Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-сентябрда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 104-08 Бишкек шаары2008-жылдын 30-июлу № 30/6 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр-дү өткөрүү эрежелерин карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынатаянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кы-лат: 1. Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөм-дөрдү өткөрүү эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин. 2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бир-дикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республи-касынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерция-лык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткенобластындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-сентябрда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 104-08 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-июлунда № 30/6 токтому менен бекитилген Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелер (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Респуб-ликасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республи-касынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жанабанк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр жөнүндө", "Электрондук цифра-лык колтамгалар жөнүндө" мыйзамдарына жана төлөм системалары боюнчабашка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан, маселен: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому мененбекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобо; - Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алын-ган жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 37/8 токтому мененбекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдуктөлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобо; - Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августунда кабыл алын-ган жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-ок-тябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 38/11 токтому менен бе-китилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчүтөлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартибижөнүндө" нускоо (мындан ары ПКС жөнүндө нускоо); - Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынганжана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 3-сентяб-рында 82-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/5 токтому менен беки-тилген "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө" нускоо; - Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынганжана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 23-мар-тында 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында май-да чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынынэлектрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын тол-туруу эрежелери (мындан ары форматтарды толтуруунун эрежелери). 1.2. Эрежелерде "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурум-дук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында (мындан ары Система) тикедебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жагындагы негизги түшүнүктөржана тартип, төлөөчүнүн, банк төлөөчүнүн, алуучунун, банк алуучунун(мындан ары бирге кароодо - катышуучулардын) жана Системанын өзара ма-милелери жана милдеттенмелери келтирилген. Тике дебеттөө төлөмдөрү бо-юнча кызмат көрсөтүүчү коммерциялык банктардын тизмеси Улуттук банктынсайтында жайгаштырылат. 1.3. Бул эрежелерде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар1.1-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик актыларда келтирилген терминдерге жанааныктамаларга дал келет. 1.4. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар кошумчапайдаланылат: - Тике дебеттөө формасындагы төлөмгө тескеме (мындан ары тескеме)- банк-төлөөчүдө төлөөчүнүн банктык эсебине карата тике дебеттөө форма-сындагы тапшырманы алуучунун берүүсү аркылуу кызмат көрсөтүүлөргө төлөөүчүн алуучуга төлөөчүнүн алдынала макулдук берүүсү. Тескеме кызмат көр-сөтүүлөрдү керектөөчү менен аны сунуштоочунун ортосунда түзүлө турганкызмат көрсөтүү келишиминин чегинде таризделиши мүмкүн. Тескеме кагаздатаризделип, расмий документ болуп саналат; - төлөөчү - товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, иштер үчүн төлөмдөрдүбанк-төлөөчүдө ачылган өзүнүн банктык эсебинен преавторизациялык тикедебеттөө жолу менен жүзөгө ашыруучу жеке адам же юридикалык жак; - алуучу - кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү, соци-алдык, бюджеттик жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүдөн алынган тес-кеменин негизинде преавторизациялык тике дебеттөө формасын пайдаланууменен кызмат көрсөтүүлөрдү жана жыйноону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак(уюм); - банк-алуучу - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жө-нүндө алуучу менен макулдашма (келишим) түзгөн акча каражаттарын алуу-чунун банкы; - банк-төлөөчү - аталган алуучудан тике дебеттөө формасындагы тө-лөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө төлөөчүнүн банкэсебинен акча каражаттарын алып салуу аркылуу тике дебеттөө формасындатөлөмдөрдү өткөрүү жөнүндө төлөөчү менен макулдашма (келишим) түзгөнтөлөөчүнүн эсеби ачылган банк. 1.5. Тескеменин негизинде төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдөрдү өткөрүү процессинин максималдуу мезгил аралыгы 5(беш) клиринг күнүн түзөт. Бул мезгил "аралыгы тике дебеттөө формасын-дагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин берген күндөн иштеп чыгуукүнүнө чейинки 3 (үч) клиринг күнүн жана тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери боюнча иштеп чыгуу күнүнөнэсептешүү күнүнө чейинки 2 (эки) клиринг күнүн камтыйт. 1.6. Системада тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуудатөмөнкүдөй күндөр караштырат: - берүү күнү - банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүөткөрүүгө төлөм документтерин жөнөткөн күн. Бул күн төлөм документтериСистемага келип түшөөрү менен аларга дароо ыйгарылат (аларда белгиле-нет). Берүү күнү иштеп чыгуу күнүнө дал келиши жана/же андан 3 (үч)клиринг күнүнөн көп болбогон күнгө мурдараак болушу да мүмкүн; - иштеп чыгуу күнү - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүтөлөм документтери алдынала таза позицияларды эсептөөгө камтылган күн; - эсептешүү күнү - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгөтөлөм документтери боюнча акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн күн. Эсептешүүкүнү Системага тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөмдокументтери келип түшөрү менен дароо белгиленет жана иштеп чыгуукүнүнөн 2 (эки) клирингдик күнгө артта калган күндү түзөт. 1.7. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча кызматкөрсөтүүлөрдү алууда жана сунуштоодо катышуучулар ушул Эрежелердин жо-болорунун ар бир катышуучунун милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин ка-раган талаптарды сактоого милдеттүү. 2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү процессинин негизги этаптары 2.1 Алуучу тарабынан электрондук ведомостту даярдоосу 2.1.1. Алуучу төлөөчүнүн банк эсебин тике дебеттөө формасындагытөлөмдөргө электрондук ведомостту, ПКС жөнүндөгү нускоого ылайык, Excelже Dbf форматтарында тариздейт жана аны банк-алуучуга колдонуудагы бай-ланыш каналдары жана тышкы алып жүрүүчү каражаттар (дискеттер, флеш, CDж.б.) аркылуу өткөрүп берет. 2.1.2. Алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө электрондукведомосттогу маалыматтардын тууралыгы жана аны өз убагында түзүп,банк-алуучуга берүү үчүн жооптуу болот. 2.1.3. Эгерде алуучу электрондук ведомостко төлөөчүнүн банктыкэсебинен төлөнө турган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүн суммасыналуучунун айынан ката көрсөтүп койсо, алуучу бул тууралуу банк-алуучугабанк-алуучу төлөмдү кайтарып алуусу/жок кылуусу үчүн маалымдайт, аныСистема клиринг күнүнүн регламентине ылайык берген күндөн иштеп чыгуукүнүнө чейинки мезгилде кабыл алат. 2.1.4. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн банк-алуучунун баш тар-ткандыгы билингенде алуучу себептерин териштирип, өзалдынча жана/же тө-лөөчү менен төмөнкүдөй чечим кабыл алат: төлөөчүнүн реквизиттеринин оњ-долушу менен кайрадан төлөмдү демилгелөөгө жана/же башка чечим (төлөө-чүнүн макулдугу боюнча). 2.1.5. электрондук ведомосттогу маалымат алуучу тарабынан туураэмес көрсөтүлгөндүгүнүн натыйжасында тике дебеттөө формасындагы төлөм-дүн туура эмес суммасын төлөөчүнүн банктык эсебинен төлөмдөр которулупкеткен учурда алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгөэлектрондук ведомостту даярдоодо төлөмдөрдүн суммасын кийинки календар-дык ай үчүн кайрадан эсептейт. 2.2. Алуучу банктын электрондук ведомостту туура толтурушун иштепчыгуусу жана текшерүүсү. 2.2.1. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө берилгенэлектрондук ведомостто төлөмдөрдүн реквизиттерин текшерет жана Система-нын форматтарына ылайык электрондук төлөм документтеринин (мындан арыЭТД) файлдарын түзүп, Системага ЭТДны 3төн (үч) эрте болбогон клирингкүнү жана иштеп чыга турган күндөн кечиктирбестен өткөрүп берет. 2.2.2. Туура эмес толтурулган учурда электрондук ведомостьбанк-алуучуга оњдоо үчүн кайтарылып берилет. Алуучу оњдоолорду киргиз-генден кийин тиешелүү форматтагы электрондук ведомостту кайрадан түзүп,банк-алуучуга жөнөтөт. 2.2.3. Банк-алуучу "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүн-дө" нускоого ылайык, тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгөтөлөм документтерин түзүп, Системага клиринг күнүнүн регламентине ылай-ык жөнөтөт. 2.2.4. Банк-алуучу ката таап калса, клиринг күнүнүн регламентинежана Системанын форматтарына ылайык, Системага мурда берилген пакеттиже өзүнчө төлөмдү жок кылуу аркылуу төлөмдү кайтарып алат/жок кылат.Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө катасы бар электрондуктөлөм документтерин кайтарып алуу "Алмаштыруу мезгили" аяктай электе,төлөм иштелип жаткан күнү жүзөгө ашырылат. Тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин өз убагында кайтарып алуу/жоккылуу үчүн банк-алуучу жооптуу болот. 2.3. Электрондук төлөм документтерин Система тарабынан иштеп чыгы-шы, төлөмдөрү менен файлдарды банк-төлөөчүгө жана банк-алуучуга өткөрүпберүү. 2.3.1. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрү менен файлдар-ды Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык келе тургандыгы, төлөөчү ка-ра тизмеде ("Вlаск List") бар же жок экендиги боюнча текшерет. Эгердетөлөөчү кара тизмеде ("Вlаск List") болсо, Система банк-алуучуга жанабанк-төлөөчүгө тиешелүү кабар берет. Эгерде банк-төлөөчү төлөөчүнүнэсебиндеги каражаттардын жетишсиздигинен улам тике дебеттөө формасында-гы төлөмдөн 3 (үч) ирет баш тарткан болсо кара тизмеге ("Вlаск List"камтылат. Эгерде банк төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткө-рүүгө төлөм документтерин төлөсө жана ал боюнча эсептешүү жүргүзүлсө,төлөөчү кара тизмеден ("Вlаск List") чыгарылат. 2.3.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө катасы бар тө-лөм документтерин Система аларды иштеп чыгуунун натыйжасы тууралуу тие-шелүү билдирүүнүн банк алуучуга жөнөтүү менен алып салат. 2.3.3. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөмдокументтеринин файлдарын текшерүүдөн кийин аларды иштеп чыгууга чейин-ки күнгө чейин сактайт. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлдарын банк-төлөөчү-гө жөнөтөт. 2.3.4 Банк-алуучу тарабынан тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өт-көрүүгө төлөм документтерин кайтарып алууда/жок кылууда Системабанк-алуучуга тиешелүү маалыматты жөнөтөт. 2.4. Төлөмдөрү менен файлдарды иштеп чыгуу күнүндө иштеп чыгуу. 2.4.1. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдүөткөрүүгө төлөм документтеринин файлдарын банк-төлөөчүгө жөнөтөт. 2.4.2. Банк-төлөөчү иштеп чыгуу күнү Системадан тике дебеттөө фор-масындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлын кабыл алат жа-на анда көрсөтүлгөн реквизиттердин тууралыгын жана төлөөчүнүн банк эсе-бинде акча каражаттарынын бар экендигин текшерет. 2.4.3. Көрсөтүлгөн реквизиттер туура эмес болсо банк-төлөөчү Сис-тема аркылуу төлөөчүнүн банк эсебине карата коюлган тике дебеттөө фор-масындагы төлөмдөн баш тартууну билдирген тиешелүү форматтын файлын тү-зөт. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартылган документтер кли-ринг күнүнүн регламентине ылайык банк-төлөөчү тарабынан Системага тө-лөмдү иштеп чыгуу күнүнөн тартып эсептешүү күнү кошо алынган күнгө чей-инки мезгил ичинде жөнөтүлөт. 2.4.4. Банк төлөөчүдөн келип түшкөн тике дебеттөө формасындагытөлөмдү өткөрүүгө баш тартылган төлөм документтери Системада иштелипчыгат жана банк-алуучуга тиешелүү кабар берилет. 2.4.5. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүдөн баш тартуугатөлөм документтерин туура жана өз убагында түзүү үчүн банк төлөөчүжооптуу болот. 2.4.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм докумен-ттери иштеп чыккан күндөн баштап келечектеги төлөмдөр жөнүндө маалымдоомаксатында банк-төлөөчүнүн алдынала таза позицияларын эсептөөгө камты-лат. 2.5. Төлөмдөр менен файлдарды эсептешүү күнү иштеп чыгуу 2.5.1. Система эсептешүү күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр-дү жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөөгө камтыйт жана банк-алуучугажана банк-төлөөчүгө алардын пакеттеринин, төлөм жүгүртмөлөрүнүн тазапозицияларынын статусу тууралуу маалыматты жөнөтөт. 2.5.2. Банк-төлөөчү төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарыналат жана Системадан алынган тике дебеттөө формасындагы төлөмдүн неги-зинде төлөм тапшырмасын белгиленген форматта, төлөөчүнүн банк эсебиненакча каражаттарын алып салуунун негизи катары басып чыгарат. 2.5.3. Банк-алуучу Системадан алынган маалыматтын негизинде алуу-чунун банк эсебине каражаттарды чегерет жана алуучуга тике дебеттөөформасындагы төлөм боюнча каражаттарды чегергендиги тууралуу документ-тин көчүрмөсүн жөнөтөт. Эгерде төлөм документтери банк-алуучу мененбанк-төлөөчүнүн ортосунда электрондук түрдө жүзөгө ашырылса, банк алуу-чу системадан алынган ЭТД файлдарынын негизинде электрондук билдирүүнүтүзүп, алуучуга берет. 2.5.4. Алуучу анын банк эсебине келип түшкөн тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдөр жөнүндө алынган маалыматтын (электрондук түрдө же ка-газ жүзүндө) негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тө-лөөчүлөр (абоненттер) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жөнүндө маа-лыматты эсепке алып, сактайт. 3. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө Системанын жана алуучунун өзара мамилелери 3.1. Улуттук банк тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүүчүн Системада алуучуну Системанын суб-катышуучусунун сейрек номе-рин-кодун ыйгаруу жолу менен каттоодон өткөрөт. Каттоодон өткөрүлгөндөнкийин алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм до-кументтерин демилгелөөгө жана Системага банк-алуучу аркылуу жөнөтүүгөыйгарым укуктуу болот. 3.2. Системада алуучуну каттоодон өткөрүү тике дебеттөө формасын-дагы төлөмдөрдү өткөрүүгө кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу тууралуу банкалуучу менен алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде банкалуучунун суроо-талабы менен ишке ашырылат. 3.3. Системада маалымат китепчеси ачылып, анда алуучунун ар бирэсеби боюнча суб-катышуучунун тиешелүү коду ыйгарылат. Тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү алуучунун ар бири үчүн Системада маалымат ки-тепчеси ачылып, андан Системанын бардык коммерциялык банк-катышуучуларыпайдалана алышат. 3.4. Алуучу жана банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдүөткөрүүгө төлөм документтеринде суб-катышуучулардын коддорунун барэкендиги жана тууралыгы үчүн жооптуу болот. Суб-катышуучунун коддорунунбар экендиги жана тууралыгы Системада текшерилет жана анын коддорунунжок болсо жана/же Системада катталган анын эсебине дал келбей калса ти-ке дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документин Система ка-был албай, банк алуучуга кайтарып берет. 3.5. Улуттук банк Системада катталган жана суб-катышуучусунун ко-дуна ээ болгон алуучулардын тизмесин түзөт, ал Улуттук банктын мез-гил-мезгили менен чыгуучу расмий басылмасында жарыяланат. 4. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө төлөөчүнүн жана алуучунун өзара мамилелери 4.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен кыз-мат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн төлөөчү ушул Эрежелердин ажырагыс бөлүгүболуп саналган 1-тиркемеге ылайык Тескемени тариздейт жана аны банк тө-лөөчүдө тастыктайт. Тескеменин түп нускасы алуучуга жөнөтүлүп, анын кө-чүрмөсү төлөөчүдө сакталат. 4.2. Бере турган Тескемеде алуучу төлөөчү төлөө жөнүндө алдыналабилдирүүнүн (счет-квитанция) мөөнөтүн, анын банк эсебине тике дебеттөөформасындагы төлөмгө төлөм тапшырмаларын берүүнүн мөөнөтүн бир төлөмдүнмаксималдуу суммасын жана ошол Тескеменин төлөөчү каалагандай коө алатурган аракеттенүү мөөнөтүн көрсөтөт. Тескеменин аракеттенүүсүнүн бел-гилүү мөөнөтү көрсөтүлбөсө, мындай Тескеме мөөнөтсүз болуп эсептелетжана анын аракети төлөөчүнүн алуучуга Тескеменин аракетин токтотуугаэркин формада жазылган арызы менен токтотулушу мүмкүн. Тескеменин ара-кетин токтотууга берилген арыз алуучу алган учурдан тартып колдонулат. 4.3. Эгерде төлөөчү башка абонентке берилген кызмат көрсөтүүлөргөтике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен төлөө ниетинде(төлөөчү жана абонент ар кандай жактар болуп саналышат) болсо, андаТескемеде абоненттин толук реквизиттери көрсөтүлөт, ал эми ага кызматкөрсөтүүлөр үчүн төлөө төлөөчүнүн эсебинен тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү. өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында алуучу тиешелүү доку-менттердин тизмеги жана аларды тариздөөнүн тартиби боюнча кошумча шарт-тарды белгилөөгө укуктуу. Мындай кошумча шарттар тууралуу абоненттергемаалыматты алуучу билдирет. 4.4. Төлөөчүнүн тиешелүү түрдө таризделген жана банк төлөөчү тара-бынан тастыкталган тескемеси алуучуга жөнөтүлөт жана алуучу алган учур-дан тартып колдонулат. 4.5. Алуучу менен төлөөчүнүн (абоненттин) ортосунда кызмат көрсө-түүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимге ылайык алуучу төлөөчүгө жүзөгөашырылган кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн счет-квитанцияны ушул келишименен белгиленген мөөнөттө жөнөтөт. 4.6. Банктык реквизиттер өзгөргөндө, төлөөчү тиешелүү түрдөгү жањыТескемени (1-тиркеме) тариздейт жана алуучуга берет. Алуучу бул Теске-мени кабыл алат жана анда көрсөтүлгөн жањы реквизиттерди алган учурданбаштап колдонот. 4.7. Эгерде алуучу жана/же төлөөчү кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүтике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен жүзөгө ашыруу-ну токтотуу чечимин кабыл алса, анда алуучу/төлөөчү мында төлөмдү ток-тотуу жөнүндө расмий билдирүү катын/арызды бир календардык айдан (30күн) кечиктирбестен жөнөтөт. Мында төлөөчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө тө-лөөнү тике дебетте формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен жүзөгөашырууну токтотуу тууралуу алуучуга жөнөткөн арызынын көчүрмөсү банктөлөөчүгө берилет. Арыздын көчүрмөсүнүн банк төлөөчү тарабынан алынышытөлөөчүнүн банк эсебинен тике дебетте формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгөтөлөм документин 30 күн бүткөнгө чейин төлөөдөн баш тартууга негиз бо-луп саналат. 4.8. Төлөөчүнүн жана алуучунун ортосундагы талаш-тартыштарды че-чүүнүн тартиби жана ыкмалары алардын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдү су-нуштоо тууралуу түзүлгөн келишим менен белгиленет. Талаш-тартыштар та-раптардын сүйлөшүүлөрү менен чечилбесе, пикир келишпестиктерди соткочейин жөнгө салуунун мыйзамдарда каралган жол-жоболору сакталганданкийин, алар Кыргыз Республикасынын сот органдарынын кароосуна берилет. 5. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө алуучунун жана банк-алуучунун өзара мамилелери 5.1. Алуучу жана банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүөткөрүү шарттарын алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунунбанк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимде жана/же ага карата тикедебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоонун шарттары жагында толуктоо менен аныкташат. 5.2. Алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунун банк эсебиначуу жана тейлөө тууралуу келишимде аныктала турган негизги маселелержана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнчакызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун шарттары жагында толуктоо болуп төмөн-дөгүлөр саналат: - эсептешүүгө чейинки күндөрдүн минималдуу саны, ага электрондукведомость алуучу тарабынан банк-алуучуга жөнөтүлүүгө тийиш; - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документ-терин системага банк-алуучу тарабынан жөнөтүү тууралуу алуучунунбилдирүүсү/маалыматы; - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө бардык төлөм до-кументтерин Система тарабынан кабыл алынышы жана банк төлөөчүгө өткөрү-лүп берилиши тууралуу банк алуучунун алуучуга билдирүүсү/маалыматы; - банк-алуучу тарабынан кармалып калуучу комиссиондук төлөмдүн өл-чөмү, алуучунун аларды төлөө тартиби. 5.3. Алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунун банк эсебиначуу жана тейлөө тууралуу келишимде жана/же ага карата тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонуншарттары жагында толуктоодо тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баштартуу/аны кайтарып алуу боюнча маалымат жана өзара милдеттенмелер бо-юнча башка маалымат дагы аныкталат. 5.4. Алуучу жүзөгө ашырылган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүжана/же алардын кабыл алынбай калуусун тиешелүү эсепке алууну камсызкылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн негиз болуп саналган документтер-дин сакталышын жана архивделишин жүзөгө ашырат. 5.5. Алуучу төлөөчүнүн банк эсебине карата тике дебеттөө формасын-дагы төлөмдү берүүгө белгиленген талаптарга ылайык толтурулган элект-рондук ведомостту түзөт жана алардын ортосундагы келишимде белгиленгенмөөнөттө банк-алуучуга жөнөтөт. 5.6. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөалуучунун эсебине каражаттарды алуучунун жана банк алуучунун ортосундабелгиленген мөөнөттө чегерет. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү тө-лөөдөн баш тарткан учурда банк-алуучу алуучуга билдирүүнү алуучунун жа-на банк-алуучунун ортосундагы келишимге ылайык мөөнөттө жөнөтөт. 5.7. Алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү көрсөтүү укугунатөлөөчүнүн тескемесинин аракетин токтотууга төлөөчүнүн арызын алганучурдан тартып 30 күнгө чейинки мөөнөттүн аякташы менен ошол төлөөчүнүнбанк эсеби боюнча төлөмдөргө электрондук ведомостту даярдоону жана банкалуучуга берүүнү токтотот. 5.8. Алуучунун жана банк алуучунун алуучунун тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдөрдү өткөрүүдөгү укуктары жана милдеттенмелери алуучунунбанк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишим жана/же ага карата тикедебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүсунуштоонун шарттары жагында толуктоо жана/же тике дебеттөө формасында-гы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишим менен белгиленет жанааны бекиткен учурдан тартып келип чыгат. 5.9. Алуучунун жана банк-алуучунун ортосундагы талаш-тартыштардычечүүнүн тартиби жана ыкмалары алардын ортосунда түзүлгөн келишимжана/же алуучунун эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимге карата то-луктоо менен белгиленет. Талаш-тартыштар тараптардын сүйлөшүүлөрү мененчечилбесе, пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуунун мыйзамдар-да каралган жол-жоболору аткарылгандан кийин, алар Кыргыз Республикасы-нын сот органдарынын кароосуна берилет. 6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө Системанын жана банк алуучунун өзара мамилелери 6.1. Банк-алуучу алуучу тарабынан берилген электрондук ведомосттуннегизинде тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТД файлынтүзөт жана банк-төлөөчүдө эсептешүүнү жүргүзүү үчүн Система аркылуужөнөтөт. 6.2. Система ар бир алуучу үчүн Системада белгиленген банк-алуучу-нун кодунун жана суб-катышуучунун кодунун тууралыгын, тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуу күнүн тууралыгын кошо алганда, фор-маттарды толтуруунун эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык, тикедебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин тариз-дөөнүн тууралыгын текшерет. 6.3. Система тике дебеттөө формасындагы төлөм документтерин бергенкүнү кабыл алат жана ал Системада иштеп чыгуу күнү келгенге чейин сак-талат. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө тө-лөм документтерин Системага иштеп чыгуу күнүнө чейинки 3 (үч) клирингкүнүнөн көбүрөөк убакта жөнөтүүдө, Система төлөм документтерин кабылалбайт, ал эми банк-алуучуга тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 6.4. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөмдокументтерин кабыл алуу менен кардардын кара тизмеде ("Вlаск List")бар же жок экендиги боюнча текшерет. Эгерде төлөөчү кара тизмеде("Вlаск List") болсо, Система банк-алуучуга жана банк-төлөөчүгө бул тө-лөм боюнча төлөөчү кара тизмеде экендиги тууралуу кабар берет. 6.5. Эгерде банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткө-рүүгө ЭТД боюнча иштеп чыгуу күнүнөн тартып эсептешүү күнүнө чейинкимезгилде төлөмдөн баш тарткандыгы тууралуу Системага билдирбей, эсепте-шүү күнү бул төлөм төлөөчүнүн эсебинен жүргүзүлгөн болсо, анда мындайтөлөөчүнү Система кара Тизмеден ("Вlаск list") алып салат. 6.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө ЭТДнын таризде-лишинин тууралыгын текшергенден кийин Система берүү күнүнөн иштеп чыгуукүнүнө чейинки мезгилде мындай төлөмдөрдү сактайт. 6.7. Система иштеп чыгуу күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдүөткөрүүгө ЭТДны банк-төлөөчүгө жөнөтөт жана келечек төлөмдөр тууралуумаалымдоо максатында банк-төлөөчүнүн анын алдынала таза позицияларынэсептөөгө тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны тикедебеттөө формасындагы төлөмдү иштеп чыгуу күнүнөн эсептешүү күнүнө че-йинки мезгилде камтыйт. 6.8. Эсептөө күнү банк-төлөөчүнүн баш тарткандыгы билдирилбесе жа-на/же банк алуучу кайтарып албаса, Система тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позиция-сын эсептөөгө кошот. 6.9. Клиринг күнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуудан эсептөөкүнүнө чейинки мезгилде тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн банк-төлөө-чүнүн баш тарткандыгы тууралуу маалымат алынса, Система бул маалыматтыбанк-алуучуга жөнөтөт. 6.10. Клиринг күнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуудан эсептөөкүнүнө чейинки мезгилде банк-алуучу тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны кайтарып алууга /жок кылууга Системага бил-дирүү жөнөтө алат. 6.11. Иштеп чыгуу күнү клиринг күнүнүн "ЭТД файлдарын кабыл алуужана иштеп чыгуу мезгили" аякташы менен тике дебеттөө формасындагытөлөмдөр банк-алуучу үчүн кайтарылгыс болуп саналат жана тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны кайтарып алууга/жок кылууга су-роо-талапты Система кабыл албайт. 6.12. Банк-алуучунун жана Системанын ортосундагы талаш-тартыштардычечүүнүн тартиби жана ыкмалары Пакеттик клиринг системасынын катышуучу-ларынын ортосунда түзүлгөн Электрондук төлөм документтерин колдонуу ме-нен төлөмдөрдү өткөрүүнүн жалпы шарттары жана принциптери тууралуу Ге-нералдык келишим менен белгиленет. 7. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн өзара мамилелери 7.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төлөөчүтөмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: а) банк-төлөөчүдө банк эсебин ачууга; б) банк-төлөөчү менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызматкөрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимди, аталган алуучудан (кызматкөрсөтүүлөрдү сунуштоочу) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүөткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө эсептен акча каражаттарынкөрсөтүлгөн суммага алып салууга алдынала уруксат берүү тууралуу банккаарызды тиркөө менен (2-тиркеме) түзөт. 7.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызмат көрсөтүүлөр бо-юнча жоболор төлөөчүнүн эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимге кам-тылат жана/же жалпы шарттарга ылайык банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүнортосундагы өзүнчө келишим менен таризделет (2-тиркеме), ошондой элекелишим зарылчылыкка жараша банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүнсунуштоонун шарттары боюнча башка кошумча жоболорду камтыйт. 7.3. Бир нече алуучулардын пайдасына тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү өткөрүү үчүн төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн ортосундагы ке-лишимде аларга төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгөтөлөм документтерин анын банк эсебине карата төлөөгө көрсөтүү укугунберген алуучулардын тизмеги; банк-төлөөчүнүн мындай төлөмдөрдү кабылалуусунун мөөнөттөрү; бир алуучунун пайдасына бир төлөмдүн максималдуусуммасы; ошондой эле алардын убагы келгенде банк-төлөөчү тике дебеттөөформасындагы төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсебине көрсөтүлгөн төлөөдөн баштартууга милдеттүү болгон шарттар көрсөтүлөт. Мында төлөөчү тиешелүүтүрдө таризделген Тескемени (1-тиркеме) ар бир алуучунун дарегине жөнө-төт. 7.4. Банк-алуучудан тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү-гө төлөм документтерин кайтарып алууга/жок кылууга билдирүү жана/жебанк төлөөчүдөн тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тар-тууга билдирүү болбосо, клиринг күнүнүн регламентине ылайык, эсептешүүкүнү Система төлөмдөрдү банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясынэсептөөгө кошот, ал эми банк-төлөөчү менен төлөөчүнүн банктык эсебиненакча каражаттарын алып салууну жүзөгө ашырат. 7.5. Банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүнжыйынтыктары боюнча көчүрмөнү төлөөчүгө берет. Банк-төлөөчү тике дебет-төө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартса, төлөөчүнүн жанабанк-төлөөчүнүн ортосунда тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызматкөрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимдин шарттарына ылайык банк-тө-лөөчү бул тууралуу төлөөчүгө маалымдайт. 7.6. Эсептешүү күнү клиринг күнүнүн "ЭТД файлдарын кабыл алуу жанаиштеп чыгуу мезгили" аякташы менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрбанк-алуучу үчүн кайтарылгыс болуп саналат жана төлөмдөрдөн баш тартуу-га суроо-талапты Система кабыл албайт. 7.7. Төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн тике дебеттөө формасындагытөлөмдөрдү жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери тике дебеттөөкызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо жөнүндө келишим жана/же төлөөчүнүн банкэсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишим менен белгиленет жана аны бе-киткен учурдан тартып келип чыгат. Талаш-тартыштар тараптардынсүйлөшүүлөрү менен чечилбесе, пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгөсалуунун мыйзамдарда каралган жол-жоболору аткарылгандан кийин, аларКыргыз Республикасынын сот органдарынын кароосуна берилет. 8. Банка-төлөөчүнүн жана системанын тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдөгү өзара мамилелери 8.1. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөржөнүндө маалыматты камтыган отчетторду жана файлдарды түзүп, банк-тө-лөөчүгө жөнөтөт. 8.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуу күнүнөнтартып эсептешүү күнүнө чейинки мезгилде Система тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө, ЭТД келечек төлөмдөр жөнүндө банк-төлөө-чүгө маалымдоо максаттарында анын алдынала таза позицияларын эсептөөгөкамтыйт. 8.3. Система клиринг күнүнүн регламентине ылайык эсептешүү күнүбанк , төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясына тике дебеттөө форма-сындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТД боюнча тиешелүү сумманы кошот. 8.4. Эгерде банк-төлөөчү баш тартуу тууралуу маалыматты клирингкүнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуу күнүнөн эсептешүү күнүнө чейинСистемага бербесе, ал эми банк-алуучу Системага төлөмдү берүү күнүнөнбаштап иштеп чыгуу күнүнө чейин төлөмдү кайтарып алуу/жок кылуу туура-луу билдирбесе, тике дебеттөө формасындагы мындай төлөм акыркы болупсаналат. Мында эсептешүү күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өт-көрүүгө төлөм документтерине ылайык сумма банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочутаза позициясына камтылууга жана демек төлөөчүнүн банк эсебинен төлө-нүүгө тийиш. 8.5. Эгерде банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өт-көрүүгө төлөм документтери боюнча баш тартуу тууралуу маалыматты иштепчыгуу күнүнөн эсептешүү күнүнө чейин бербесе, суммаларды жана өзара ма-милелерди жөнгө салуу эки тараптуу келишимдердин/макулдашмалардын жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз төлөөчү мененалуучунун жана банк-төлөөчү менен банк-алуучунун ортосунда жүргүзүлөт. 8.6. Банк-төлөөчүнүн жана системанын ортосундагы талаш-тартыштардычечүүнүн тартиби жана ыкмалары Пакеттик клиринг системанын катышуучула-рынын ортосундагы электрондук төлөм документтерин пайдалануу менен тө-лөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары жана принциптери тууралуу ге-нералдык келишим менен белгиленет. 9. Эреженин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 9.1. Банк-алуучу алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралууалуучунун жана банк алуучунун ортосундагы келишимдин негизинде жана/жеага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызматкөрсөтүүлөрдү сунуштоо жагындагы толуктоо менен өзүнүн алуучуларынын арбирине төмөнкүдөй милдетти аткарат: а) кайсы болбосун башка банк-алуучуда тике дебеттөө формасындагытөлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусуна алуучулар үчүн чеккойбойт; б) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча алуучунунжана банк-алуучунун тиешелүү укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматменен алуучуну камсыз кылат; в) эгерде болжолдуу алуучу алуучунун сейрек номерине (системанынсуб-катышуучусунун кодуна) ээ эмес болсо, анда, ага мындай номердин ый-гаруу тууралуу Улуттук банкка кайрылат; г) Эрежелерге ылайык бардык операциялык милдеттерди аткарат; д) банк-төлөөчүнүн суроо-талабы боюнча алуучудан төлөөчүнүн тиеше-лүү тескемесинин бар экендиги жөнүндө маалыматты талап кылат; е) ушул Эрежелердин сакталышына дайыма контролду камсыз кылат. 9.2. Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык, банк-алуучу алуучу-нун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу алуучунун жана банк алуучунунортосундагы келишимдин негизинде жана/же ага карата тике дебеттөө фор-масындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жа-гындагы толуктоо менен өзүнүн алуучуларынын ар бирине төмөнкүдөй мил-деттерди аныктайт: а) тескеменин ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген формала-рын пайдаланууга; б) Системага катышуу үчүн алуучунун (суб-катышуучунун коду) иден-тификациялык номерин алууга; в) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө төлөөчүлөрдүнжана алуучулардын укуктары жана милдеттери тууралуу толук маалыматтытөлөөчүлөргө жана потенциалдуу төлөөчүлөргө берүүгө; г) төлөөчүнүн тескемеси менен белгиленген шарттарды сактоого; д) төлөөчүнүн тескемесине тиешелүү маалыматтарды жыйноону, иштепчыгууну жана сактоону камсыз кылууга; е) төлөөчүгө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимге ыла-йык төлөмдөр жөнүндө билдирүүнү жөнөтүүгө; ж) Эрежелердин чегинде алуучуга тиешелүү болгон бардык операциялыктапшырмаларды аткарууга; з) банк-алуучунун суроо-талабы боюнча тике дебеттөө формасындагытөлөмдөргө жана тескемелерге тиешелүү болгон маалыматты, ошондой элекайсы болбосун тескеменин көчүрмөсүн дароо берүүгө; и) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча талаш-тартыш маселе-лерин төлөөчү менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндөкелишимдердин чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык,төлөөчүнүн тескемеси менен чечүүгө. 9.3. Банк-төлөөчү тике дебеттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо туу-ралуу келишимдин жана/же төлөөчүнүн банк эсебин ачуу жана тейлөө туура-луу келишимдин негизинде өзүнүн төлөөчүлөрүнүн ар бирине төмөнкү мил-деттерди аткарат: а) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча төлөөчү-лөрдүн тиешелүү укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматты төлөөчү-лөргө жана потенциалдуу төлөөчүлөргө камсыз кылат; б) алардын эсептери боюнча тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдөнтөлөөчү баш тарта ала турган мүмкүндүк берет; в) Эрежелерге ылайык банк-төлөөчүнүн операцияларын аткарат; г) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө операциялык жа-на башка тобокелдиктерди контролдоо жана минималдаштыруу чараларын иш-теп чыгып, колдонууга киргизет. 9.4. Банк-төлөөчү тике дебеттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо туу-ралуу келишимдин жана/же төлөөчүнүн банк эсебин ачуу жана тейлөө туура-луу келишимдин негизинде жана ушул Эрежелерге ылайык өзүнүнтөлөөчүлөрүнүн ар бири үчүн төмөнкү милдеттерди аныктайт: а) тиешелүү алуучу менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюн-ча талаш-тартыш маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыккоммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдердин чегиндечечүүгө. б) төлөөчүнүн арызында каралган күнгө төлөөчүнүн эсептешүү эсебин-де тиешелүү акча каражаттарын камсыз кылууга; а) тескеменин аракеттенүү мөөнөтү бүтөрү менен өз убагында дарообанкалуучуга жана алуучуга билдирүүгө. 9.5. Улуттук банк төмөндөгү милдеттерди аткарат: а) Эреженин катышуучуларына өз убагында маалымат берет; б) Эреженин катышуучуларынын тизмелери өзгөргөндө жана/же толук-талганда аларды колдойт жана мезгил-мезгили менен жањыртып турат; в) алуучуга алуучунун уникалдуу номерин (системанын суб-катышуучу-сунун кодун) ыйгарууну камсыз кылат; г) Системада суб-катышуучулардын коддору боюнча маалымат китепче-син түзөт. Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерине карата 1-тиркеме Болжолдуу үлгү _____________________________________________________ үчүн тескеме (коммуналдык уюм/ишкана) Абонентин (төлөөчүнүн) аты-жөнү: _________________________________ Дареги: __________________________________________________________ Өздүк эсеп: ______________________________________________________ Банк-төлөөчү: ____________________________________________________ Абоненттин (төлөөчүнүн) банктагы эсеби: __________________________ Банктын аталышы: _________________________________________________ БИК: _____________________________________________________________ Сизден коммуналдык кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө карата (толук жежарымы көрсөтүлөт) _________________ сумманы менин банк эсебимден тикедебеттөө формасында, жогоруда көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык, айдын______ чейинки мөөнөттө, жашаган жер боюнча квитанцияны бир учурдажөнөтүү менен өткөрүүњүздү суранамын. Тескеменин аракеттенүү мөөнөтү ___________________________________ (зарылчылыкка жараша) 200_____-жылдын "___________" _________________ (колтамга) Пакеттик клиринг системасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерине карата 2-тиркеме Банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн ортосунда Тике дебеттөө формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө жалпы (типтүү) шарттар Бишкек ш. 200__жылдын"_____"____________ Мындан ары банк деп аталуучу_________________________________________, Уставдын негизинде иш алыпбаруучу ________________________________________ бир тараптан жана N__________________ документ менен инсандыгы такталган, мындан ары кар-дар деп аталуучу, мындан ары чогуу тараптар деп аталгандар төмөнкүлөртууралуу ушул келишимди түзүштү: 1. Келишимдин предмети 1.1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улут-тук валютасында тике дебеттөө формасындагы төлөм каражатын пайдаланууменен кардардын төлөмүн өткөрүү боюнча банктын кызмат көрсөтүүсү ушулкелишимдин предмети болуп саналат. 1.2. Кардар тапшырма берет, ал эми банк кардардын N ____________банк эсебинен акча каражаттарын алуучунун банк эсебине төмөнкү рекви-зиттер жана негиздер боюнча которууга өзүнө милдеттенме алат: Алуучунун Банкы __________________________________________________ БИК ______________________________________________________________ Алуучу ___________________________________________________________ ИСН ______________________________________________________________ Банк эсебинин номери _____________________________________________ Которуунун багыты ________________________________________________ банк-алуучудан банктын кардарга берилген товарлары, аткарылган иш-тери же сунушталган кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөгө тескеменин алыны-шына жараша тике дебеттөө формасында. 1.3. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүзөгө ашыруудагы өзара ма-милелерде банк жана кардар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам-дарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик актыларына, банктын ичкиэрежелерине жана ушул Келишимге таянат. 2. Тараптардын укуктары жана милдеттери. 2.1. Кардар-төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 2.1.1. Ушул Эрежелердин жалпы (типтүү) формасына ылайык (2-тирке-ме) өзүнүн банк эсебин дебеттөөгө банкка жазуу жүзүндө арыз берүүгө; 2.1.2. Төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды банккаберүүгө жана өз убагында (төлөмдөрдү өткөрүүнүн кийинки күнү келгенгечейин) алардын өзгөргөндүгү тууралуу банкка кат жүзүндө маалымдоого; 2.1.3. Өзүнүн банк эсебинде тике дебеттөө формасында өткөрүү үчүнжетиштүү болгон өлчөмдө акча каражаттарынын калдыгын камсыз кылууга; 2.1.4. Банкка тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнчакызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле банк эсебинен тике дебеттөөнүпайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон тиешелүү рекви-зиттер туура эмес көрсөтүлгөндө, кардардын банк эсебинде акча каражат-тары жетишсиз же жок учурунда баш тартуу, же өзүнүн демилгеси боюнчатөлөмдү кабыл албоо учурунда банктын белгиленген тарифтерине ылайык тө-лөп берүүгө. 2.2. Кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 2.2.1. Ушул келишимдин шарттарына ылайык тике дебеттөө формасында-гы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча банктын кызмат көрсөтүүлөрүн алууга; 2.2.2. Банктык операциялардын жүргүзүлүшүнө жараша банк эсеби бо-юнча көчүрмөнү банктан сурап алууга; 2.2.3. Банкка ушул Келишимдин шарттарын аткаруу маселелерине тие-шелүү суроо-талапты жөнөтүүгө. 2.3. Банк төмөндөгүлөргө милдеттүү: 2.3.1. Тескеме болгондо жана ушул келишимдин негизинде, банкбанк-алуучудан төлөөгө тиешелүү тескемени алган учурдан тартып тике де-беттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө; 2.3.2. Кардарды тейлөөнүн шарттарында белгиленген мөөнөттө жана/жесуроо-талап боюнча анын банк эсебинен көчүрмөнү жөнөтүү жолу менен анынбанк эсеби боюнча операциялар тууралуу кардарга билдирүү; 2.3.3. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча банктарабынан кардарга сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан банктынбелгиленген тарифтерине ылайык акцептсиз тартипте кармап калууга; 2.3.4. Төлөөгө карата электрондук ведомосттогу реквизиттер туураэмес көрсөтүлгөн учурда алуучуга андан ары берүү үчүн себептерин көрсө-түү менен төлөмдү төлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн банк-алуучуга жөнө-түүгө; 2.3.5. Банк-төлөөчүгө кардардын банк эсебинде акча каражаттары же-тишсиз же жок болгон учурда алуучуга андан ары берүү үчүн себептеринкөрсөтүү менен төлөмдү төлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн жөнөтүүгө; 2.3.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдөн кардардын баш тарту-усуна мүмкүндүк берүүгө; 2.3.7. Кардар баш тартууну кат жүзүндө билдиргенде жана/же ушулкелишим токтотулганда банк алуучуга себептерин көрсөтүү менен төлөмдүтөлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн жөнөтүүгө; 3. Тараптардын жоопкерчилиги 3.1. Кардар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот: - банк эсебин тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүнзарыл болгон реквизиттердин тууралыгына; - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөө үчүн эсептешүү эсе-бинде акча каражаттарынын жетиштүү болушу үчүн. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгонреквизиттер туура эмес көрсөтүлгөн, кардардын эсептешүү эсебинде акчакаражаттары жетишсиз жана/жок учурунда же кардар төлөмдөрдү кабыл алба-ган учурда, кардар банкка төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн чы-гашалардын наркын төлөп берет. 3.2. Банк төмөндөгүлөр үчүн жооптуу болот: - банк алуучу төлөөгө электрондук таблицаны алган учурда кардартике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өз убагында өткөрүү үчүн; - ушул Келишимдин 2.3.4., 2.3.5., 2.3.6.-пункттарында каралганучурларда тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартылган-дыгы тууралуу маалыматты банк-алуучуга өз убагында жөнөтүүгө. 3.3. Банк тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүмөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, эсептешүү күнүн эсепке албаганда, мөөнөтүөткөрүлгөн ар бир күн үчүн суммадан _______ өлчөмүндө жооптуу болот.Төлөмдүн кармалышы банктын айынан болбосо, банк буга жооптуу болбойт. Тараптардын юридикалык дареги, банк реквизиттери жана колтамгала-ры: Банк: Кардар:-----------------------------------------------------------------------| Аталышы: | Аты-жөнү ||---------------------------------|-----------------------------------||БИК: |Ким экендигин тастыктаган документ:||---------------------------------|-----------------------------------||Дареги: |Дареги: ||---------------------------------|-----------------------------------||Телефон: |Телефон: ||---------------------------------|-----------------------------------||ИСН: |Банк эсебинин номери: ||---------------------------------|-----------------------------------|| |банктын тарифтери менен таанышып || |чыктым ||---------------------------------|-----------------------------------||____________________ |____________________ ||/__________________/ |/__________________/ || м.о. | м.о. || (колтамга) | (колтамга) |----------------------------------------------------------------------- Тике дебеттөө формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн ортосундагы жалпы (типтүү) шарттарга карата тиркеме ______________________ (Банктын аталышы) Башкармасынын төрагасы ______________________ (кардардын аты-жөнү) ______________________ (Төлөөчүнүн дареги) ______________________ Паспорт: ______________________ (серия, паспорту берген орган, берилген күнү). АРЫЗ Сизден менин ______________ банкында ачылганN_________________________ банк эсебимен тике дебеттөө формасындагы ак-ча каражаттарын төмөндө көрсөтүлгөн алуучунун банк реквизиттери боюнчакоторууњузду суранамын: Банк-алуучу ___________________________________________________ ж. БИК ______________________________________________________________ Алуучу ___________________________________________________________ ИСН ______________________________________________________________ Банк эсебинин номери _____________________________________________ Төлөмдүн багыты ))))))____________________________________________ Кошумча кызмат көрсөтүүлөр: - Төлөмдүн суммасы ________________________________ сомдон артпайт (чектөө жок болбосо аны белгилөө керек); - Овердрафт көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн банк эсебинен тике дебеттөө формасындагы акчакаражаттарын төмөнкүдөй учурларда (тиешелүүсү көрсөтүлсүн): - дайыма _________________________________________________________ - 200"____" дан 200__"____________ " чейинки мезгилде которуугамакулмун. Бул арызда Мен ___________________________________________________ (кардардын аты-жөнү) алар боюнча тике дебеттөө формасындагы акча каражаттарын которуугатиешелүү мен тарабынан берилген реквизиттердин тууралыгы үчүн толукөзүм жоопкерчиликтүү боло тургандыгым тастыкталат. Которуу коммерциялыкжана/же ушул өњдүү иштер менен байланыштуу эмес. __________________________________________________________________ (Кардардын аты-жөнү, колтамгасы)