Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын25-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 82-08 Бишкек шаары2008-жылдын 27-июну № 25/7 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "КыргызРеспубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башкафинансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптаржөнүндө" жобо тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карапкөрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыжөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "КыргызРеспубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башкафинансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптаржөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жобонун кириш сөзүндөгү "Эсептешүү-Сактык компаниясы, Кыргызайылчарба финансы корпорациясы" деген сөздөр алынып салынсын; - жобонун 3.8.1-пунктунун алтынчы абзацындагы "жана кызматкөрсөтүүлөрдүн наркы" деген сөздөр алынып салынсын. - жобонун 3.8.1-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакциядагысүйлөм менен толукталсын: "Банк тарабынан тышкы аудитор дайындалган учурда, тандоо тышкы ау-дитордун кызмат көрсөтүүсүнө сарптоолорду минимумга жеткирүү көзкарашыменен гана чектелбестен, аныкталууга тийиш". 2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартиптежөнөтүшсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзагажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев