КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУКыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 52-08 Бишкек шаары2008-жылдын 8-майы № 151 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ "Аба жана жер операцияларда колдонууга жаткан бирдик ченемдер" (КРАЭ-5) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 2-беренесине ылайык буйруккылам: 1. "Аба жана жер операцияларда колдонууга жаткан бирдик ченемдер"(КРАЭ-5) аттуу Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери бекитилсин. 2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамле-кеттик каттоодон өтүүгө жиберилсин. 3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде каттал-ган жана расмий жарыяланган күндөн кийин күчүнө кириши белгиленсин. 4. Бул буйруктун расмий жарыялангандыгы жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Адилет министрлигине билдирүү жиберилсин. 5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басарыА.Маматалиевге жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулайманов