Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 10-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 71-08 Бишкек шаары 2008-жылдын 10-июну № 24/2 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аларды кароого алуу тартиби жөнүндө" жобо тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Депозиттерди кор-гоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук банкы тарабынан аларды кароого алуу тартибижөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "КыргызРеспубликасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банк-тар жана банк иши жөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоожөнүндө" мыйзамдарга таянуу менен токтом кылат: 1. Кароого сунушталган "Депозиттерди коргоо системасына катышуугабанктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкытарабынан аларды кароого алуу тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бе-китилсин. 2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартиптежөнөтүшсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзагажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 10-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 71-08 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-июнундагы № 24/2 токтому менен бекитилген "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аны кароо тартиби жөнүндө" ЖОБО Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишижөнүндө", "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамда-рына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) депозиттерди коргоо систе-масына катышууга банктын билдирме берүү жана Улуттук банктын аны кароо-го алуу тартиби, ошондой эле тиешелүү банктын депозиттерди коргоо сис-темасына катышуусу үчүн талаптарга ылайык келүүсү (ылайык келбөөсү)жөнүндө Улуттук банктын чечим кабыл алуу тартиби белгиленет. I. Жалпы жоболор 1.1. Улуттук банк тарабынан убактылуу администрация же консервацияжол-жобосун киргизүү сыяктуу таасир этүү чаралары колдонулган банктардыэске албаганда, депозиттерди тартууга Улуттук банк тарабынан берилгенлицензияга ээ банк, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки үч айдан ашпаган мөөнөттө, депозит-терди коргоо системасына өтүүгө билдирмени (мындан ары - билдирме)Улуттук банкка берүүгө тийиш. Билдирмеге банктын аткаруу органынын же-текчиси кол коет жана ага Директорлор кењешинин депозиттерди коргоосистемасына өтүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү жана банк тарабынан КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген бардык ченемдер жана талаптараткарылгандыгы тууралуу маалымат кошо тиркелип берилүүгө тийиш. 1.2. Депозиттерди коргоо системасына өтүү үчүн банк Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында белгиленген бардык милдеттүү ченемдерди жанаталаптарды аткарууга тийиш. Билдирме ушул жобого карата 1-тиркемедекелтирилген форма боюнча берилет. 1.3. Берилген маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилик банктын Ди-ректорлор кењешине жүктөлөт. 1.4. Такталбаган маалыматтар берилген учурда, Улуттук банк КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык банкка карата таасир этүү чараларынкөрүүгө укуктуу. 1.5. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченем-дерге жана талаптарга ылайык келбей калган учурда билдирме, депозиттер-ди коргоо системасын катышуу үчүн талаптарды аткаруу боюнча тиешелүүмөөнөттөрү так көрсөтүлгөн, банктын Директорлор кењеши тарабынан беки-тилген, ырааттуу иш-аракеттер планы менен кошо берилүүгө тийиш. 1.6. Келип түшкөн билдирмелер Улуттук банкта белгиленген тартиптекатталат. 1.7. Улуттук банк депозиттерди коргоо системасына өтүү үчүн банк-тын мыйзам талаптарына ылайык келүүсү/ылайык келбөөсү жөнүндө чечимди,билдирме келип түшкөндөн кийинки 12 айдан ашпаган мөөнөттө кабыл алат. 1.8. Улуттук банк билдирмелерди кароо мөөнөтүн 6 айга чейин узар-тышы ыктымал. Эгерде банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындабелгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк мыйзам талаптарын ат-каруу жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоого өз ниетин чагылдырууменен иш-аракеттердин жањы планын банктан талап кылышы мүмкүн, ал эмибанктын Директорлор кењеши аны сунуш кылууга милдеттүү. 1.9. Улуттук банк банктан келип түшкөн билдирмени "Банктык аманат-тарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамдын 20-статьясына, ошондойэле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптаргаылайык кароого алат. 1.10. Жањыдан түзүлүп жаткан банктар депозиттерди коргоо система-сына катышууга Улуттук банкка билдирмени, банктык лицензияны алууга до-кументтерди сунуштоо менен бир эле учурда берүүгө тийиш. Жањыдантүзүлүп жаткан банктар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишижөнүндө" мыйзам талаптарын, Улуттук банктын банк ишин жүзөгө ашыруугалицензия алуу үчүн белгиленген талаптарын аткарган шартта гана, депо-зиттерди коргоо системасына кабыл алынат. 1.11. Жањыдан түзүлгөн банктар банк ишин жүргүзүүгө Улуттук банк-тан лицензия алып жана Улуттук банктагы Депозиттерди коргоо фондусунунэсебине "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамдабелгиленген мүчөлүк төлөмдү которгондон кийин гана, депозиттер система-сына кабыл алынган болуп эсептелет. 1.12. Жањыдан түзүлгөн банктар Депозиттерди коргоо фондусуна ус-тавдык капиталдын бир пайызы суммасында мүчөлүк төлөм салууга тийиш.Мүчөлүк төлөм Кыргыз Республикасында банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияалган учурдан кийинки отуз календардык күн ичинде төлөнүүгө тийиш. 1.13. Иштеп жаткан банктар Депозиттерди коргоо фондусунатөлөмдөрдү төлөөнү Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"мыйзам күчүнө кирген учурдан кийинки чейректен тартып баштайт. II. Банк ишине алдынала анализдөөлөрдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 2.1. Банктын бардык тиешелүү талаптарга ылайык келүүсүнө алдыналаанализдөөлөрдү жүргүзүү, Улуттук банк тарабынан ушул жободо аныкталгантартипте ишке ашырылат. 2.2 Алдынала анализдөөлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тышкы көзөмөл-дүктү ишке ашыруудан улам алынган маалыматтар боюнча банктын финансылыкабалынын учурдагы көрсөткүчтөрү, рейтинг системасынын компоненттери бо-юнча текшерүүгө алынган банктын жыйынтыктоочу рейтинги жана акыркы инс-пектордук текшерүүлөрдүн натыйжасы эске алынат. 2.3. Билдирме берген учурга карата банктын ишине акыркы инспектор-дук текшерүү жүргүзүлгөндөн 6 ай өтүп жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнчабанктын абалы: - канааттандыраарлык катары бааланган болсо, анда банк ишине мак-саттуу текшерүүнү жүргүзүү зарыл; - анчалык канааттандырбаган болсо, банк ишине комплекстүү тек-шерүүнү жүргүзүү зарыл. 2.4. Эгерде банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенталаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк анын ишине планда каралбаган(максаттуу же комплекстүү) текшерүүнү жүргүзүшү мүмкүн. III. Корутунду анализдөөлөрдү жүргүзүү жана оњ же терс чечим чыгаруу 3.1. Банктын депозиттерди коргоо системасына өтүүгө берген билдир-месин канааттандыруу (канааттандырбоо) үчүн Улуттук банк банктын КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган талаптарга ылайык келүүсүнё(ылайык келбөөсүнө) анализдөөлөрдү жүргүзөт. 3.2. Банктын депозиттерди коргоо системасына өтүүсү үчүн талаптар-га ылайык келүүсү/ылайык келбөөсү жөнүндө чечим чыгаруу максатындаУлуттук банктын жоопкерчиликтүү бөлүмү тарабынан Улуттук банктын ичкижол-жоболоруна ылайык тиешелүү корутунду даярдалат. 3.3. Банктын депозиттерди коргоо системасына өтүүсү үчүн талаптар-га ылайык келүүсү/ылайык келбөөсү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасытарабынан, Улуттук банктын ички эрежелеринде белгиленген тартипте кабылалынат. 3.4. Банктын билдирмесин канааттандыруу же канааттандырбоо жөнүндөУлуттук банк Башкармасынын чечими, ал кабыл алынган күндөн кийинки 5жумуш күнүнөн кечиктирбестен, банкка жөнөтүлөт. 3.5. Банкты депозиттерди коргоо системасына кабыл алуу жөнүндө че-чим кабыл алынган шартта, Улуттук банк 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестенал тууралуу, Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке, ушул жобого карата2-тиркемеде келтирилген формада маалымдайт. IV. Улуттук банк тарабынан терс чечим кабыл алынышынын же депозиттерди коргоо системасына өтүүгө банктын билдирме бербей коюсунун кесепеттери 4.1. Банк депозиттерди коргоо системасына өтүүгө тиешелүү КыргызРеспубликасынын мыйзам талаптарын канааттандырбаса, Улуттук банк аныдепозиттерди коргоо системасына кабыл алуудан баш тартат. 4.2. Улуттук банк тарабынан банкты депозиттерди коргоо системасынакошуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, банк мындай че-чим кабыл алынган күндөн кийинки 30 күн ичинде сотко чейинки милдеттүүтартипти сактоо менен ал боюнча Улуттук банкка даттанууга укугу бар.Улуттук банк келип түшкөн арызды 30 күн ичинде кароого тийиш. 4.3. Депозиттерди коргоо системасына өтүүсүнө терс чечим чыгарыл-ган же "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамдын23-статьясында келтирилген шарттарга ылайык, банк тарабынан билдирмежана иш-аракеттер планы берилбеген учурда, Улуттук банк жеке адамдардандепозиттерди тартууга тыюу салуу менен депозиттерди коргоо системасынаөтүүгө банкка уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болгон себептердичеттетүү үчүн ага бир жылдык мөөнөт берет. 4.4. Банк Улуттук банк тарабынан жактырылууга тийиш болгон, депо-зиттерди коргоо системасына өтүүгө банкка уруксат берүүдөн баш тартуучечимин кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган себептерди четтетүү боюнчаырааттуу жазылган иш-аракеттер планын Улуттук банкка берүүгө тийиш. 4.5. Улуттук банк тыюу салууну киргизгенге чейин түзүлгөн банктыкаманат келишими, аманат салуучу тиешелүү келишимди токтотуу талабы ме-нен кайрылган учурду эске албаганда, токтотулууга тийиш эмес. Мындайкелишимдин мөөнөтү узартылбайт. 4.6. Банктык аманат келишиминин шарттарына ылайык чегерилген па-йыздарды эске албаганда, Улуттук банк тыюу салууну киргизген күндөнтартып аманат катары келип түшкөн кошумча акча каражаттар чегерилбейтжана алар аманат катары акча каражаттарын чегерүү жөнүндө өтүнүч мененкайрылган адамдарга кайтарылып берилүүгө тийиш. 4.7. Ушул бөлүктүн 4.3.-пунктуна ылайык депозиттерди тартууга тыюусалынган банктар, тыюу салуу киргизилген күндөн кийинки иш күнүнөн ке-чиктирбестен, депозитке акча каражаттарын тартууга укугу токтотулганды-гы жөнүндө маалыматты банктын кардарлар үчүн эњ эле көрүнүктүү болгон,аманатчыларды тейлөө ишке ашырылган жерлеринде жайгаштырууга тийиш. 4.8. Ушул бөлүктүн 4.5., 4.6. жана 4.7.-пункттарында көрсөтүлгөнталаптар аткарылбаган шартта, Улуттук банк аларга карата Кыргыз Респуб-ликасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Рес-публикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарында каралганчараларды жана санкцияларды колдонот. 4.9. Ушул бөлүктүн 4.3.-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөндө,банкка депозиттерди коргоо системасына өтүүсүнө уруксат берүүдөн баштартууга негиз болгон себептер банк тарабынан четтетилбесе, Улуттукбанк анын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайтарыпалат. 4.10. Эгерде ушул бөлүктүн 4.3.-пунктунда белгиленген мөөнөттөбанкка депозиттерди коргоо системасына өтүүсүнө уруксат берүүдөн баштартууга негиз болгон себептер банк тарабынан четтетилген болсо, андаУлуттук банк банктын депозиттерди коргоо системасына катышууга бергенбилдирмесин канааттандырат. 4.11. Улуттук банк зарылчылыкка жараша кошумча инспектордук тек-шерүүнү (комплекстүү сыяктуу эле, максаттуу) жүргүзүүгө укуктуу. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 10-июнунда кабыл алынган № 24/2 токтому менен бекитилген "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аны кароо тартиби жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме 1-тиркемени MS-Word форматында карањыз 20___-жылдын "___"___________________ БИЛДИРМЕ __________________________________________________________банкынын (банктын толук аталышы) (мындан ары - Банк) атынан_____________________________________________ _______________________________________________________________________ (Устав же башка документ) негизинде иш алып барган_______________________________________________ _______________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Депозиттерди коргоо системасына кабыл алууну өтүнөт. Депозиттерди кабыл алуу, жеке адамдардын банктык эсептерин ачуужана жүргүзүүнү кошо алганда, банк операцияларын жүргүзүүгө Улуттукбанк тарабынан 20_____-жылдын "___"_____________ берилген N__________лицензия Банк тарабынан 20____-жылдын "___"_____________ алынган. Банк Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди)коргоо жөнүндө" мыйзамында каралган банк-катышуучунун милдеттерин өзүнөалат. Банк реквизиттери:_______________________________________________________________________ (юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө _______________________________________________________________________ күбөлүккө ылайык банктын толук расмий аталышы) _______________________________________________________________________(юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө_______________________________________________________________________ күбөлүктүн номери жана берилген күнү)_______________________________________________________________________ (мекемелердин жана уюмдардын Жалпы классификаторунун коду)_______________________________________________________________________ (юридикалык дареги)_______________________________________________________________________ (анык жайгашкан дареги)_______________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы_______________________________________________________________________ корреспонденттик эсептин номери) _______________________________________________________________________ (банктын идентификациялык коду)_______________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн каттоо номери) _____________________ __________________ ____________________ Кызматы Колу Аты-жөнү Мөөрдүн орду Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 10-июнунда кабыл алынган № 24/2 токтому менен бекитилген "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аны кароо тартиби жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме 2-тиркемени MS-Word форматында карањыз Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке _________________ №_____________ _________________ №_____________ Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоожөнүндө" мыйзамынын 23-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улут-тук банкы Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке______________________________________________________________________________________________________________________________________________ (банктын аталышы, жайгашкан орду, мамлекеттик каттоо номери) _______________________________________________________________________Депозиттерди коргоо системасына катышуу үчүн белгиленген талаптаргаылайык келгендиги тууралуу чечим чыгарылгандыгын билдирет. Улуттук банктын Төрагасы ________________