Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын22-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 47-09 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 85-П буйругу менен бекитилди Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштаманы карап чыгуу боюнча Комиссиянын иши жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы Жобо 2. Комиссиянын милдеттери жана максаттары 3. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби 4. Комиссиянын катчысынын, төрагалык кылуучуларынын жана мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары 1. Жалпы Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514токтому менен бекитилген "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" Жобону ишке ашыруу максатында дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуу боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссия райондук, шаардык жана облустук дењгээлде түзүлөт, ошон-дой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин комиссиясытүзүлөт. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуубоюнча Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Финансы министри бе-китет. Комиссиянын секретариатынын иш милдетин Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмдөр жана ыйгарым укуктуубашкармалыктары аткарат. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Демберүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө" Жобо-ну, дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо долбоорун даяр-доо жана баалоо боюнча Нускаманы, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясына каршы келбеген башка ченемдик-укуктук ак-тыларды жетекчиликке алат. 2. Комиссиянын милдеттери жана максаттары Комиссияны түзүү ар түрдүү дењгээлдеги бюджеттердин, эл аралык до-норлордун жана башка тараптардын дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсе-бинен каржылоо механизмине катышуусу менен шартталган. Комиссиялардадолбоорлорду карап чыгуу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебиненкаржылоонун жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылат. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга табыштамаларды карап чыгуубоюнча Комиссия коллегиалдуу кењеш берүүчү органдын статусуна ээ. Райондук, шаардык жана облустук дењгээлдеги Комиссиянын чечими су-нуштама мүнөзүнө ээ. Акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигинин Комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылоого көрсөтүлгөндолбоорлорду карап чыгуу, баалоо жана тандоо, көрсөтүлгөн долбоорлорбоюнча жыйынтык маалыматты даярдоо, ошондой эле долбоорлорду ишке ашы-руу планын талкуулоо, райондук жана облустук мамлекеттик администрация-ларды, шаарлардын мэрияларын, эл аралык уюмдарды, ишканаларды жана баш-ка тараптардын үлүштүк кош каржылоосун аныктоо Комиссиянын милдети бо-луп саналат. 3. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби 3.1. Райондордун, шаарлардын жана облустардын дењгээлдеги комиссиямамлекеттик органдардын жана уюмдардын, эл аралык донорлордун, өкмөттүкэмес уюмдардын жана башка тараптардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигинин Комиссиясынын курамын Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министри аныктайт. 3.2. Райондордун, шаарлардын жана облустардын дењгээлдеги Комисси-ялардын курамы: - финансы бөлүмүнүн/башкармалыктын өкүлү; - райондук/облустук администрациялардын, мэриялардын өкүлү; - ДҮГгө берилген долбоорлорду үлүштүк каржылоого катышкан эл ара-лык уюмдардын, ишканалардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү. 3.3. Дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга табыштамаларды карап чы-гуу боюнча Комиссия 4 (төрт) мүчөдөн кем болбоого тийиш. 3.4. Комиссиянын ишине катышуу үчүн (Капиталдык курулуш башкарма-лыгы, Санитардык-эпидемиологиялык станциялар, Архитектура жана курулушбоюнча Мамлекеттик агенттик ж.б.) техникалык башкармалыктардын жанакызматтардын жооптуу кызматкерлери эксперттер катары тартылышы мүмкүн. 3.5. Комиссиянын курамы зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигинин сунуштамасы боюнча жањыланышы мүмкүн. 3.6. Комиссиянын отуруму аларды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу-на негизденип, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат. 3.7. Комиссиянын отурумуна Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки-си катышканда ал укуктуу. 3.8. Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тењ бөлүнүп калган учурдаакыркы чечимди Комиссиянын төрагасы кабыл алат. 3.9. Комиссиянын отуруму үчүн материалдарды даярдоону Комиссиянынкатчысы ишке ашырат. 3.10. Комиссиянын отурумунун материалдары отурумга чейин жетикүндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет. 3.11. Комиссиянын чечими Протокол менен таризделет, аны түзүүнүнмаксаты берилген долбоорлорду үлүштүк кош каржылоо боюнча катышуучулар-дын ой-пикирлерин жазып калтыруу болуп саналат. Протоколдо: - отурумду өткөрүү күнү жана орду; - отурумга чыгып сүйлөгөндөрдүн тизмеси; - талкуулануучу маселелер боюнча чечим көрсөтүлөт. Протокол Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана отурум аяк-тагандан кийин үч күндүк мөөнөттө таризделет. Комиссиянын отурумунун Протоколуна отурумга катышкан Комиссиянынбардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Комиссия отурумунун протоколунун түп нускасы белгиленген тартипкеылайык Комиссиянын катчысында сакталат. Комиссия отурумунун Протоколдо-рунан жазып алуулар жана протоколдордун көчүрмөсү анын мүчөлөрүнүн та-лап кылуусу боюнча берилет. 3.12. Протокол жана коштомо документтер (статистикалык мүнөздөгүмаалымат, долбоорлор жана чечмелөөлөр) ДҮГ боюнча жогору турган комис-сияга жиберилет. 4. Комиссиянын катчысынын, төрагалык кылуучуларынын жана мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары 4.1. Комиссиянын катчысы Комиссия пландалган отурумунун күн тарти-би жөнүндө отурум башталганга чейин жети күндөн кечиктирбестен Комисси-янын мүчөлөрүн кабарлоого милдеттүү. 4.2. Комиссиянын төрагалык кылуучу мүчөсү: - Комиссиянын отурумун алып барат; - Комиссиянын отурумунун протоколуна кол коет; - Комиссиянын отурумун өткөрүүнүн жол жоболорун жана убактылуурегламентин аныктайт. 4.3. Комиссиянын мүчөсү: - Комиссиянын отурумунун күн тартиби жана алып баруу тартиби боюн-ча сунуш киргизүүгө; - күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышууга,талкуулоодо отурумдун документтеринин долбооруна оњдоолорду киргизүүгө; - талкуулануучу маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга; - Комиссия түзүүчү документтин долбооруна аларды киргизүү үчүн су-нуштарды иштеп чыгууга катышууга; - Комиссиянын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелер боюн-ча материалдарды даярдоону жүргүзүүгө укуктуу.