Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-ноябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 137-08 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 20-октябрындагы № 177-б буйругу менен бекитилди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгынын ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы Жоболор 2. Баалуу металлдар башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери 3. Текшерүүлөрдүн түрү жана аларды жүргүзүү үчүн негиздер 4. Текшерүүлөр субъектиси жана объектиси 5. Башкармалыктын жана анын кызмат адамынын укуктары, милдеттери 6. Ишкердик субъектисинин укуктары менен милдеттери 7. Текшерүүлөр планын макулдашуунун тартиби 8. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү 9. Текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы 10. Ишкердик субъекттеринин аймагына же имаратына жеткиликтүүлүк 11. Текшерүүнү аяктоо 12. Текшерүүнү жүргүзүү учурунда колдонулган документтер 13. Инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби 14. Башкармалыктын текшерүүгө буйрутмасы 15. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктын суроо-талаптары 16. Текшерүү актысы 17. Башкармалыктын чечими 18. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме. Кабарлоо. 19. Башкармалыктын анын кызматтык адамдарынын чечимдерине, иш-аракеттерине (аракетсиздик) даттануу укугу 20. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жана күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги 1. Жалпы Жоболор 1. Ушул Жобо ишкердүүлүк субъекттерин Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине караштуу баалуу металлдар Башкармалыгынын (мынданары Башкармалык) текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салат жана Баш-кармалыктын кызмат адамдары тарабынан ишкердүүлүк субъекттеринин ишинеКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кийлигишүүлөргө жолбербөө максатында иштелип чыккан. 2. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына, "Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүнтартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ишкердүүлүк субъек-ттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана ишкердүүлүк субъекттерин текше-рүүнү, жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укук органдардын тизмесин аныктоо-нун тартиби жөнүндө" 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 513 Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн токтомуна, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-нин "Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда баалуу металлдарды жанаасыл таштарды алуунун, сарптоонун, эсептөөнүн жана сактоонун тартибижөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" 2002-жылдын 17-июлундагы N 213 буй-ругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде2002-жылдын 26-июлунда каттоодон өткөн, каттоо номуру 155-02 "Ишкана-ларда, мекемелерде жана уюмдарда баалуу) металлдарды жана асыл таштардыалуунун, сарптоонун, эсептөөнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө" Нуска-мага жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалууметаллдар Башкармалыгынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө ушулЖобого ылайык (мындан ары - Жобо): зергерчилик ишканалар, өнөрканалар,зергерчи усталар өз ишинде баалуу металлдар менен асыл таштарды колдо-нуучу, баалуу металлдардан экинчи кайталап алынуу жагында иштеген уюм-дар, ошондой эле стоматологиялык поликлиникалар, ломбарддар баалуу ме-таллдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатып өткөрүүчү сатыпалуучу пункттар менен соода уюмдары жыл сайым каттоодон өтүүгө милдет-түү. Бул үчүн төмөнкү документтер берилет: а) Юридикалык жактар: ишкананын уставы (иштин түрүн аныктоо үчүн); - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; - СТИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру); - тараза жабдуусун мамлекеттик текшерүү жөнүндө күбөлүк; - имарат жайдын ижарасы жөнүндө же сатуу сатып алуу жөнүндө кели-шим (ишкананын жайгашкан ордун аныктоо үчүн): - Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын лицензиясы (ломбарддар); - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензи-ясы (стоматологиялык поликлиникалар, жеке менчик стоматологиялык каби-неттер); б) Жеке жактар: Жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өтүшү жөнүндө күбөлүк; - салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру же патент; - имарат жайдын ижарасы же сатуу сатып алуу" жөнүндө келишим; - тараза жабдуусун мамлекеттик текшерүү жөнүндө күбөлүк. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилгенден кийин ишкердүүлүксубъекттерине баалуу металлдар менен иштөөнүн ишкердик түрү көрсөтүлгөнкаттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмөсү берилет. Белгиленген үлгүдөгүэсеп журналы жана айтылган иштин түрү катталат. 3. Ушул Жободо жөнгө салынбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү маселеси"Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана ишкердик субъект-тери текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардынтизмесин аныктоонун тартиби жөнүндө" 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ишкердиксубъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун ченемде-рине ылайык жөнгө салынат. 2. Баалуу металлдар башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча ишкердик субъект-тердин ишине контролдук жасоо текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максатыболуп саналат. Мында текшерүүлөр ишкердүүлүк субъектисине карата финансылык жедагы башка санкцияларды колдонуу максатын көздөбөйт. Ишкердүүлүк субъ-екттин текшерүүлөрдү жүргүзүүдө башкармалыктын негизги милдети КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын бузууларды алдын алуу жана профилактикалооболуп эсептелет. 5. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болупсаналат: - ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги мыйзамдуулук, объективдүүлүкжана айкындуулук принциби; - ишкердик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпция принциби; - текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ведомстволук жана ведомстволор аралыкконтролдоо менен көзөмөлдөөнүн бири бирин кайталоого жол берилбестикпринциби; - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүк жана оперативдүүлүкпринциби. 6. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүкаржылоо республикалык бюджеттин каражатынан гана ишке ашырылат. Башкармалыкка жана анын кызмат адамдарына түздөн-түз текшерүүлөрдүжүргүзүүдө накталай акча түрүндө айыпты өндүрүп алуу жана ишкердүүлүксубъектинен дагы башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Бардык эсепте-шүүлөр тийиштүү банктык эсеп-чот аркылуу гана өткөрүлүшү тийиш. 3. Текшерүүлөрдүн түрү жана аларды жүргүзүү үчүн негиздер 7. Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөр и пландуу, контролдук жанапландан тышкары текшерүүлөргө бөлүнөт. 8. Пландуу текшерүү башкармалык тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүпланына ылайык текшерилүүчү ишкердүүлүк субъектинин жайгашкан, каттал-ган же экономикалык иш жүргүзгөн орду боюнча жүргүзүлөт. Пландуу тек-шерүүгө ишкердүүлүк субъектинин иш мезгилинин мурдагы пландуу тек-шерүүгө камтылган мезгил аяктаган күндөн тартып камтылат. 9. Контролдук текшерүү мурдагы пландуу же пландан тышкары текше-рүүдө белгиленген тартип бузууларды ишкердүүлүк субъектиси четтетүүүчүн Башкармалык тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү. Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүлөрдө табылган тартип бузуу-ларды ишкердүүлүк субъектиси тарабынан четтетилишин аныктоо максатындагана жүргүзүлөт, ошондуктан ушул милдеттин чегинен чыгышы мүмкүн эмес. Контролдук текшерүү белгиленген тартип бузууларды четтетүү үчүнишкердүүлүк субъектисине берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзү-лүшү мүмкүн. 10. Пландан тышкары текшерүү - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитил-ген пландан тышкары Башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөрсаналат: - пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө ишкердүүлүк субъекти-синин жазуу жүзүндөгү арызы; - Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын ишкердүүлүк субъектиситарабынан бузуулардын фактылары жөнүндө маалымат түшкөндө; - ишкердүүлүк субъектиси тарабынан жеке же юридикалык жактын укук-тары менен таламдарын бузуу фактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз түшсөжана анда ишкердүүлүк субъектиси тарабынан арыз берүүчүнүн укуктары ме-нен таламдары бузгандыгы жөнүндө маалыматты ырастоочу документтер, ма-териалдар тиркелсе. Башкармалыкка кайрылган жактын аты-жөнүн жана жайгашкан ордунаныктоого мүмкүндүк бербеген арыз текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болбойт. 4. Текшерүүлөр субъектиси жана объектиси 11. Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюм-дарды өндүрүүчүлөрдүн, пайдалануучулардын жана сатып өткөрүүчүлөрдүнбардыгы тарабынан баалуу металлдарды, асыл таштарды өндүрүү, кайра иш-тетүү, колдонуу жана алардан зергерчилик жана башка буюмдарды даярдообоюнча мыйзамдарды. бекитилген стандарттарды сактоо боюнча менчиктинтүрүнө карабастан контролдукту камсыз кылуучу Баалуу металлдар башкар-малыгы текшерүүлөрдүн субъектиси болуп саналат. 12. Аффинаждан кийин баалуу металлдар менен иштөөчү, металлдардыөндүрүштүк-техникалык максатта лабораториялык, жабдууларда жана прибор-лордо таза түрүндө же жогорку пробада металлдарды колдонуучу ишканалар-дын, уюмдардын, мекемелердин ишмердиги жана жеке ишкерлер, тиш каптоочупродукцияларды даярдоочу жеке менчиктеги стоматологиялык клиникалар,баалуу металлдардан зергерчилик буюмдарын сатып өткөрүүчү жана сатыпалуучу дүкөндөр жана пункттар, ошондой эле жабдуулардын жана приборлор-дун тетиктери менен түйүндөрүнөн баалуу металлдарды кайталап алуу жа-гында иштеген ишканалар текшерүүлөр объектиси болуп саналат. 13. Ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшерүү Башкармалыктын кызматадамдары тарабынан жүргүзүлөт. Башкармалыктын начальниги, анын орун басары, бөлүмдөрдүн началь-никтери, ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуубашкы жана жетектөөчү адистер Башкармалыктын кызмат адамдары болуп са-налат. Башкармалыктын кызмат адамдарынын иш аракети менен кызмат адамда-рынын кол коюлган документтер Башкармалыктын иш аракети жана документикатары таанылат. 14. Текшерүү актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу, ишкердүүлүксубъектисинин кызмат адамы ишкердүүлүк субъектиси тараптан текшерүүгөкатышат. Башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси же анын орун басары жеболбосо уюштуруу документтерине ылайык башкаруунун аткаруу органынынжетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу адам ишкердүүлүк субъектисинин кыз-мат адамы деп таанылат. Жеке ишкерлер үчүн ал болбой калган учурлардаматериалдык жоопкер адам алмаштырат. Ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамынын иш-аракети жана кол кой-гон документи ишкердүүлүк субъектинин иш-аракети менен документи катарытаанылат. 15. Ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамы катышуусуз жүргүзүлгөнтекшерүү мыйзамсыз деп табылат. 5. Башкармалыктын жана анын кызмат адамынын укуктары, милдеттери 16. Кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу: - ишкердүүлүк субъектисинен же анын кызмат адамынын текшерүү планыменен тикелей байланышкан маселелер боюнча документти, маалыматты, тү-шүндүрмөнү талап кылууга жана алууга: - зарыл болгон учурда документтерди жазып алууга жана көчүрмөлөө-гө; - эгерде кароо текшерүү жүргүзүү менен байланыштуу болсо, жайлар-ды, жабдууларды жана башка мүлктү карап чыгууга; - эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышын контролдооменен байланыштуу болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө: - башкармалыктын лабораториясында талдоо жана экспертиза үчүн баа-луу металлдары бар продукциялардын үлгүлөрүн белгиленген тартипте тан-дап алууну жүргүзүүгө. - экспертизанын натыйжалары боюнча экспертиза актысы түзүлөт, анынбир нускасы текшерүү актысына тиркелет, ал эми экинчи нускасы "Талдоожана экспертиза" лабораториясында калтырылууга; - текшерүүчү адамдын мыйзамдуу талаптары аткарылбаган учурда,ошондой эле КР мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ишкердүүлүксубъектисин жана анын кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу боюнча чара-ларды көрүүгө; - ушул Жободо каралган дагы башка укукка. 17. Башкармалыктын кызмат адамына төмөнкүлөргө тыюу салынат: - текшерүү планына таандык болбогон документти, маалыматты жанатүшүндүрмөнү ишкердүүлүк субъектисинен же анын кызмат адамынан талапкылууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган ишкердүү-лүк субъектисинин иши жөнүндө маалыматты сактоого жана пайдаланууга; - ишкердүүлүк субъектисинин же анын кызмат адамынын макулдугусузКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,текшерүүлөрдү жүргүзүүлөрдүн натыйжасында алар тарабынан алынган мамле-кеттик, коммерциялык жана башка мыйзам тарабынан корголуучу жашыруунсырды түзгөн маалыматты жайылтууга; - ишкердүүлүк субъектинен же анын кызмат адамынан текшерүүлөрдүжүргүзгөнү үчүн кандайдыр бир сый-урмат же кызмат көрсөтүүнү талап кы-лууга же алууга; - мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ишкердүүлүк субъекти-синин ишине кийлигишүүгө, чектөөгө же токтотуп коюуга; - ишкердүүлүк субъектиси же анын кызмат адамы тарабынан тартип бу-зуунун фактысын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга. 18. Башкармалыктын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү: - текшерүү башталганга чейин кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жанаишкердүүлүк субъектисине же анын кызмат адамына текшерүү жүргүзүүжөнүндө буйрутманын бир нускасын берүүгө, текшерүү предметинин маселе-лери менен тааныштырууга; - текшерүүнү "Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүнтартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Жободо жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган текшерүү предметинин ма-селелерине бекем ылайыктап жүргүзүүгө; - текшерүүнү ишкердүүлүк субъектисинин иш маалында жана анын кыз-мат адамынын катышуусунда жүргүзүүгө; - ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамы талап кылса, анын неги-зинде жана ошого ылайык текшерүү жүргүзүлүп жаткан ченемдик-укуктук ак-тыларды көрсөтүүгө: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ачык-айкын ченемдерин көр-сөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө табылган тартип бузууларды негиздөө-гө; - текшерүү жүргүзгөнү жөнүндө инспектордун текшерүүлөрдү каттооКитебине жазып калтырууга жана колун коюуга; - текшерүү планына таандык документацияларды жана да башка матери-алдарды талап кылууга. 19. Башкармалык: - анын ишин каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттынэсебинен текшерүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан бардык чыгымды каржы-лоону жүргүзүүгө: - ишкердүүлүк субъектисинин жайгашкан же болбосо ишкердүүлүк ишинжүргүзгөн ордунан текшерүү жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы каршылыктар менен такэместиктерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын туура ат-каруу боюнча текшерүүгө таандык ишкердүүлүк субъектисине же анын кызматадамына каршы колдонбоого; - ушул Жободо каралган дагы башка милдеттерди аткарууга милдеттүү. 6. Ишкердик субъектисинин укуктары менен милдеттери 20. Ишкердик субъектиси төмөнкүлөргө укуктуу: - ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын кызматтык күбөлүгүн,текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрутаманы, текшерүүгө таандык ишкердиксубъектисине милдеттүү талаптарды аныктоочу ченемдик-укуктук актылардыкөрсөтүүнү талап кылууга; - текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укугу болбогон адамды текшерүүгө жолбербөөгө; - Башкармалыктын текшерген кызмат адамынын талаптары текшерүүпредметине кирбесе, анын талаптарын аткарбай коюуга; - Башкармалыктын текшерген кызмат адамынын жүргүзгөн текшерүү жө-нүндө инспектордук текшерүүлөрдү каттоо Китебине жазып калтырчуну талапкылууга: - текшерген кызмат адамынын текшерүү жүргүзүүгө буйрутманын бирин-чи нускасын, ошондой эле текшерүү актысынын бир нускасын алууга; - текшерүү жыйынтыгына даттанууга; - ушул Жободо каралган дагы башка укуктарга. 21. Ишкердүүлүк субъектиси төмөнкүлөргө милдеттүү: - Башкармалыктын кызмат адамына кызматтык күбөлүгүн жана текшерүү-гө буйрутманы көрсөткөнүндө текшерүү үчүн тоскоолдуксуз жол берүүгө; - текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл материалдар менен документтер-ди көрсөтүүгө, ошондой эле түшүндүрмө берүүгө; - инспектор милдетин аткарууда ага көмөк көрсөтүүгө; - ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшергенде ишкердүүлүк субъек-тисинин кызмат адамынын катышууга: - Башкармалыктын инспекторунун мыйзамдуу талаптарын аткарууга; - Башкармалыктын кызмат адамдары талап кылган документтерди берүү-дөн баш тартканда акты түзүүгө жана материалдарды жогору турган же укуккоргоо органдарына берүүгө. 7. Текшерүүлөр планын макулдашуунун тартиби 22. Башкармалык кеминде бир кварталдык мөөнөткө келерки текшерүү-лөрдү жүргүзүү планын түзүүгө милдеттүү. 23. Планда пландалган текшерүү мезгили башталганга чейин 30 кален-дардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Башкармалык ишкердүүлүктү колдоожана өнүктүрүү функциясын жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга(мындан ары ЫуМО) текшерүүлөр планын берет. 24. Башкармалыктын текшерүүлөр планы ЫуМО начальниктин же анынорун басарынын колу коюлган коштомо каты менен жазуу жана электрондуктүрүндө берилет. 25. Текшерүүлөр планы ЫуМОнун нускамасында белгиленген форма боюн-ча түзүлөт жана милдеттүү тартипте төмөнкүдөй реквизитин камтыйт: 1) Планга киргизилген ишкердик субъекттеринин толук реквизити жекеадамдын аты-жөнү, атасынын аты же юридикалык жактын аталышы; 2) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (СТИН); 3) Патенттин номуру; 4) Менчиктин түрү; 5) Ишкердик субъектинин юридикалык дареги; 6) Мурдагы текшерүү күнү; 7) Эскертүү. 26. Пландан тышкаркы текшерүүлөрдү ЫуМО менен макулдашчу Башкарма-лыктын сурамы боюнча оперативдик тартипте, ушул Жободо көрсөтүлгөнпландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн анда негиз болгондо жүргүзүлөт. 27. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө Башкармалыктын су-роо-талабы ишкердүүлүк субъектисинин реквизитин текшерүү жөнүндө су-роо-талапка негиз болуп кызмат кылган документтердин көчүрмөсүн кам-тыйт. 28. Текшерүүлөр планын макулдашкандан кийин башкармалык 5 жумушкүндөн ашпаган мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрдүн атайынкаттоо китебинде планга ылайыктуу Буйрутманын бланкаларын каттоодон өт-көрөт жана аларды ЫуМОго берет. 29. ЫуМО буйрутманын бланкаларына ЫуМОнун каттоо номурун ыйгаратжана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрү-лөт. 30. Буйрутманын күбөлөндүрүлгөн бланкалары бекем сактоонун жанаотчеттуулуктун документи болуп саналат. 31. Буйрутманын бланкалары текшерүүлөр планында текшерүү жүргүзүү-нү баштоо айы деп аныкталган айдан баштап 3 календардык ай бою жарак-туу. Текшерүү жүргүзүүнү баштоо айынын мурдагы пландуу текшерүү бүткөнайдан мурда белгилениши мүмкүн эмес. 32. Текшерүүлөр планы оњдолгон учурда Башкармалык ЫуМО менен план-ды өзгөртүүнү макулдашкандан кийин 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө өзү-нүн текшерүүлөрдү каттоо китебине колдонулбаган буйрутмаларды каттоосабында бланкаларды колдонбогондук жөнүндө белги коет. Кабыл алуу-өткөрүү актысы менен буйрутмалардын колдонулбаган блан-ктарга оњдоолорду макулдашкандан кийин 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттөЫуМОго берилет. Текшерүүдөн өтпөй калган ишкердүүлүк субъекттерине карага (алардынбуйрутманын колдонулбаган бланктары кайтарылып келгендерине карата),жањы буйрутмаларды каттоодон өткөрүүнү башкармалык аларды ЫуМОго күбө-лөндүрүү үчүн берүү менен кезектеги тартипте жүргүзүүгө тийиш. 33. Башкармалык отчеттук кварталдан кийинки айдын 15 күнүнөн ке-чиктирбеген мөөнөттө ЫуМОнун нускамасында белгиленген форма боюнча ЫуМОго текшерүүлөрдүн натыйжасы жөнүндө отчетту тапшырат. Отчетко колдонул-ган буйрутманын үчүнчү нускасы тиркелет. 8. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү 34. Текшерүү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 30 календардык күндөн аш-поого тийиш. Бул мөөнөт Башкармалык начальнигинин жазуу чечими боюнчаөзгөчө шарттарда 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө бир жолу узар-тылышы мүмкүн. 35. Текшерүү мөөнөтүн узартуу үчүн тизмени камтуучу негиз Башкар-малыктын нускамасында белгиленген. 36. Текшерүү мөөнөтүнүн аякташы болуп ишкердик субъектисине тек-шерүүнү жүргүзүү жөнүндө актынын тапшыруу датасы же, текшерүүнү аяктоодатасы буйрутмада көрсөтүлгөн дата болуп эсептелет, эгер бул датага че-йин тапшырылбаса. 37. Пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө ишкердик субъектисине тек-шерүүнү жүргүзүү башталган датага чейин жазуу билдирмеси аркылуу 10 ка-лендардык күнгө чейин эскертилүүгө тийиш. Ишкердик субъектиси текшерүүнү жүргүзүүнү белгиленген мөөнөттөжүргүзүүнү камсыздоого милдетүү же бул мөөнөттө текшерүүнү жүргүзүүмүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого тийиш (жүй-өөлүү себептер болуусунда) жана текшерүү башталышы жөнүндө билдирмениалган датадан 5 күндөн ашпаган мөөнөттө текшерүүнү жүргүзүүнүн башкадатасы макулдашылууга тийиш. Текшерүүнүн башталыш мөөнөтүн которуугабир жолу гана уруксат берилет. 38. Пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү үч жумушчу күндөнашпоосу керек. 39. Ишкердик субъектисинде табылган бузууларды четтетүү үчүн бе-рилген мөөнөтү жеткенден кийин гана контролдук текшерүүлөр жүргүзүлөт. 9. Текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы 40. Буйрутманын негизинде (мындан ары - буйрутма) ишкердик субъек-тисин текшерүүнү ишке ашырылат. 41. Буйрутмада көрсөтүлгөн Башкармалыктын кызматтык адамдары ганатекшерүүнү жүргүзүүгө кирүүгө тийиш. 42. Буйрутмада көрсөтлгөн дата текшерүүнүн башталыш күнү болуп са-налат. 43. Эгер Башкармалык текшерүүчү кызматтык адамдар курамын алмашты-руу же толуктоону жүргүзсө Башкармалык начальниги буйрутманын тийиштүүбөлүмүн үч нускада толтурат, анда кызматтык адамдардын алмашылган жетолукталган адамдарды буйрутмада көрсөтүү менен кол коет жана мөөр ба-сат. 44. Текшерүү мөөнөтүн узартуу шарты болсо Башкармалык начальнигибуйрутманын тийиштүү бөлүмүн үч нускада толтурат, ага кол коет жанамөөр басат. 45. Башкармалыктын кызматтык адамы буйрутманын биринчи нускасынишкердик субъектисинин кызматтык адамына тапшырат. Буйрутманын экинчи нускасын ишкердик субъекттин кызматтык адамыбуйрутманы алгандыгы жөнүндө жазууну жазат жана Башкармалыктын кызмат-тык адамына кайтарат. Буйрутманын үчүнчү нускасынын бир жагына толтурулуу менен текшерүүнатыйжалары жөнүндө отчет тиркелет жана ЫуМОго жөнөтүлөт. 10. Ишкердик субъекттеринин аймагына же имаратына жеткиликтүүлүк 46. Ишкердик субъекттеринин аймагына же имаратына Башкармалыктынкызматтык адамдарынын кирүүсү бул адамдардын кызматтык күбөлүктөрүн жа-на текшерүү буйрутмасын көрсөтүүдө ишке ашырылат. 47. Ишкердик субъектисинин аймагындагы имаратка Башкармалыктынкызматтык адамын мыйзамсыз киргизбеген шартта Башкармалыктын кызматтыкадамы акт түзөт. Ишкердик субъектисинин актка кол коюуга баш тартуусунда, Башкарма-лыктын кызматтык адамы актка тийиштүү жазууну жүргүзөт. 48. Текшерилүүчү ишкердик субъектисинин аймагына же имаратына тек-шерүүнү жүргүзүүчү Башкармалыктын кызматтык адамына жеткиликтүүлүккөмыйзамсыз тоскоолдук кылынса КР административдик жоопкерчилик тууралууКодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат. 11. Текшерүүнү аяктоо 49. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Башкармалыктын кызматтык адамытекшерүү жөнүндөгү актыны түзөт. 50. Текшерүү жөнүндөгү актынын бир нускасы ишкердин субъектисининкызматтык адамына тапшырылат. Ишкердик субъектиси актыны алгандыгы жөнүндө актынын экинчи нуска-сына жазууну жүргүзөт. Качан ишкердик субъектисинин кызматтык адамы актыга кол коюуданчеттесе, Башкармалыктын кызматтык адамы актка тийиштүү жазуунужүргүзөт. 51. Актыда баяндалган текшерүү натыйжалары менен макул болбогонучурда ишкердик субъектиси же анын кызмат адамы актыга кол коюуга мил-деттүү жана каршы болуу жөнүндө жазууну жүргүзүүгө укуктуу. Каршы болуу жүйөөлөрүн түшүндүргөн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөржана документтер актыга тиркелет, же ишкердик субъектиси тарабынан ак-тыны алган учурдан 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттө Башкармалыккажөнөтөт. 52. Эгерде ишкердик субъектиси же анын кызмат адамы административ-дик жоопкерчиликти тартууга туура келген мыйзам талаптарын бузуу табыл-са, Башкармалыктын кызмат адамы административдик жоопкерчилик тууралууКР Кодексине ылайык административдик укук бузуулар тууралуу протоколтүзөт. 53. Ишкердик субъектисин же анын кызмат адамын жоопкерчиликке тар-туу жөнүндөгү чечимде төмөндөгүлөр болууга тийиш: - жасалган укук бузуулардын мазмуну менен жагдайынын баяндалышы; - конкреттүү бузулган мыйзамдар жана мыйзамдык актылардынкөрсөтүлүшү; - көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерге шилтемелердинберилиши; - өзүн коргоого ишкердик субъектисинин жүйөөлүү себептерин жанаошол жүйөөлүү себептерди текшерүү натыйжасын келтирүү. - административдик жоопкерчиликтин колдонулган чараларынын көрсө-түлүшү. 54. Ушул Жобонун 91-пунктунун 1 жана 2-пунктчасында көрсөтүлгөнбузуулар табылганда Башкармалыктын жетекчиси ишкердик субъектисине булбузууларды четтетүү тууралуу талаптар менен белгиленген формада билдир-ме жөнөтөт. 1) 3 календардык күнгө чейинки мөөнөттө - эгерде бузууларды жойбойкоюу адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча коопсуздуктукамсыздоого таасир көрсөткөн учурда; 2) 30 календарлык күнгө чейинки мөөнөттө - калган бардык учурлар-да; 55. Бузууларды четтетүү үчүн ишкердик субъектисине берилгенмөөнөтү жеткенде Башкармалык контролдук текшерүүнү ишке ашырат. 56. Эгер контролдук текшерүү жүрүшүндө билдирмеде көрсөтүлгөн бу-зуулар четтетилбесе, анда Башкармалыктын кызмат адамы административдикжоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын Кодексинин талаптарынаылайык административдик укук бузуулар тууралуу иш боюнча токтом чыга-рат. 57. Ушул Жобонун 91-пунктунун 3-7-пунктчасында көрсөтүлгөн бузуу-лар үчүн санкция административдик жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Респуб-ликасынын Кодексинин талаптарына ылайык ишкердик субъектисине же анынкызмат адамына жасаган укук бузууларына токтоосуз, текшерүү актысын бе-китүүдө салынат. 58. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме анын ишкердик субъектисианы белгиленген мөөнөттө аткарууга же текшерүү натыйжасына даттануугамилдеттүү. 59. Ушул бөлүмдүн талаптарын Башкармалыктын кызмат адамдарынынсактабай коюшу Башкармалыктын чечимин жараксыз кылууга негиз болуп са-нала. 12. Текшерүүнү жүргүзүү учурунда колдонулган документтер 60. Текшерүү жүргүзүүдө Башкармалык менен ишкердик субъекттеритөмөндөгү документтерди пайдаланышат: - инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби; - Башкармалыкты текшерүүгө буйрутма; - документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктынсуроо-талабы; - текшерүү акты; - бузууларды четтетүү тууралуу Башкармалыктын билдирмеси; - Башкармалыктын чечими; - административдик бузуулар тууралуу протокол; - Башкармалыктын билдирүүсү; - Башкармалыкка ишкердик субъектисинин суроо-талабы; - Башкармалыктын суроо-талабына ишкердик субъектисинин жообу; - Башкармалыктын жана анын кызмат адамдарынын аракеттерине (ара-кетсиздигине) ишкердик субъектисинин даттануусу; Көрсөтүлгөн документтердин тизмеси толук болуп саналат. Башкарма-лыкка ишкердик субъекттерине башка документтерди же бул Жобонун талап-тарына туура келбеген документтерди жиберүүгө тыюу салынат. 13. Инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби 61. Башкармалыктын текшерүүлөрү инспектордук текшерүүлөрдү каттоокитебинде катталууга тийиш (мындан ары - Китеп). 62. Китеп расмий документ болуп саналат жана ишкердик субъекттеритарабынан ишмердигинин бүт мөөнөтү ичинде сакталат жана текшерүүлөрдүнөтүү фактысын, мөөнөтүн жана текшерүүлөр жөнүндө башка маалыматтардытастыктоо болуп саналат. 63. Ар бир филиалдын, өкүлчүлүктүн же ишкердик субъектисининөзүнчө структуралык бөлүгүнүн өз алдынча Китеби болушу мүмкүн. 64. Китеп-белгиленген форма боюнча жүргүзүлөт, Китептин барактарыбайланып коюлат, ишкердик субъектиси же анын кызматтык адамы тарабынанкол коюлат жана мөөр басылат. 65. Китептин жоктугу бузуу болуп эсептелбейт. Китептин жоктугу текшерүүнү жүргүзүүдөн баш тартууга негиз болоалбайт. 66. Китепте Башкармалыктын кызмат адамдары төмөндөгүлөрдү жазуугамилдеттүү: - Башкармалыктын аталышы жөнүндө; - текшерүү жүргүзүүнүн башталган жана аяктаган күнү; - текшерүүнүн негиздери жана предмети тууралуу; - Башкармалыктын текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамдарынын ээлегенкызматы. аты-жөнү жана алардын койгон колу жөнүндө. 14. Башкармалыктын текшерүүгө буйрутмасы 67. Текшерүүгө Башкармалыктын буйрутмасы (мындан ары - буйрутма)текшерүүнү жүргүзүүгө Башкармалыктын кызматтык адамынын ыйгарым укугунырастоочу расмий документи болуп саналат. Буйрутмасыз текшерүүнү жүргү-зүүгө тыюу салынат. 68. Буйрутма үч нускада жазылат. Башкармалыктын начальнигинин колужана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана милдеттүү тартипте төмөнкү рекви-зиттерди камтыйт. - ЫуМОдо буйрутманы каттоо номуру жана күнү; - Башкармалыктын аталышы; - текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (жактын)аты-жөнү; - салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү, жеке номери жана ишкердүү-лүк субъектти текшерүүчүнүн дареги же жеке жактын социалдык коргоо (же-ке номери) күбөлүгүнүн каттоо номери; - текшерүүнүн максаты, түрү жана предмети; - текшерүүнүн укуктук негиздери; - текшерүү мезгили; - текшерүүнүн башталган жана аяктаган күнү. 69. Буйрутманын арткы бети болот, текшерүүнүн натыйжасы боюнча алмилдеттүү түрдө Башкармалыктын кызмат адамы жана текшерилүүчү ишкердүү-лүк субъекттеринин кызмат адамы тарабынан анын кароосу боюнча толтуру-лат. 70. Текшерүүгө таандык маселелердин тизмеси Башкармалыктын началь-гини бекиткен текшерүүнүн предметинде чагылдырылууга тийиш, ал буйрут-мага тиркелет. 15. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктын суроо-талаптары 71. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктынсуроо-талаптары (мындан ары суроо-талап) расмий документ болуп саналатжана ишкердик субъектилеринен документтерди жана маалыматтарды алууүчүн ал пландуу же пландан тышкаркы текшерүүнүн предметине ылайык иш-кердик субъектисине жөнөтүлөт. 72. Суроо-талап өзүнчө формада эки нускада түзүлөт жана Башкарма-лыктын начальниги тарабынан кол коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 73. Суроо-талапта ишкердик субъекттеринен алынган документтердинжана маалыматтардын толук тизмеси жана суроо-талапты аткаруу мөөнөтүкамтылууга тийиш. 74. Ишкердик субъектиси Башкармалыкка күбөлөндүрүлгөн документтер-дин көчүрмөсүн же алардын көчүрмөсүн берет. 16. Текшерүү актысы 75. Акт текшерүүнүн жыйынтыктоочу расмий документи болуп саналат,ал текшерүүнүн жыйынтыгынан көз карандысыз таризделет. Акт эки нускаданкем эмес санда түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн башкармалыктын кызматадамы жана ишкердүүлүк субъекттин кызмат адамы тарабынан кол коюлат. Акт милдеттүү тартипте төмөнкү реквизиттерди камтыйт: 1) текшерүүнү жүргүзүү орду жана акты түзүлгөн күн; 2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы; 3) текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиздеме; 4) текшерүүнүн түрү; 5) текшерүүгө буйруктаманын реквизиттери; 6) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү жанакызматтык күбөлүгүнүн номери; 7) ишкердүүлүк субъектинин аты-жөнү же ишкердүүлүк субъектининюридикалык жактын толук аталышы, ишкердик субъектисинин СТИНы; 8) ишкердүүлүк субъектисинин катталган жана экономикалык иш жүр-гүзгөн орду; 9) текшерүүгө катышкан ишкердик субъектисинин жетекчисинин жанадагы башка кызмат адамдарынын аты-жөнү; 10) акыркы пландуу текшерүүдөн баштап бардык мурдагы текшерүүлөртууралуу текшерүүлөрдүн түрү жана мөөнөттөрү, текшерүүлөрдүн натыйжала-ры, табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча (болсо) кабыл алынганчаралар көрсөтүлгөн маалымат; 11) мурдагы текшерүүлөрдө табылган укук бузууларды ишкердик субъ-ектиси тарабынан четтетүү боюнча маалымат; 12) ишкердиктин текшерилген мезгили; 13) текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн иш-кердик субъектисинин объекттери жана документтери тууралуу жалпы маалы-мат. 14) текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузуулардын кырдаалын жанамањызын кењири баяндоо, мында ишкердик субъектисинин ачык-айкын факты-лары, документтери көрсөтүлөт, ошонун негизинде жасалган укук бузуу жө-нүндө тыянак чыгарылат, ишкердик субъектиси тарабынан бузулган мыйзам-дардын жана мыйзамдык ченемдик актылардын ачык-айкын ченемдери да көр-сөтүлөт; 15) жол берилген бузуулардын себеби жөнүндө ыйгарым укукту орган-дын кызмат адамынын негиздеме пикири: техникалык жањылыштык, мыйзам че-немдерин туура эмес чечмелөө же колдонуу, ишкердик субъектисинин айрымченемдик укук актылары тууралуу билбегендиги, атайлап бузуу жана дагыбашка себептер; 16) текшерүүнүн түрүнө жана предметине ылайык текшерүү тыянагы ме-нен натыйжасы; 17) ишкердик субъектисинин тарабынан мыйзамдардын жана мыйзамдыкченемдик актылардын талаптарын бузууларга алып келген жањылыштыктаркөрсөтүлүү менен ишкердик субъектисинин ишин өркүндөтүү боюнча ыйгарымукуктуу органдын кызмат адамынын сунуштамасы. 76. Эгерде бузуулар белгиленбесе, анда бул тууралуу актыда тийиш-түү жазуу жүргүзүлөт. 77. Актыга текшерүү жүргүзүү убагында алынган документтердин кө-чүрмөсү. Башкармалыктын нускамасына ылайык жүзөгө ашырылган үлгүлөрдү(проба) тандоо тууралуу акт, жүргүзүлгөн текшерүүлөр, жүргүзүлгөн экс-пертиза актысы тиркелет. 78. Текшерүү натыйжаларын мамлекеттик, коммерциялык жана башкамыйзам менен сыр сакталган камтылуучу маалыматтар Башкармалыктын нуска-масында көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык мыйзамдарда белгиленген талап-тарды сактоо менен таризделет. 17. Башкармалыктын чечими 79. Башкармалыктын чечими (мындан ары чечим) Башкармалыктын ченем-дик эмес актысы болуп саналат. 80. Башкармалык төмөнкү учурларда чечим кабыл алууга милдеттүү: - текшерүү актысын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча баш тартуулардыжана документтерди берүү үчүн ишкердүүлүк субъектине берилүүчү 10 ка-лендардык күн аралыгынан кийин 5 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө; - табылган бузууларды четтетүү тууралуу ишкердик субъектисининбилдирмени аткарбашы бузууларды четтетүү үчүн берилген мөөнөт өткөндөнкийин 3 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө; - ишкердүүлүк субъектисинин суроо-талапты аткарбашы суроо-талаптыаткаруу мөөнөтү өткөндөн кийин 3 жумушчу күнүнөн ашпаган мөөнөттө; - ишкердүүлүк субъектисинин суроо-талаптарын алуу - суроо-талаптүшкөн күндөн 30 календардык күндөн ашык мөөнөттө: - ишкердүүлүк субъектисинин арыздарын кароо арыз түшкөн күндөн -30 календардык күндөн ашык мөөнөттө; - эгер ишкердик субъектисинин арызы же каршы болуусу боюнча Баш-кармалык ушул белгиленген пункттагы мөөнөттө чечим кабыл албаса, андачечим ишкердик субъектисинин пайдасына кабыл алынат. 81. Чечим башкармалык белгилеген форма боюнча түзүлөт. 18. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме. Кабарлоо 82. Жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы боюнча бузууларды четтетүү туу-ралуу билдирме ишкердүүлүк субъекттерине багытталат. 83. Мыйзамдардын талаптарын бузууну кетиргендик жөнүндө ишкердүү-лүк субъекттерине маалымдоону кабарлайт жана көрсөтүлгөн бузуулардычеттетүү тууралуу Башкармалыктын талаптары камтылат. 84. Билдирме Башкармалыктын начальнигин колу жана мөөрү менен кү-бөлөндүрүп, Башкармалык бекиткен форма боюнча эки нускада түзүлөт. 85. Билдирмеде төмөнкү милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: 1) ЫуМОдо буйрутмаларды каттоо номери жана датасы; 2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы; 3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү; 4) текшерүү жүргүзүүгө тийиштүү ишкердүүлүк субъектинин аталышыжана дареги же ишкердин жеке адамдын аты-жөнү; 5) текшерүүнүн максаты, түрү жана предмети; 6) билдирме жазууга негиз болгон чечимдин күнү жана номуру; 7) мыйзамдын ачык-айкын ченеми көрсөтүлүү менен бузуулар курамынкөрсөтүү; 8) бузууларды четтетүү үчүн ишкердик субъектисине берилген мөөнөт; 9) билдирме аткарылбаган учурда ишкердик субъектисинин жоопкерчи-лигин белгилеген мыйзамдын ачык-айкын ченемин көрсөтүү. 86. Ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъектисине: 1) текшерүүлөрдүн макулдашкан планына шилтеме жасоо менен алдыдагыпландуу текшерүү жөнүндө: 2) "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген милдеттенмелерди ат-каруу мөөнөтүнүн келгендиги же өтүп бараткандыгы жөнүндө; 3) берилген маалыматтар менен эсептөөлөрдү оњдоолор тууралуу; 4) текшерүүгө жаткан мыйзам талаптарын аткаруу тартиби мененмөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу; 5) ыйгарым укуктуу орган менен ишкердик субъектисинин өз ара мами-лелерине таандык болгон эркин түрдөгү көрсөтмө кењешмелер жана башкамаалыматтар тууралуу кабар жөнөтүүгө милдеттүү. 19. Башкармалыктын анын кызматтык адамдарынын чечимдерине, иш-аракеттерине (аракетсиздик) даттануу укугу 87. Ар бир ишкердүүлүк субъектиси (мындан ары арыз берүүчү же дат-тануучу адам). башкармалыктын аракети же аракетсиздиги же анын кызмат-тык адамынын эгер, арыз берүүчүнүн пикири боюнча мындай чечимге аракет-ке же аракетсиздикте анын укугу жана эркиндиги бузулса, аларды ишкеашырууга тоскоолдук түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлсөжана эгер мындай чечим аракет же аракетсиздик бул адамдын тикеден-тикекызыкчылыгын билдирсе коллегиалдуу же жеке чечимге арызданууга укуктуу. 88. Арыздануу укугу соттон тышкары (административдик) тартипте иш-ке ашышы соттук эмес тартипте баш ийүүчүлүк тартиптеги жогору турган-дарга арыз менен кайрылуу каражаты тартибинде ишке ашышы мүмкүн. Жогорутурган кызматтык адамга (мындан ары жогору турган ыйгарым укуктуу ор-ган) (кызматтык адам) ЫуМОго караштуу арыздарды кароо боюнча комиссия-га. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги-не, укук коргоо органдарына арызданышы. 89. Арыздануу укугу соттук тартипте арыз кайрылуу каражаты тарти-бинде (доо, сурам кат, сунуштоо) административдик жарандык сот өндүрүшүтартибинде ишке ашат. 20. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жана күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги 90. Башкармалыктын жана анын кызмат адамынын төмөнкү иш-аракеттери(иш-аракетсиздик) мыйзамсыз болуп саналат: - башкармалыктын, анын кызматтык адамдарын текшерүүнү ишке ашыруу-нун ыйгарым укуктары мыйзамдарда белгиленген эмес; - текшерүүнү тикеден-тике жүргүзүүдө айыптар суммасын жана башкатөлөмдөрдү акчалай түрдө алуу; - финансылык жана административдик санкциялар жана башка төлөмдөр-дүн мамлекеттик кирешеге түшүүлөрдү текшерүүнү жүргүзүү натыйжасындачегерүүлөрдү квитанцияларды берүү менен жүргүзүү; - текшерүү планына тийиштүү эмес документтерди, маалыматтарды жанатүшүндүрүүлөрдү берүү талабы; - мыйзамдарды бузуулардан алынган ишкердүүлүк субъектилери жөнүн-дөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу; - текшерүүнү ишке ашыруунун планынын жоктугу; - планды бекитүүсүз текшерүүлөрдү пландуу жүргүзүү: - пландуу текшерүүлөрдү жылына бир жолу жүргүзүү; - пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө ишкердүүлүк субъектисине жа-зуу жүзүндөгү билдирме жөнүндө талаптардын аткарылбашы; - текшерүү жөнүндөгү эскертүү мөөнөттөрүнүн бузулушу; - пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча талаптардын бузу-лушу; - текшерүү жөнүндө мыйзамдарда же анонимдүү арыздарда каралган не-гизсиз пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү; - пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү мөөнөттөрүнүн бузулушу; - контролдук текшерүүнү анын максаттарын бузуу менен жүргүзүү өт-көн текшерүүлөрдө белгиленген ишкердүүлүк субъектилеринин бузууларынчеттетүү текшерүүсү гана эмес ошондой эле башка кошумча маселелерди(максаттар чегинен тышкары) жүргүзүү; - белгиленген бузууларды четтетүү үчүн ишкердүүлүк субъектисинеберилген мөөнөтү жеткенге чейин контролдук текшерүүнү жүргүзүү; - негизсиз кайра текшерүүнү жүргүзүү Башкармалыктагы ишкердүүлүксубъекттерин текшерүүнүн натыйжаларына арыздануу; - арыздарды кароонун жана ал боюнча чечим кабыл алуу мөөнөттөрүнбузуу; - арыз боюнча чечимдерди жүйөөсүз кабыл алуу; - кайра текшерүү жөнүндө буйуртмаларды тариздөө боюнча талаптардынбузулушу; пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча кайра текшерүүнү жүр-гүзүү пландуу текшерүүнүн натыйжасына арыздануу; - текшерүүнү жүргүзүүнүн тартибинин бузулушу: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ишкердүүлүксубъекттеринин талаптарды сактабагандык контролдоонун ишке ашырылышы: - ишкердүүлүк субъекттерине жазуу жүзүндө эскертүүнү чыгарбоо; - бузууларды четтетүү тууралуу билдирмени жиберүүнүн мөөнөттөрүнбузуу; - мыйзамдарга ылайык ишкердүүлүк субъекттерине иш-аракет чаралары-нын башкармалыктын кызматтык адамынын аныктабашы, эгер контролдук тек-шерүү жүрүшүндө бузууну четтетүү фактылары аныкталса; - буйрутмаларды тариздөө боюнча талаптардын бузулушу; - текшерүүнү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн бузулушу: - ишкердүүлүк субъектилеринин жумушчу эмес убактысында ишкердүүлүксубъектисинин кызматтык адамынын аймакка же имаратка кирүүгө жол бер-бөөсү; - текшерүү жөнүндөгү актыны түзбөө: - бекитилген формадагы бузуулар менен актыны түзүү (нускалар саны,каралган маалыматтарды көрсөтпөө же толугу менен көрсөтпөө); - кошумча документтерди, изилдөөлөр жүргүзүлгөн материалдарды,изилдөөлөр жүргүзүлгөн протоколдор жана экспертиза материалдарынынүлгүлөрүн (пробаларын) тандоону кошкондо актыга кошпоо; - ишкердүүлүк субъектисине же анын кызматтык адамына же тил катыалдында тиркемелер көчүрмөсү менен актынын бир нускасын почта байланышыбоюнча билдирме каражаты менен тапшырбоосу; 91. Ишкердүүлүк субъектисинин төмөндөгү аракеттери (аракетсиздик)мыйзамсыз аракеттери болуп саналат: - мыйзамдардагы талаптарды тийиштүү эмес аткаруу; - текшерүү жөнүндөгү мыйзамдардагы жол-жоболорго ылайык милдеттүүболуп саналган көрсөтүлгөн мөөнөттө маалыматты жана отчетуулукту бербейкоюу; - административдик укук бузуулардын болушу лицензиясыз (каттоосуз)лицензиялануучу иш аракетти жүргүзүү; - мыйзамдарда белгиленген уруксат берүүчү документтерди алуусузиш-аракетти жүргүзүү; - башкармалыктын кызматтык адамына мыйзамсыз тоскоолдук кылуу: 92. Текшерүүнүн жүрүшүндө өзүнүн милдеттерин жана кызматтык мил-деттерин тийиштүү эмес аткаруу шартында башкармалык жана анын кызматтыкадамы укукка каршы аракеттерди (аракетсиздик) тартиптик, административ-дик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык жоопкерчилик тартат; 93. Ишкердиктин субъектисин текшерүү жүргүзүүдө мыйзамсыз аракет-терди (аракетсиздикти) жасаган Башкармалыктын кызмат адамдары алардынкүнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин 3 жылдын ичинде ыйгарымукуктуу органда кандайдыр бир кызматты ээлөөгө укуксуз. 94. Ишкердиктин субъектисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынбузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжаларынын сот тартибинде ырасталба-шы, текшерүү жүргүзгөн адамды ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз бо-луп саналат. 95. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү болгонкызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө Башкармалык бир айлыкмөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу талаптары бузулган ишкердиктин субъек-тисине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. 96. Ишкердик субъектисинин укугун бузган Башкармалыктын же анынкызмат адамдарынын укуктук туура эмес аракеттеринин натыйжасында колдончыккан пайданы кошкондо, ошондой эле ишкердик субъектисине карата Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди ушул ыйгарымукуктуу орган же анын кызмат адамдары талаптагыдай эмес жүргүзүүнүн ке-сепетинен ишкердик субъектисине келтирилген зыян тартуулар Башкармалыктарабынан ордун толуктоого жатат.