боюнча чыгашалары эсепкеалынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгаша келип чыккандаэсеп дебеттелет. Эсеп жабылган учурда ал кредиттелет". "70032 Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашалар Бул эсепте банктын Вади"а Йад Дамана операциялары боюнча чыгашала-ры эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгаша келипчыкканда эсеп дебеттелет. Эсеп жабылган учурда ал кредиттелет".