Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
4-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 67-08.
Бишкек шаары
2008-жылдын 28-майы № 22/11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү
жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу
Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган Кыргыз
Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежелери-
нин долбоорун карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө
ашыруу боюнча эреже (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте
бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын
Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып
күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Респуб-
ликасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын областтык башкарма-
лыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев