КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө"
Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
КҮЧҮН ТОКТОТТУКыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын2-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 123-08 Бишкек шаары2008-жылдын 30-июлу № 245 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ОТУН РЕСУРСТАР МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН АТКАРУУЧУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин Аткаруу кењешинин 25.11.2002-жылдагы "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама жөнүндө" № 191-т токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын 8 жана9-статьяларынын негизинде, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнчамамлекеттик департамент жөнүндө жобого ылайык, 2008-жылдын 1-июлунантартып электр энергиясына жањы тарифтерди белгилөөгө байланыштуу, ошон-дой эле жылуулук менен жабдуучу уюмдардан келип түшкөн кайрылуулар жанасунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жанаотун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгөсалуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мам-лекеттик агенттиктин Аткаруу кењешинин 25.11.2002-жылдагы N 191-т ток-тому менен бекитилген Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди кол-донуу боюнча нускамага (мындан ары - Нускама) төмөндөгү өзгөртүүлөр жа-на толуктоолор киргизилсин: - Нускаманын "Электр энергиясына тарифтер" бөлүмү тиркемеге ылайыкредакцияда берилсин. - Нускаманын "Электр энергиясына тарифтер" бөлүмүнүн Жылуулукэнергиясына тарифтерди колдонуу шарттары 2.2-пунктун төмөндөгүдөй маз-мундагы 2.2.9-пунктча менен толукталсын: "Курулушу бүтө элек жана пай-даланууга берилбеген көп кабаттуу турак үйлөрүн жылытуу үчүн керектел-ген жылуулук энергиясына I топ үчүн белгиленген тарифтер боюнчатөлөнөт". 2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отун-энергетикалык комп-лексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орунбасары К.А.Турдубаевге жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кењешинин төрагасы С.Балкибеков Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кењешинин 2008-жылдын 30-июлундагы N 245 токтомуна тиркеме Электр энергиясына тарифтер 1. Тарифтердин колдонулуу чөйрөсү 1.1. Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" жана "Электрэнергетикасы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык электр энергиясына тарифтерэнергетика жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленет. Электр энергиясына тарифтер ыйгарым укуктуу органдын Аткаруукењешинин токтомдору менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын айма-гында электр станциялары иштеп чыккан электр энергиясына жайылтылат. 1.2. Бул Нускама ыйгарым укуктуу органдын Аткаруу кењешинин электрэнергиясына тарифтерди белгилеген токтомдорунун бөлүмдөрүн жана пунк-ттарын колдонуу тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтердиколдонгон керектөөчүлөрдүн тизмесин аныктаган тиркемени камтыйт. 2. Тарифтердин түрлөрү 2.1. Бир чен-өлчөмдүү тарифтер Бир чен-өлчөмдүү тарифтер Керектөөчүгө берилген активдүү электрэнергиясынын бир киловатт-сааттагы (кВт.с) наркын аныктайт. 2.2. Эки чен-өлчөмдүү тарифтер 2.2.1. Эки чен-өлчөмдүү тариф уруксат берилген же Керектөөчү тара-бынан бир киловатт-саатта билдирилген кубаттуулуктун (кВт) бир айдагынаркын жана керектелген активдүү электр энергиясынын 1 кВт.с наркынаныктайт. 2.2.2. Билдирилген кубаттуулуктун алдында энергия тутумуна жогоркучекте жүк түшкөн сааттарда керектөө үчүн Керектөөчү тарабынан билдирил-ген эњ чоњ жарым сааттык электр кубаттуулугу түшүнүлөт. Муну менен бир-ге, энергия тутумуна жогорку чекте жүк түшкөн сааттар өзүнчө электр ме-нен жабдуучу уюмдар тарабынан кышкы жана жайкы мезгилдерге белгиленет.Энергия тутумунун жогорку чектеги сааттарынын узактыгы кыш мезгилиндекүнү-түнү 6 сааттан жана жай мезгилинде күнү-түнү 5 сааттан ашпашы ке-рек, ал эми түнкү төмөн чеги саат 23дөн 6га чейин жылы ичине кабыл алы-нат. Электр менен жабдуучу уюм Керектөөчү тарабынан билдирилген кубат-туулуктун чоњдугун сактоо боюнча милдеттерди аткарышын көзөмөлдөөгөукугу бар. Керектелген кубаттуулуктун чоњдугун каттоочу эсепке алуу ку-ралдары болбосо, энергия тутумуна жогорку чекте жүк түшкөн сааттардабилдирилген кубаттуулуктун чоњдугун Керектөөчү тарабынан сакталышынкөзөмөлдөө максатында эсепке алуу куралдардын көрсөткүчтөрүн 30мүнөттүк интервал менен алуу жүргүзүлөт, андан кийин эсептөө жолу мененкеректелген кубаттуулуктун чоњдугу аныкталат. Керектөөчүдө бир канчаэсепке алуу куралдары болсо, билдирилген кубаттуулуктун чоњдугу бирик-тирилген эњ чоњ жарым сааттык электр кубаттуулугу катары аныкталат. Ке-ректөөчү билдирилген кубаттуулукту эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча төлөөменен энергия тутумуна жогорку чекте жүк түшкөн сааттарда керектөө үчүнпландаштырган кубаттуулуктун чоњдугу билдирүүгө милдеттүү. Керектөөчүкубаттуулуктун чоњдугун эмдиги жылдын ар бир айына карата үстүбүздөгүжылдын 1-ноябрына чейин билдирет. Жањы келишим түзүлгөн учурда Ке-ректөөчү үстүбүздөгү жылдын аягына чейин келишим түзүлгөн учурда, ку-баттуулуктун чоњдугун ар бир айга билдирет. Керектөөчү тарабынан айларбоюнча билдирилген кубаттуулукка жыл ичинде түзөтүлүүгө жол берилет,бирок билдирилген кубаттуулуктун чоњдугу түзөтүлгөн ай башталганга че-йин 10 күндөн кеч болбошу керек. Керектөөчү тарабынан билдирилген кубаттуулуктун чоњдугунан ашканучурдун бети ачылганда, энергия тутумуна жогорку чекте жүк түшкөн саат-тардагы өлчөм боюнча аныкталган эњ чоњ жарым сааттык электр кубаттуулу-гунун чоњдугу төлөө үчүн эсептөөдө кабыл алынат. Муну менен бирге, ку-баттуулуктун ушул чоњдугу боюнча кийинки айлар үчүн төлөө жүргүзүлөт.Эгер Керектөөчү бир нече ирет (12 айда 3 жолудан көп) билдирилген ку-баттуулуктун чоњдугунан ашыкча иштетсе, электр менен жабдуучу уюм мын-дай Керектөөчүнү электр менен жабдуудан өчүрүп жана Келишимдин тиркеме-сине өзгөртүү киргизүүнү талап кылууга укугу бар. 2.2.3. Уруксат берилген кубаттуулук алдында Керектөөчүнү электрменен жабдуучу уюмдардын тармактарына кошууга техникалык шарттардауруксат берилген чоњдугу көрсөтүлгөн кубаттуулук түшүнүлөт, ал эмиуруксат берилген кубаттуулуктун төлөнө турган чоњдугу электр менен жаб-дууга түзүлгөн Келишимде айтылган. Керектөөчүнүн табыштамасы боюнчаэлектр менен жабдуучу уюм Керектөөчүнү өчүргөндө жана электр орнотмоло-рун пломбулаганда уруксат берилген кубаттуулуктун төлөнө турган чоњду-гун азайтууга милдеттүү. Мында өзгөртүү Келишимдин тиркемесине ганакиргизилет, ал эми Керектөөчүгө төлөнүүчү уруксат берилген кубаттуулук-тун чоњдугун көтөрүүгө жол берилбегендиги жөнүндө тиешелүү эскертүүлөрберилет. Керектөөчүнү кошууга мурда берилген техникалык шарттар мындайучурда өзгөртүлбөйт. Уруксат берилген кубаттуулуктун бөлүктөрүн Керектөөчү пайдаланба-ган учурда, Керектөөчүнүн табыштамасы боюнча Керектөөчүнүн уруксат бе-рилген кубаттуулуктун чоњдугун азайтуу максатында электр менен жабдуучууюмдар Керектөөчүнү өзүнүн тармактарына кошууга техникалык шарттаргаөзгөртүү киргизүүгө милдеттүү. Уруксат берилген кубаттуулуктун чоњдугуназайтуу максатында техникалык шарттарга өзгөртүү акысыз жүргүзүлөт. Керектөөчү Келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн уруксат берилгенкубаттуулуктун төлөнүүгө тиешелүү чоњдугунан ашкан учур табылганда,электр менен жабдуучу уюм чоњдуктан ашкан учур табылган ай үчүн Ке-ректөөчүнү кошуунун техникалык шарттарында көрсөтүлгөн уруксат берилгенкубаттуулуктун чоњдугу боюнча ай үчүн төлөөнү эсептөөгө укугу бар. Эгер Керектөөчү бир нече ирет (12 айда 3 жолудан көп) билдирилгенкубаттуулуктун чоњдугунан ашыкча иштетсе, электр менен жабдуучу уюммындай Керектөөчүнү электр менен жабдуудан өчүрүп жана жањы техникалыкшарттарды алууну жана Келишимдин тиркемесине өзгөртүү киргизүүнү талапкылууга укугу бар. Мында билдирилген кубаттуулуктун чоњдугу, эгер мунуэлектр менен жабдуучу уюмдардын тармактары мүмкүндүк берсе, мурдагыөлчөм боюнча аныкталган эњ чоњ жарым сааттык электр кубаттуулуктунчоњдугунун дењгээлинде кабыл алынат. Эгер электр менен жабдуучу уюмдар-дын тармактары Керектөөчүгө уруксат берилген кубаттуулуктун чоњдугункөбөйтүүгө мүмкүндүк бербесе, мурдагы шарттарда керектөөчү карызын жанааны өчүрүүгө байланышкан жумуштун наркын төлөгөндөн кийин Керектөөчүнүкайталап кошулат. 2.2.4. Керектөөчүнүн белгиленген кубаттуулугу алдында Ке-ректөөчүнүн электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына бириктирилгенкабылдагычтардын (электр куралдары) жалпыланган кубаттуулугу түшүнүлөт.Керектөөчүнүн куралдарынын жана орнотмолорунун белгиленген кубаттуулугуалардын паспорттук маалыматтары боюнча, ал эми паспорттогу маалыматтар-га дал келбесе жана/же жок болсо, өлчөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча анык-талат. 2.2.5. Уруксат берилген кубаттуулукту төлөөнү эки чен-өлчөм тарифибоюнча эсептешкен керектөөчүлөр үчүн уруксат берилген кубаттуулуктунтөлөнүүчү чоњдугу төмөндөгүдөй аныкталат: - электр энергиясын эсепке алуучу каражаттары (тутумдар) керектел-ген электр кубаттуулугунун чоњдугун каттоону ишке ашырбаган Ке-ректөөчүлөр үчүн эсептешүүдө уруксат берилген кубаттуулуктун маанисиколдонулат. Мында уруксат берилген кубаттуулуктун төлөнүүгө таандыкчоњдугу электр менен жабдуучу уюмдардын өкүлдөрү тарабынан өчүрүлгөнжана пломбу салынган куралдардын жана орнотмолордун кубаттуулугунаазайтылышы керек; - электр энергиясын эсепке алуучу каражаттары (тутумдары) эсеп-тешүү мезгилинин бардык убагында куралдар жана орнотмолор аркылуу сарп-талган электр кубаттуулугунун чоњдугун каттоону ишке ашырган Ке-ректөөчүлөр үчүн эсептешүүдө эсепке алуу куралы менен катталган кубат-туулуктун мааниси колдонулат. 2.2.6. Мезгилдүү мүнөздөгү (электр менен от жагылуучу жайлар, те-гирмендер, жашылча сактагычтар ж.б.) жумушу бар бардык Керектөөчүлөрүчүн милдеттүү түрдө өчүрүү жүргүзүлөт жана электр менен жабдуучу уюм-дар тарабынан Керектөөчүнүн өчүрүлүүчү жабдууларынын коммутация аппа-раттарын иштебеген мезгилге пломбу салынат. Уруксат берилген кубаттуу-лук үчүн Керектөөчүнүн нагыз иштеген күндөрүнө карабастан, толук бирайга эсептешүү жүргүзүлөт. Милдеттүү түрдө өчүрүү жана Электр мененжабдуучу уюмдар тарабынан Керектөөчүнүн өчүрүлө турган жабдыктарынынкоммутация аппараттары иштебеген мезгилге пломбу салуу шарты мененуруксат берилген кубаттуулук үчүн бир айга эсептешүү жүргүзүлгөндөн ки-йин, уруксат берилген кубаттуулуктун төлөнүүгө таандык чоњдугуөчүрүлүүчү жабдуунун кубаттуулугуна азайтылышы керек. 2.2.7. Эгер Керектөөчүнүн нагыз жарым сааттык кубаттуулугу (электрэсептегич боюнча же өлчөө жолу менен аныкталат) Келишимде каралганчоњдуктан ашып түшөт, төлөм Керектөөчүгө түшкөн нагыз түшкөн жүк боюнчаэсептелет, эгер ал билдирилген же уруксат берилген кубаттуулуктан төмөнболсо, Келишимде көрсөтүлгөн кубаттуулуктун чоњдугу боюнча кошупэсептөө жүргүзүлөт. Жүктү каттаган жана кубаттуулуктун көрсөтмөлөрүнархивдеген куралдары бар Керектөөчүлөр менен эсепке алуу куралдары ар-кылуу катталган кубаттуулуктун жогорку чектеги чоњдугуна боюнча кубат-туулук үчүн эсептешүү жүргүзүлөт. 2.3. Күн-түн убактысы боюнча жиктелген эки чен-өлчөмдүү тарифтер Күн-түн убактысы боюнча жиктелген эки чен-өлчөмдүү тарифтер энер-гияны чогултуу мүмкүнчүлүгү бар электр орнотмолорунда колдонулат. Мын-дай мүмкүнчүлүккө жылытуу жана ысык суу менен жабдуу суу тутумдарынынэлектр казандары ээ. Мындай тариф 1 кВт.с уруксат берилген кубаттуулуктун наркын жана 1кВт.с керектелген активдүү энергиясынын наркын күндүн-түндүн ар бирубактылуу мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык аныктайт жанаэлектр казандын 50 кВт жана андан жогору белгиленген кубаттуулугу мененэлектр казандарына жайылтылат. Керектелген кубаттуулук жана электрэнергиясын керектөө көлөмү, ошондой эле ар бир тариф менен жиктелгенаймакта электр казанынын иштөө узактыгы кубаттуулуктун жарым сааттыкмааниси жана эсепке алуу тутумдары жана (же) куралдары менен катталганэлектр энергиясын керектөөнүн көлөмдөрү менен аныкталат. Уруксат берилген кубаттуулук үчүн төлөмдү эсептөө ар бир убактылуумезгил үчүн белгиленген коэффициентке көбөйтүлгөн аракеттеги тариф бо-юнча жүргүзүлөт. Кубаттуулук үчүн төлөмдү эсептөө төмөндөгүдөйжүргүзүлөт: энергия тутумундагы жогорку чекте сааттарда керектеген жанажогорку тариф боюнча төлөнгөн кубаттуулук аныкталат, андан кийин энер-гия тутумундагы төмөнкү чекте сааттарда керектеген жана төмөн тариф бо-юнча төлөнгөн кубаттуулук аныкталат, эгер ушул кубаттуулуктардын сумма-сы уруксат берилген кубаттуулуктан аз болсо, анда уруксат берилген ку-баттуулуктун калган бөлүгү аракеттеги тариф боюнча төлөнүшү керек. Күн-түн убактысы боюнча жиктелген эки чен-өлчөмдүү тарифтерди да-йындоо - энергия тутумуна жүк түшүрүүнүн күн-түн графигин тегиздөө. 3. Керектөөчүлөрдүн топтору Керектелген электр энергиясын дайындоо боюнча электр энергиясынынбардык керектөөчүлөрү 10 тарифтик топко бөлүнөт: I топ - калк; II топ - керектөөнүн бөлүнгөн лимитинин чегинде айыл чарба жерле-рин сугарууну камсыз кылган насостук станциялар жана скважиналар; III топ - өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөр; IV топ - ири өнөр жай Керектөөчүлөрү (ИӨК); V топ - айыл чарба Керектөөчүлөрү; VI топ - республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучуКеректөөчүлөр; VII топ - электрлештирилген шаардык жана темир жол транспорту; VIII топ - Дүњүнөн - алып сатуучулар; IX топ - Керектөөчүлөр - алып сатуучулар; X топ - I-IX топторуна кирбеген калган бардык Керектөөчүлөр. Андан сырткары, айрым учурларда, жогоруда көрсөтүлгөн Топтордункаалаган бирөөнө кирген кээ бир керектөөчүлөр үчүн Аткаруу кењешининтоктомдору менен электр энергиясына жеке тарифтер белгилениши мүмкүн. 4. Калкка жана калктуу конуштарга берилген электр энергиясына тарифтер (I топ) 4.1. Калкка электр энергиясын берүү киргизүүнүн тибине жараша бирчен-өлчөмдүү жана эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 4.2. Турак үйлөрүндө жана батирлерде жашаган калктын ар түрдүү ти-ричилик муктаждыктары үчүн жана жеке эмгек ишмердүүлүк муктаждыктарыүчүн сарпталган электр энергиясына, ошондой эле дача жана бак өстүрүүшериктигине берилген электр энергиясына төлөм көрсөтүлгөн тариф боюнчаэсептелет. 4.3. 1 фазалуу кошулмасы бар калкка электр энергиясын берүү биржыл ичинде электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө карабастан, бирчен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 4.4. 3 фазалуу кошулмасы бар калкка электр энергиясын берүү Атка-руу кењешинин аяккы керектөөчүлөр үчүн тарифтер боюнча токтому мененаныкталган өлчөмдө жана тартипте электр энергиясын пайдалануунунмүнөзүнө карабастан, эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 4.5. 3 фазалуу кошулмасы бар калкка уруксат берилген кубаттуулукүчүн төлөмдү эсептөө максатында уруксат берилген кубаттуулуктун жалпычоњдугу пайдалануу мүнөзү боюнча экиге бөлүнөт: а) мончо, сауна жана тамак-аш даярдоого пайдаланылган уруксат бе-рилген кубаттуулуктун бөлүгү (жыл бою пайдаланылат); б) мончо, сауна жана тамак-аш даярдоого пайдаланылбаган, бирокбашка каалаган максаттарга (жылытуу, чарба муктаждыктарына ж.б. жыл боюпайдаланылбаган); 4.6. 3 фазалуу кошулмасы бар жана мончолорду жана/же сауналардыысытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында, буу алуу үчүнэлектр энергиясын пайдалануучуларга, ошондой эле 1 фазалуу эмес электршаймандарында (плиталар, мештер ж.б.) тамак даярдоо үчүн электр энерги-ясын пайдаланган калкка электр энергиясын берүү Аткаруу кењеши тарабы-нан бекитилген эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жыл бою жүргүзүлөт. 4.7. 3 фазалуу кошулмасы бар калкка жана 4.6-пунктундакөрсөтүлбөгөн башка максаттарга электр энергиясын пайдалануучуларгаэлектр энергиясын берүү Аткаруу кењеши тарабынан бекитилген экичен-өлчөмдүү тариф боюнча жылытуу мезгилинде (1-октябрдан 31-мартка че-йин), ал эми жылдын калган мезгилинде бир чен-өлчөмдүү тариф боюнчажүргүзүлөт. 4.8. Электр менен жабдуучу уюмдар менен жалпы эсептегичтер (аралашжүк түшкөн Керектөөчү - алып сатуучулар эмес) менен эсеп жүргүзгөн дачажана бак өстүрүү шериктештигине электр энергиясын берүү Аткаруу кењешитарабынан бекитилген бир чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. Дача жана бак өстүрүү шериктештигинде 3 фазалуу кошулмасы бар ке-ректөөчүлөр бар болгон учурда, мындай Керектөөчүлөр керектеген электрэнергиясына эсеп өзүнчө, 4.3-4.4-пункттарына ылайык эсепке алуунун жекекуралдарынын негизинде жүргүзүлөт. 4.9. Бак өстүрүү шериктештиги бакты сугарууга (насостук станцияжамааттык болуп эсептелген шарт менен) сарптаган электр энергиясы айылчарба жерлерин сугарууну камсыз кылган насостук станцияларынын тиешелүүтоптору үчүн белгиленген тариф боюнча айрым төлөнөт. 4.10. Өзүнүн жеке менчигинде трансформатордук көмөк чордондор,электр берүү чубалгылары (ЭБЧ) жана керектелген электр энергиясы үчүнбаланстык тиешелүүлүк чегинде жайгашпаган жалпы эсепке алуу курал боюн-ча эсептешкен калк үчүн керектөөчүгө(-лөргө) таандык эсепке алуу курал-дын көрсөткүчтөрү жана трансформатордун жана ЭБЧнын жоготуулардынчоњдугу боюнча төлөм эсептелет. Мындай жагдайда трансформатордогу жанаЭБЧнын жоготуулары керектөөчү(-лөр) тарабынан ушул керектөөчү(-лөр)үчүн колдонулган тариф боюнча, ал эми ар түрдүү тариф топторуна киргенбир канча керектөөчүлөрдү кошкон учурда, аларга карата колдонулган та-рифтердин эњ төмөнү боюнча төлөнөт. 4.11. Жарандардын айрым категорияларына электр энергиясынатөлөмдөрдө жењилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык белгиленет. 5. Керектөөнүн бөлүнгөн лимитинин чектеринде, айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылган насостук станцияларга жана скважиналар берилген электр энергиясына тарифтер (II топ) 5.1. Айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылган насостук станция-ларга жана скважиналар электр энергиясын берүү бир чен-өлчөмдүү тарифбоюнча жүргүзүлөт. 5.2. Керектөөгө бөлүнгөн жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бе-китилген лимиттин чегинде, айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылганнасостук станциялар жана скважиналар керектеген электр энергиясына IIтоптун тарифи боюнча төлөм эсептелет. 5.3. Керектөөнүн бөлүнгөн лимитинин чегинен ашып айыл чарба жерле-рин сугарууну камсыз кылган насостук станциялар жана скважиналар керек-теген электр энергиясына төлөм V топ үчүн тариф боюнча, уруксат берил-ген кубаттуулук үчүн төлөмдү көрсөтпөстөн жүргүзүлөт. 6. Өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөргө берилген электр энергиясына тарифтер (III топ) 6.1. Өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөргө берилгенэлектр энергиясына эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 6.2. Эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча өнөр жай жана аларга тењешти-рилген Керектөөчүлөр өндүрүштүк муктаждыктарга жана өндүрүштүк жанаөндүрүштүк эмес (бирок өндүрүш менен байланышкан) жайларды: цехтер, за-вод башкармалыктары, офистер, фабрика-завод коомдук уюмдар, кампалар,гараждар ж.б.у.с. ошондой эле жеке темир жолго кошулуучу жол тармакта-рын жана ишкана территорияларын жарык кылууга сарпталган электр энерги-ясына эсеп жүргүзүлөт. 6.3. Өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөрдүн өндүрүшменен байланышпаган имараттары жана жайлары (туруучу кыштактар, айрымтурак үйлөрү, жатаканалар, келгендер үчүн үй, кинотеатрлар, клубдар,маданият үйлөрү, ооруканалар, мейманканалар, бейтапканалар, медпунк-ттар, мончо, сауналар, ашканалар, балдар бакчасы, бешик үйлөрүж.б.у.с.), анын катарында өндүрүш менен бир территорияда жайгашкандаржана жалпы бөлүштүрүүчү тармактарга кошулгандар болушу мүмкүн. Мындайимараттар жана жайлар өзүнчө эсепке алуу куралдары менен жабдылышы ке-рек. Өндүрүш менен байланышпаган мындай имараттарды жана жайларды жарыккылууга жана башка муктаждыктарга сарпталган электр энергиясына Ке-ректөөчүлөрдүн тиешелүү тобу үчүн белгиленген тариф боюнча эсепжүргүзүлөт. Мындай имараттарда жана жайларда (өндүрүш менен байланышпа-ган) колдонулган билдирилген жана уруксат берилген кубаттуулук үчүнтөлөм алынбайт, мындай Керектөөчү менен билдирилген кубаттуулук боюнчакиши башына эсеп жүргүзүлөт. 6.4. Эгер өзүнчө цех же өзүнчө объекттер негизги Керектөөчүдөнобочолонуп жайгашса жана алар менен жалпы бөлүштүрүүчү тармагы болбосо,бул цех же башка айрым объекттер менен эсептешүү, негизги Керектөөчүменен эсептешүүдө колдонулган тарифке көз карандысыз, Керектөөчүлөрдүнтиешелүү тобу үчүн белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт. 6.5. Эгер негизги Абоненттин субабоненттери болсо, анда билдирил-ген кубаттуулук үчүн эсептешүүдө бир чен-өлчөмдүү тариф боюнча эсептеш-кен субабоненттин кубаттуулугу кошулбайт жана эки чен-өлчөмдүү тарифбоюнча эсептешкен субабоненттердин кубаттуулугу эсепке алынат, мында арбир тарифтик топтор үчүн эсепке алуу курал боюнча эсептешүү өзүнчөжүргүзүлөт. 6.6. Өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөрдүн тизмеси 1тиркемеде көрсөтүлгөн. 7. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрүнө берилген электр энергиясына тарифтер (IV топ) 7.1. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрүнө "Кыргызстан улуттук электр тар-мактары" ААКнын жогорку вольттуу өткөрүүчү тармактарына же иштеп чыга-руучу компаниялардын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнө түздөн-түз кошулган,ири өнөр жай Керектөөчүлөрдүн тизмесине кирген жана иштеп чыгаруучу жа-на берүүчү компаниялар менен түз келишимдерди түзүүгө укугу бар Ке-ректөөчүлөр кирет. 7.2. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрдүн тизмеси Аткаруу кењешинин ток-тому менен бекитилет. 7.3. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрүнө берилген электр энергиясынаэсеп эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 7.4. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына тарифтерАткаруу кењешинин өзүнчө токтомдору менен белгиленет. 7.5. Ири өнөр жай Керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясына суммалыктарифтер Керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобу үчүн, жогорку категориядагыишенимдүүлүктөгү Керектөөчүлөрдү кошпогондо, белгиленген тарифтерденашпашы керек. Муну менен бирге, электр энергиясынын 1 кВт.с үчүн сумма-лык тариф "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКнын тармактарынакошулган учурда берүүгө тарифтен куралышы керек, электр энергиясын са-тып алуу тарифи уруксат берилген же Керектөөчү билдирген кубаттуулуктун1 кВт.с үчүн төлөмдү кошумчалайт. 8. Айыл чарба Керектөөчүлөрүнө берилген электр энергиясына тарифтер (V топ) 8.1. Айыл чарба Керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү кошулма-нын тибине жараша бир жана эки чен-өлчөмдүү тарифтер боюнча жүргүзүлөт. 8.2. 1 фазалуу кошулмасы бар айыл чарба Керектөөчүлөрүнө электрэнергиясын берүү жыл ичинде электр энергиясын пайдалануу мүнөзүнө кара-бастан, бир чен-өлчөмдүү тарифтер боюнча жүргүзүлөт. 8.3. 3 фазалуу кошулмасы бар айыл чарба Керектөөчүлөрүнө электрэнергиясын берүү жыл ичинде аяккы керектөөчүлөргө тарифтер боюнча ток-тому менен аныкталган өлчөмдө жана тартипте электр энергиясын пайдала-нуунун мүнөзүнө карабастан, эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 8.4. Айыл чарба Керектөөчүлөрүнүн тизмеси 2-тиркемеде көрсөтүлгөн. 9. Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу Керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер (VI топ) 9.1. Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу Ке-ректөөчүлөргө электр энергиясын берүү кошулманын тибине жараша бир жанаэки чен-өлчөмдүү тарифтер боюнча жүргүзүлөт. 9.2. 1 фазалуу кошулмасы бар республикалык жана/же жергиликтүүбюджеттен каржылануучу Керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү жыличинде электр энергиясын пайдалануу мүнөзүнө карабастан, бирчен-өлчөмдүү тарифтер боюнча жүргүзүлөт. 9.3. 3 фазалуу кошулмасы бар республикалык жана/же жергиликтүүбюджеттен каржылануучу Керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү жыличинде аяккы керектөөчүлөргө тарифтер боюнча токтому менен аныкталганөлчөмдө жана тартипте электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө карабас-тан, эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 9.4. Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу Ке-ректөөчүлөрдүн тизмеси 3-тиркемеде көрсөтүлгөн. 10. Электрлештирилген шаардык жана темир жол транспортунун Керектөөчүлөрүнө берилген электр энергиясына тарифтер (VII топ) 10.1. Электрлештирилген шаардык жана темир жол транспортунун Ке-ректөөчүлөрүнө тартуу максатына сарпталган (жарык кылуу жана тартуукөмөк чордондору жана жолдордун муктаждыктарын кошуп) электр энергиясы-на төлөм уруксат берилген кубаттуулук үчүн төлөмдү көрсөтпөстөн, IIIтоп үчүн боюнча тарифтер эсептелет. 10.3. Электрлештирилген шаардык (троллейбус, метро) жана темир жолтранспортунун Керектөөчүлөрү өндүрүш муктаждыктарына жана жарык кылууга(парктар, депо ж.б., 10.1-пунктта көрсөтүлгөндөн башкасы) сарпталганэлектр энергиясы Керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобу үчүн белгиленген тариф-тер боюнча төлөйт. 11. Дүњүнөн - алып сатуучуларга берилген электр энергиясына тарифтер (VIII топ) 11.1. Дүњүнөн - алып сатуучулар өзүнүн балансында трансформатордуккөмөк чордондору, жогорку жана төмөнкү вольттуу бөлүштүрүүчү тармактарыбар жана көрсөтүлгөн көмөк чордондорду жана тармактарды пайдаланганюридикалык жана жеке адамдар болуп эсептелет. Дүњүнөн - алып сатуучуларЭлектр менен жабдуучу уюмдардан электр энергиясын дүњүнөн сатып алуунужана алардын тармактарына кошулган ар түрдүү керектөөчүлөргө: ишкана-ларга, мекемелерге, уюмдарга, калкка ж.б.у.с. кайра сатууну жүргүзөт.Дүњүнөн - алып сатуучулар өзүнүн ишмердүүлүгүн ыйгарым укуктуу орган-дардан алган лицензиянын шарттарына ылайык ишке ашырат. 11.2. Дүњүнөн - алып сатуучулардын тизмеси Аткаруу кењешинин ток-тому менен бекитилет. 11.3. Дүњүнөн - алып сатуучуларга берилген электр энергиясына бирчен-өлчөмдүү тариф боюнча эсептешүү жүргүзүлөт. 11.4. Дүњүнөн - алып сатуучулар үчүн электр энергиясына тариф ый-гарым укуктуу органдын Аткаруу кењешинин өзүнчө токтомдору менен алар-дын кирешелер жана чыгашалар туурасында берген маалыматтарынан чыгыпжеке бекитилет. 11.5. Дүњүнөн - алып сатуучулар Электр менен жабдуучу уюмдарданалган электр энергиясын өзүнүн Керектөөчүлөрүнө Аткаруу кењешинин аларүчүн белгиленген тарифи боюнча берет. 12. Керектөөчүлөр - алып сатуучуларга берилген электр энергиясына тарифтер (IX топ) 12.1. Аралаш жүгү бар Керектөөчүлөр - алып сатуучулар өзүнүн ба-лансында трансформатордук көмөк чордондору, жогору жана төмөн вольттуубөлүштүрүүчү тармактары бар жана көрсөтүлгөн көмөк чордондорду жанатармактарды пайдаланган юридикалык жана жеке адамдар болуп эсептелет.Керектөөчүлөр - алып сатуучулар электр менен жабдуучу уюмдардан электрэнергиясын өзүнүн муктаждыктары үчүн сатып алууну жана алардын тармак-тарына кошулган ар түрдүү керектөөчүлөргө: ишканаларга, мекемелерге,уюмдарга, калкка ж.б.у.с. кайра сатууну жүргүзөт. Керектөөчүлөр - алыпсатуучулар өзүнүн ишмердүүлүгүн ыйгарым укуктуу органдардан алган ли-цензиянын шарттарына ылайык ишке ашырат. 12.2. Керектөөчүлөр - алып сатуучулардын тизмеси Аткаруу кењешининтоктому менен бекитилет. 12.3. Керектөөчүлөр - алып сатуучулар үчүн электр энергиясына та-риф ыйгарым укуктуу органдын Аткаруу кењешинин өзүнчө токтомдору мененалардын чыгымдар жана керектөөлөр туурасында берген маалыматтарынан чы-гып бекитилет. 12.4. Керектөөчүлөр - алып сатуучулар Электр менен жабдуучу уюм-дардан алган электр энергиясын өзүнүн Керектөөчүлөрүнө Аткаруу кењеши-нин алар үчүн белгиленген тарифи боюнча берет. 13. I-IX топторуна кирбеген калган бардык Керектөөчүлөргө берилген электр энергиясына тарифтер (X топ) 13.1. I-IX топторуна кирбеген калган бардык Керектөөчүлөргө берил-ген электр энергиясына эсептешүү кошулманын тибине жана электр энергия-сын пайдалануу максатына жараша бир же эки чен-өлчөмдүү тарифтер боюнчажүргүзүлөт. 13.2. 1 фазалуу кошулмасы бар калган бардык Керектөөчүлөргө,электр энергиясын мончолорго, сауналарга жана тамак даярдоо үчүн пайда-ланган Керектөөчүлөрдөн башка, электр энергиясы жыл ичинде бирчен-өлчөмдүү тариф боюнча берилет. 13.3. 3 фазалуу кошулмасы бар калган бардык Керектөөчүлөргө,электр энергиясын мончолорго, сауналарга жана тамак даярдоо үчүн пайда-ланган Керектөөчүлөрдөн башка, электр энергиясы жыл ичинде бирчен-өлчөмдүү тариф боюнча электр энергиясын пайдалануу мүнөзүнө кара-бастан берилет. 13.4. Электр энергиясын мончолорго, сауналарга жана шаймандарда(плиталарда, мештерде ж.б.) тамак даярдоо үчүн пайдаланган калган бар-дык Керектөөчүлөргө кошулманын тибине (1 жана 3 фазалуу) карабастан жыличинде эки чен-өлчөмдүү тариф боюнча жүргүзүлөт. 13.5. Бул топтогу Керектөөчүлөрдүн тизмеси 4-тиркемедекөрсөтүлгөн. 1-тиркеме Өнөр жай жана аларга тењештирилген Керектөөчүлөргө өндүрүш жанаазык-түлүктү кайра иштетүү менен алек болгон бардык уюштуруу калыбында-гы жана менчигиндеги ишканалар кирет, анын катарында: - бирикмелер, өнөр жай ишканалары (заводдор, анын катарында айылчарбасындагы оњдоочу ишканалар, айыл чарба машиналарын жана механизмде-рин оњдоо боюнча устаканалар, ошондой эле, илимий-изилдөө уюмдарынынтажрыйбалуу заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, кен чыгуучужайлар, карьерлер, разрездер, нефть, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмо-лору ж.б.); - өндүрүш устаканалары, типографиялар, муздатуучу орнотмолор,өндүрүш жана оњдоочу базалары, айыл фермерлери жана дыйкан чарбаларынкошпогондо; - курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар; - түздөн-түз курулуш жана куроо иштерин жүргүзгөн, бул курулуштутейлеген көмөкчү транспорттук жана жардамчы объекттерин кошуп айылдыккурулуш уюмдарынан башка курулуш уюмдары; - темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык транспорт ишканала-ры (оњдоочу жана башка заводдор, темир жол, троллейбус жана автобус де-посу жана парктары, ылгоочу транспорттук объекттер, дењиз жана дарыяпорттору, ашыруу базасы жана пункттары, автобазалар, нефть түтүктөр,магистралдык газ түтүктөрү ж.б.); - байланыштын бардык ишканалары (радиостанциялар, телевизиондукборборлор, ретранслятор, телефон жана телеграфтык түйүндөр жана станци-ялар, уюлдук байланыш станциялары, Интернет провайдер, почтамттарж.б.); - коммуналдык чарбанын бардык ишканалары (насостук станциялар, на-состук станциялар менен суу түтүктөрү, агынды коллекторлору жанатүзүлүштөр, сордуруп куюштуруу станциялары, суу топтомолор, от жагылуу-чу жайлар, жылуулук тармактардын ишканалары ж.б.); - өнөр жай ишканаларын материалдык-техникалык жактан жабдуучу иш-каналар жана уюмдар (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде ашы-руу, ар түрдүү кабыл алуу пункттары, бөлүштүрүүчү жана даярдоочу объек-ттер ж.б.); - канаттуулар, сүт жана сүт азыктарын, ун жана нан чыгаруу боюнчаишканалар, анын ичинде кичи тегирмендер, күптөр, кичи наабайканалар,балмуздак чыгаруу боюнча цехтер; - тамак аш жана жењил өнөр жай ишканалары, анын ичинде кондитердикжана тигүү цехтери; - эт жана жашылча-жемишти кайра иштетүүчү ишканалар; - тери, жыгач жана металлды иштетүү боюнча устаканалар; - өсүмдүк майын өндүрүү боюнча күптөр; - оњдоо-куроо заводдору жана башка өнөр жай ишканалары; - өнөр жай ишканаларынын кампалары жана базалары; - тањыктоо жана тара оњдоочу ишканалар жана уюмдар. 2-тиркеме Айыл чарба Керектөөчүлөрүнө кирет: - дыйкан жана фермердик чарба; - мал чарбачылык комплекстери, кошаралар жана айыл чарба продукци-ясын өндүрүү боюнча ишканалар; - өз алдынча же кооперативдик уюмдардан жана мекемелерден турганкөмөкчү айыл чарбасы; - күнөскана жана күнөскана-парник чарбачылыгы; - тоют жана семиртүү чарбачылыгы (пункттары), мамлекеттик асыл ту-кум өстүрүүчү станциялардын тоют чарбачылыгы, жылкы заводу, асыл тукумзаводдору (чарбачылыгы), мал чарбачылыктын асыл тукум питомниги, стан-циялары, асыл тукум малын чыгаруу боюнча бирикмелер; - гренаж заводдору, пилла кургаткыч, асыл тукумдуу жибек станция-лары; - канаттуулар фабрикасы, инкубатордук канаттууларды багуучу стан-циялар, асыл тукум канаттууларды өстүрүүчү завод; - балык өстүрүүчү заводдор (чарбачылыктар), балык чарбасы, балыксуу-мелиоративдик станциялар, асыл тукум балыктардын питомниктери, асылтукум балыктардын пункттары; - аары питомниктери жана аарынын бал челектер турган жери; - айыл чарба өсүмдүктөрүн сортун сыноочу жерлер; - дары жана техникалык чийки затты өстүрүү боюнча айыл чарба ишка-налары (чарбачылыгы); - өсүмдүктөрдү коргоо станциялары, экспедициялар жанаөсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары менен күрөшүү боюнча отряддар; - биофабрикалар жана биокомбинаттар; - токой чарбасы, токойчулук, токой питомниктери, коруктар, ањчылыкчарбасы, териси баалуу айбандардын, иттердин питомниги, бакма коендордуөстүрүү боюнча чарбачылык, жапайы айбандарды асыроо чарбачылыгы; - машина менен сугаруунун насостук станциялары, сугаруучу, суужеткирүүчү жана кургатуучу тутумдар, аларды пайдалануучу жерлер, суга-руучу каналдар, вертикалдуу кургатуучу скважиналар; - ветеринардык лабораториялар (жерлер, пункттар), жаныбарлардынилдеттери менен күрөшүүчү станциялар, эт, сүт жана тамакты көзөмөлдөөчүстанциялар. 3-тиркеме Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу Ке-ректөөчүлөргө кирет: - бардык мамлекеттик мекемелер; - мамлекеттик ооруканалар, бейтапканалар, алдын алуу жайлары,кењеш берүүчү жерлер, төрөт үйлөрү, балдар тамагы болгон сүт азыктарынберүүчү пункттар, инвалиддер жана кары-картањдар үйү, санаториялар жанабашка дарылануучу мекемелер; - мамлекеттик мектептер, мектеп-интернаттары, жогорку окуу жайлар,техникумдар, училищалар жана башка окуу мекемелери; - мамлекеттик балдар бакчалары жана бешик үйлөр, балдар үйү, эсалуу лагерлери жана башка балдар мекемелери; - мамлекеттик киностудиялары, театрлар, концерттик залдар, киноте-атрлар, цирк жана башка оюн-зоок көрсөтүүчү мекемелер; - мамлекеттик музейлер, көрсөтмөлөр, китепканалар, окуу, лекциязалдары, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка мада-ний-агартуучу мекемелер; - мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сууда сүзүү бассейндери,спорт залдар жана башка спорттук курулуштар; - мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар; - казарма жана аскер кызматы үчүн дайындалган турак үйлөрдү кошупаскер бөлүктөрү, бардык кызмат өтөөлөр менен аскердик окуу мекемелери; - Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана улуттук ко-опсуздук органдарына караштуу калган башка ишканалар, мекемелер жанауюмдар; - сот бийлигинин органдары; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; - башка топторго киргизилген, бирок толук республикалык жана/жежергиликтүү бюджеттен каржылануучу Керектөөчүлөр ушул Топко киргизилишикерек. 4-тиркеме Калган бардык Керектөөчүлөргө (X тобу) кирет: - бардык жалпыга маалымат каражаттары (кабелдик телевидение компа-ниялары, теле- жана радио компаниялары, гезиттердин, журналдардын ре-дакциялары ж.б.); - жарнак агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери; - банктар, ломбарддар, микрокредиттик уюмдар жана башка, КыргызРеспубликасынын Улуттук банкын кошпогондо, каржы кредиттик мекемелер; - жабдууларды, машиналарды, куралдарды, металлды, нефть өнүмдөрүнжана башка өндүрүш жана курулушка керектүү продукцияларды дүњүнөн жет-кирүү боюнча сатуучу жана жабдуучу уюмдардын кампалары жана базалары,ошондой эле материалдык-техникалык жабдуунун жана соода уюмдарынын ба-залары; - коомдук, укук коргоо уюмдары жана бирикмелери; - турак жайды-пайдалануу башкармалыгы (жеке муктаждыктарды кошуп); - илимий-изилдөө, долбоорлоо жана иликтөө институттары, эсептепчыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка или-мий-изилдөө жана долбоорлоо-иликтөө мекемелери; - темир жол бекеттери, кеме токтоочу жайлар, авто бекеттер, аэрод-ромдор, аэропорттор, автобус станциялары; - жеке автомашиналар үчүн гараждар жана гараж-курулуш кооператив-дери, автопарктар, автотуруктар, авто май куюучу станциялар, авто оњдо-очу устаканалар, техникалык тейлөө станциялары, авто жуучу жайлар; - калкты тиричилик жактан тейлеген бардык ишканалар, чачтарачтар,фотоателье, ателье жана кийим, бут кийим, маданий-тиричилик буюмдарыноњдоочу боюнча жайлар, химтазалоо жана кир жуугуч жайлар, киреканалар,мончолор, сауналар, чайынмалар жана башка тиричилик жактан тейлөөчү иш-каналар; - жеке ооруканалар, бейтапканалар, алдын алуу жайлары, кењешберүүчү жайлар, төрөт үйлөрү, санаториялар жана башка дарылоочу мекеме-лер; - жеке мектептер, мектеп-интернаттар, жогорку окуу жайлар, техни-кумдар, училищалар жана башка окуу мекемелери; - жеке балдар бакчасы жана бешик үйлөрү, эс алуу лагерлери жанабашка балдар мекемелери; - мейманканалар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпинг-дер, туристтик базалар; - жеке музейлер, көрсөтмөлөр, китепканалар, окуу, лекция залдары,планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуучумекемелер; - маданият жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоо-парктар; - жеке стадиондор, ипподромдор, сууда сүзүү бассейндери, спортзалдары жана башка спорттук имараттар; - бардык диний мекемелер (мечиттер, чиркөөлөр ж.б.), анын катарын-да диний окуу мекемелери; - бардык түрдөгү дүкөндөр, бутиктер, салондор, соода комплекстери,дарыканалар, алмашуу бюролору, офис борборлору; - дүкөнчөлөр, чатырлар, автодүкөндөрү, базарлар, жарманкелер жанабазарлар, мезгилдүү соода павильондору, бардык түрдөгү күркөлөр, үйдөгүдүкөндөр; - соода кампалары, чекене базалары, соода уюмдарынын дүњ базалары,жашылча сактоочу жайлар, жашылча жана жашылча-жемиш базалары; - ашканалар, шам-шум этүүчү жайлар, кафелер, барлар, чай ичилүүчүжерлер, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар ком-бинаттары, үйдөгү ашканалар; - казино, ойнотулуучу автоматтардын залы, Интернет-кафе жана башкаэс алуу мекемелери; - менчигинин түрүнө карабастан, азык түлүк, өнөр жай товарларын,чала фабрикаттарды сатууну, ошондой эле тамактарды жана суусундуктардычыгарууну түздөн-түз жүргүзгөн бардык чекене соода тармактары жана ко-омдук тамактануу ишканалары; - башка тарифтик топторго кирбеген калган бардык Керектөөчүлөр.