Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-апрели № 21/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 41/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан кийин, 2009-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
7. Төлөм системалары башкармалыгы Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун андан ары Кыргызстандартта белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүлүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.
8. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Маалымат системалары башкармалыгынын көмөктөшүүсү астында Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн пакеттик клиринг жана гросстук системаларында төлөмдөрдүн коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Абдыбалы тегин С |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 21/5 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз РеспубликасынынАдилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. "Киришүү" деп аталган бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору (ТЖМК) Кыргыз Республикасынын технико-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоо жана кодировкалоонун бирдиктүү системасынын курамына кирет.
ТЖМК жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык өлкө аймагында накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда колдонулат.
ТЖМК нак эмес төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды системага салуу, төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында улуттук валютада ишке ашырылган накталай эмес каражаттар агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү максатында көрсөткүчтөр системасын түзүү үчүн каралган.
Эсептешүү-төлөм операцияларын экономикалык аспектиде чагылдырган төлөм багыты, ТЖМКда классификациялоо объектисинен болуп саналат.
Структуралык жагынан алып караганда, классификатор эки блоктон турат: идентификация жана аталыш. Идентификациялоо блогу код белгилөөнүн сериялык-катар, ырааттуу ыкмасын пайдалануу менен иреархиялык ыкма боюнча түзүлөт. Код белгиси сегиз сандык белгиден турат. Аталыш блогу төлөм багытын чагылдырат.
Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн классификациясы өзүндө төлөмдөрдүн кодун жана алардын багытын камтыйт, төлөм коду категориялар, топтор, чакан топтор, статьялар кичи статьялар жана элементтер бөлүгүнөн турат.
Сандан турган код белгисин түзүмү классификатордун бардык бөлүктөрү боюнча төмөнкүдөй белгиленген:
X X X X X X X X
│ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ └────────────────── Элемент
│ │ │ │ │ └────────────────────── Кичи статья
│ │ │ │ └────────────────────────── Статья
│ │ │ └────────────────────────────── Чакан топ
│ │ └────────────────────────────────── Топ
│ └────────────────────────────────────── Категория
└────────────────────────────────────────── Бөлүк
11421150 «Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган же сатып өткөрүлгөн коньяктарга акциздик салык» тобун классификациялоо объектисине код белгилөөнүн мисалы:
Код 11421150 төмөнкүлөрдү билдирет:
1 Кирешелер
11 Салыктык кирешелер
114 Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн салыктар
1142 Акциз салыгы
11421 Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатылган товарлардан акциздик салык
114211 Алкогол продукциялары
11421150 Коньяктар
ТЖМК эсептешүү-төлөм операциялары төмөнкү бөлүктөр боюнча топтоштурулган:
1. Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча
2. Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар боюнча төлөмдөр
3. Бюджеттик уюмдардын активдери жана милдеттенмелери менен операциялар боюнча төлөмдөр.
4. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр, бюджеттик эмес мекемелердин активдери жана милдеттенмелери.
5. Банктык операциялар.
«Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр», «Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар боюнча төлөмдөр», «Бюджеттик уюмдардын активдери жана милдеттенмелери менен операциялар боюнча төлөмдөр» бөлүктөрүнө код белгилөө жана классификациялоо системасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 203-п буйругу менен бекитилген, ушул операциялардын классификациялык структурасына ылайык түзүлгөн.
ТЖМК төлөм багыттарына коддорду белгилөө эрежелери ушул документтин ажырагыс бөлүгү болуп саналган, ага кошо тиркелген А тиркемесинде келтирилген. Классификатордо жалпы кабыл алынгандар менен катар эле төмөнкүдөй кыскартуулар колдонулат:
- КР - Кыргыз Республикасы;
- Улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- ЖМК - Жалпыга маалымдоо каражаттары;
- КНС - Кошумча нарк салыгы;
- МКВ - Мамлекеттик казна векселдери.
ТЖМКны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзөт.».
2. «Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр» деп аталган бөлүккө төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин:
Төлөмдөр коду | Төлөм багытынын аталышы |
10000000 | Кирешелер |
11000000 | Салыктык кирешелер |
11100000 | Киреше жана пайда салыктары |
11110000 | Киреше жана пайда салыктары |
11111000 | Кыргыз Республикасынын резиденттеринен - жеке адамдарынан киреше салыгы |
11111100 | Салык агенттиги тарабынан төлөнгөн киреше салыгы |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
11112000 | Кыргыз Республикасынын резиденттери болбогон адамдардын кирешелеринен салык |
11112100 | Кыргыз Республикасынын резиденттери болбогон адамдардын кирешелеринен салык |
11113000 | Пайда салыгы |
11113100 | Пайда салыгы |
11113200 | Пайыздардан салык |
11120000 | Атайын режимдер боюнча салыктар |
11121000 | Бирдиктүү салыктар боюнча түшүүлөр |
11121100 | Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык |
11122000 | Патенттин негизинде салык |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык |
11123000 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарынан салык |
11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарынан салык |
11300000 | Менчиктен салык |
11310000 | Менчиктен салык |
11311000 | Кыймылсыз мүлк салыгы |
11311100 | Ишкердикти жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлк салыгы |
11311200 | Ишкердикти жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы |
11312000 | Кыймылдуу мүлк салыгы |
11312100 | Транспорт каражаттарынан салык |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражатына салык |
11312120 | Жеке адамдардын транспорттук каражатына салык |
11320000 | Жер салыгы |
11321000 | Жер салыгы |
11321100 | Короо жайларды жана бак участкаларын пайдалануудан жер салыгы |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
11321300 | Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытына кирбеген жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы |
11400000 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн салыктар |
11410000 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн жалпы салыктар |
11411000 | Кошумча нарк салыгы (КНС) |
11411100 | Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНС |
11411200 | Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген товарларга КНС |
11412000 | Сатуудан салык |
11412100 | Сатуудан салык |
11413000 | Автожолдорун пайдалангандык үчүн салык |
11413100 | Автожолдордон пайдалангандык үчүн салык |
11414000 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу үчүн чегерүүлөр |
11414100 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу үчүн чегерүүлөр |
11420000 | Акциз салыгы |
11421000 | КР аймагында өндүрүлгөн же сатылган товарларга акциз салыгы |
11421100 | Алкоголдук продукция |
11421110 | Этил спирти |
11421120 | Арак жана ликер ичимдиктери |
11421130 | Суусундуктар, ширелер жана бальзамдар |
11421140 | Винолор |
11421150 | Коньяктар |
11421160 | Шампанды кошо алганда көбүрүп турган винолор |
11421170 | Куюлган пиво |
11421180 | Куюлбаган пиво |
11421190 | Вино заттары |
11421200 | Тамекилер |
11421210 | Фильтрлүү тамекилер |
11421220 | Фильтирсиз тамекилер |
11421230 | Сигаралар жана сигареттер |
11421290 | Ферменттелген тамекиден тышкары, башка тамекилер |
11421300 | Мунайзаттары |
11421310 | Бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер |
11421320 | Реактивдүү отун |
11421330 | Дизель отуну |
11421340 | Мазут |
11421350 | Майлар жана газоконденсаттар |
11421360 | Чийки мунай жана битум материалдарынан алынган чийки мунайзат |
11421400 | Дагы башка акциз алынуучу товарлар |
11421410 | Алтындан, платинадан же күмүштөн зер буюмдары |
11421420 | Дагы башка акциз алынуучу товарлар |
11422000 | Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген товарларга акциз салыгы |
11422100 | Алкоголдук продукция |
11422110 | Этил спирти |
11422120 | Арак жана ликер-арактар |
11422130 | Суусундуктар, ширелер жана бальзамдар |
11422140 | Винолор |
11422150 | Коньяктар |
11422160 | Шампанды кошо алганда көбүргөн винолор |
11422170 | Куюлган пиво |
11422180 | Куюлбаган пиво |
11422190 | Вино заттары |
11422200 | Тамекилер |
11422210 | Фильтрлүү тамекилер |
11422220 | Фильтрсиз тамекилер |
11422230 | Сигаралар жана сигареттер |
11422290 | Ферменттелген тамекиден тышкары башка тамекилер |
11422300 | Мунайзаттар |
11422310 | Бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер |
11422320 | Реактивдүү отун |
11422330 | Дизель отуну |
11422340 | Мазут |
11422350 | Майлар жана газоконденсаттар |
11422360 | Чийки мунай жана битум материалдарынан алынган чийки мунайзаттар |
11422400 | Дагы башка акциз алынуучу товарлар |
11422410 | Дагы башка акциз алынуучу товарлар |
11440000 | Кендерди пайдалануу үчүн салыктар |
11441000 | Бонустар |
11441100 | Күйүүчү пайдалуу кендер |
11441110 | Мунай |
11441120 | Газ |
11441130 | Көмүр |
11441190 | Башка күйүүчү пайдалуу кендер |
11441200 | Металл пайдалуу кендери |
11441210 | Баалуу металлдар |
11441220 | Сымап |
11441230 | Сурьма |
11441240 | Коргошун, вольфрам |
11441290 | Жогоруда классификацияланбаган башка металлдар |
11441300 | Металл эмес пайдалуу кендер |
11441310 | Жасалгалоочу таштар |
11441320 | Курулуш куму |
11441330 | Гипс |
11441340 | Акиташ, курулуш таштары |
11441350 | Түстүү таштар |
11441390 | Жогоруда классификацияланбаган башка металл эместер |
11441400 | Жер алдындагы суулар |
11441510 | Минералдык жана ичүүчү суу катары суулар |
11441520 | Бальнодарылоочу минералдык суулар |
11441530 | Жылытуу үчүн термолдык суулар |
11441540 | Ичүүчү жана техникалык суулар |
11442000 | Роялтилер |
11442100 | Күйүүчү пайдалуу кендер |
11442110 | Мунай |
11442120 | Газ |
11442130 | Көмүр |
11442190 | Башка күйүүчү пайдалуу кендер |
11442200 | Металл пайдалуу кендер |
11442210 | Баалуу металлдар |
11442220 | Сымап |
11442230 | Сурьма |
11442240 | Коргошун, вольфрам |
11442290 | Жогоруда классификацияланбаган башка металлдар |
11442300 | Металл эмес пайдалуу кендер |
11442310 | Жасалгалоочу таштар |
11442320 | Курулуш куму |
11442330 | Гипс |
11442340 | Акиташ, курулуш таштары |
11442350 | Түстүү таштар |
11442390 | Жогоруда классификацияланбаган башка металл эместер |
11442400 | Жер алдындагы суулар |
11442410 | Минералдык жана ичүүчү суу катары куюлган суулар |
11442420 | Бальнодарылоочу минералдык суулар |
11442430 | Жылытуучу термолдык суулар |
11442440 | Ичүүчү жана техникалык суулар |
11442490 | Жер алдындагы башка суулар |
11500000 | Эл аралык соодага жана операцияларга салыктар |
11510000 | Бажы төлөмдөрү |
11511000 | Четтен ташылып келинген продукцияга бажы төлөмдөр |
11511100 | Импортко бажы алымдар |
11511200 | Бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү чендери боюнча бажы төлөмдөрү |
11511300 | Чогуу алгандагы бажы төлөмү |
11512000 | Тышка алынып кетиле турган продукциядан бажы төлөмдөр |
11512100 | Экспортко бажы алымдар |
11513000 | Бажы жыйымдары |
11513100 | Чет өлкөдөн авто алып келүүчүлөрдөн жыйымдар |
11513200 | Бажы тариздетүүсүнөн, бажылык башка жыйымдар |
11514000 | Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр |
11514100 | Башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр |
11600000 | Башка салыктар жана жыйымдар |
11610000 | Башка салыктар жана жыйымдар |
11611000 | Башка салыктар жана жыйымдар |
11611000 | Башка салыктар жана жыйымдар |
12000000 | Социалдык керектөөлөргө төлөмдөр/чегерүүлөр |
12100000 | Социалдык керектөөлөргө төлөмдөр/чегерүүлөр |
12110000 | Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12110100 | Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү |
12120000 | Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12120100 | Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12130000 | Өз алдынча иш алып баргандардын камсыздандыруу төлөмдөрү |
12130100 | Өз алдынча иш алып баргандардын камсыздандыруу төлөмдөрү |
12140000 | Категорияларга бөлүштүрүлбөгөн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12140100 | Категорияларга бөлүштүрүлбөгөн камсыздандыруу төлөмдөрү |
12200000 | Социалдык керектөөлөргө башка төлөмдөр/чегерүүлөр |
12210000 | Кызматкерлердин төлөмдөрү/чегерүүлөр |
12210100 | Кызматкерлердин төлөмдөрү/чегерүүлөр |
12220000 | Жумуш берүүчүлөрдүн төлөмдөрү/чегерүүлөрү |
12220100 | Жумуш берүүчүлөрдүн төлөмдөрү/чегерүүлөрү |
12230000 | Башка төлөмдөр/чегерүүлөр |
12230100 | Башка төлөмдөр/чегерүүлөр |
12300000 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
12310000 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
12310100 | Социалдык фонддун башка кирешелери |
13000000 | Алынган расмий трансферттер |
13100000 | Чет өлкөлөрдөн трансферттер |
13110000 | Чет мамлекеттердин Өкмөттөрүнөн |
13111000 | Чет мамлекеттердин Өкмөттөрүнөн |
13111100 | Утурумдук |
13111200 | Капиталдык |
13120000 | Эл аралык уюмдардан |
13121000 | Эл аралык уюмдардан |
13121100 | Утурумдук |
13121200 | Капиталдык |
13300000 | Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери |
13310000 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар |
13311000 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар |
13311100 | Категориалдык гранттар |
13311200 | Теңештирүү гранттары |
13311300 | Түрткү берүүчү гранттар |
13320000 | Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар |
13321000 | Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар |
13321100 | Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар |
13321200 | Жергиликтүү бюджеттен өз ара эсептешүү боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар |
14000000 | Салыктык эмес кирешелер |
14100000 | Менчиктен жана пайыздардан кирешелер |
14110000 | Пайыздар |
14111000 | Депозиттер боюнча пайыздар |
14111100 | Өкмөттүн Улуттук банктагы депозиттери боюнча пайыздар |
14112000 | Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар |
14112100 | Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар |
14120000 | Дивиденддер жана пайдалар |
14121000 | Дивиденддер |
14121100 | Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер |
14122000 | Пайдалар |
14122100 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы |
14150000 | Ижара төлөмү |
14151000 | Пайдалуу кендер же отундар казылып алынуучу жерлерди иштеткендик үчүн төлөмдөр |
14151100 | Пайдалуу кендер же отундар казылып алынуучу жерлерди иштеткендик үчүн төлөмдөр |
14152000 | Жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн акы |
14152100 | Жер ижарасы үчүн акы |
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
14152120 | Жайыт ижарасы үчүн акы |
14152121 | Айыл четиндеги жайыттардын ижара акысы |
14152122 | Пайдалануусу күчөгөн зонадагы жайыттардын ижара акысы |
14152123 | Жайлоо жайыттарынын ижара акысы |
14152200 | Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы |
14152300 | Токой ресурстарын пайдалануу үчүн акы |
14152400 | Суу ресурстарын пайдалангандык үчүн акы |
14152900 | Жаратылыш активдерин пайдалангандык үчүн башка төлөмдөр |
14153000 | Мүлк ижарасы үчүн акы |
14153100 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы үчүн акы |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижарасы үчүн акы |
14153900 | Дагы башка мүлк ижарасы үчүн акы |
14200000 | Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер |
14220000 | Административдик жыйымдар жана төлөмдөр |
14221000 | Жыйымдар жана төлөмдөр |
14221100 | Лицензия бергендик үчүн акы |
14221200 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы |
14221300 | Лотереялык ишти жүргүзүү укугун алууга акы |
14221400 | Транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоодон өткөрүү үчүн акы |
14221500 | Пробалоого акы |
14221600 | Эсептерди тейлегендик үчүн акы |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар |
14221800 | Авто транспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым |
14221900 | Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар |
14222000 | Мамлекеттик алымдар |
14222100 | Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт бергендик үчүн мамлекеттик алым |
14222200 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
14222300 | Сот органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
14222400 | Дагы башка мамлекеттик алым |
14230000 | Акы төлөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
14231000 | Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14231100 | Медициналык стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14231200 | Эл аралык, медициналык жана өкмөттүк эмес уюмдардын буйрутмасы боюнча максаттуу изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн акы |
14231300 | Медикаменттерди, кандарды жана компоненттерди сатуу үчүн акы |
14231400 | Дезинфикциялык, дезинсекциялык жана дератизациондук иштерди жүргүзүү дарылоо-профилактикалык дары-дармектерди даярдоо үчүн акы |
14232000 | Билим берүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14232100 | Окуу жайларда (ЖОЖ, КТОЖ, ООЖ) контрактык окутуу үчүн акы |
14232200 | Жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн - өзгөчө үлгүдөгү документтерди алууга талапкерлерди тестирлөөнү жүргүзүү үчүн акы |
14232300 | Окуучулардын окуу-өндүрүштүк ишинен түшүүлөр, жатаканаларда, мейманканаларда жашагандык үчүн акы |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14233000 | Маданият чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14233100 | Музей, китепкана фондуларын пайдалангандык үчүн акы |
14233200 | Оюн-зоок өткөрүлүүчү мекемелерден, музейлерге киргендиги үчүн акы |
14233300 | Спорт секцияларынын, бассейндердин ден-соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр |
14234000 | Айыл, суу чарба чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14234100 | Өсүмдүктөргө, продукцияларга, жер кыртышына химиялык анализдерди жүргүзүү иликтөө иш-чараларын (апробация, контроль) жүргүзгөндүк үчүн акы |
14234200 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөттөрүнүн өнүмдүүлүк сапатын лабораториялык аныктоо үчүн акы |
14234300 | Ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы |
14234400 | Сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр акы берүү кызматынан акы |
14235000 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү үчүн акы |
14235100 | Айдоо күбөлүгүн алуу укугуна экзамендерди кабыл алгандык, автоунаа каражаттарын кароодон өткөргөндүк үчүн жыйымдар |
14235200 | Жол техникасынын кызматы, авто кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр |
14235300 | Бажылык тариздөө ж.б. төлөмдөрдөн жыйымдар |
14235400 | Газеталарга жазылуу жана сатуу үчүн, жарнамалык кулактандыруулар үчүн акы |
14235500 | Полиграфия кызматы, дипломдорду, аттестаттарды даярдагандыгы үчүн акы |
14235600 | Ар түрдүү документтерди тариздетүү, сактоо, табуу жана берүү үчүн акы |
14235700 | Альтернативдик кызматты өтөө үчүн акы |
14235800 | Окуу программаларын, курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн акы |
14235900 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн сунуштоо үчүн акы |
14300000 | Айыптык төлөмдөр, санкциялар, конфискациялоолор |
14310000 | Айыптык төлөмдөр, санкциялар, конфискациялоолор |
14311000 | Айыптык төлөмдөр, санкциялар, конфискациялоолор |
14311100 | Административдик айыптык төлөмдөр |
14311200 | Контрабандадан кармалгандарды сатуудан түшүүлөр |
14311300 | Конфискация болгон мүлктөрдү сатуудан түшүүлөр |
14311400 | Контролдоо-көзөмөлдүк иш-чараларды жүргүзүүдөн түшүүлөр |
14311500 | Экономикалык кылмыштуулуктан улам келип чыккан зыяндардын ордун жабуу |
14400000 | Гранттардан башка ыктыярдуу трансферттер |
14410000 | Гранттардан башка ыктыярдуу трансферттер |
14411000 | Учурдагы |
14411100 | Учурдагы жардам |
14412000 | Капиталдык |
14412100 | Капиталдык жардам |
14500000 | Башка салыктык эмес кирешелер |
14510000 | Башка салыктык эмес кирешелер |
14511000 | Башка салыктык эмес кирешелер |
14511100 | Мамлекеттин пайдасына кирешелер |
14511200 | Башка салыктык эмес кирешелер |
14511300 | Курстук пайда/чыгым |
3. «Мамлекеттик бюджеттин чыгашалар боюнча төлөмдөр» деп аталган
2-бөлүккө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багытынын аталыштары алынып салынсын:
21112200 | Убактылуу ишке тартылган жумушчулар |
22155100 | Медикаменттерди жана таңуу каражаттарын сатып алуу |
22155200 | Тамак-аш азыктарын сатып алуу |
28214000 | Бирдиктүү статья боюнча чыгашалар |
28214100 | Саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү статья боюнча чыгашалар (бирдиктүү төлөөчү) |
3.2. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору үчүн төлөм багытынын аталышы жаңы редакцияда берилсин:
21112100 | Контракт же убактылуу ишке тартылган жумушчу |
22120000 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтар |
22155300 | Жабдууларды жана материалдарды сатып алуулар |
3.3. Төмөнкүдөй төлөм коддору жана төлөм багытынын аталыштары кошулсун:
22121900 | Жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр |
22122500 | Телепрограммаларды көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр |
22154200 | Кесиптик техникалык билим берүүчү окуу жайларында чоңдорду кыска мөөнөттүү негизде окутуу жана кайра окутуудан өткөрүү |
22155500 | Көмүр сатып алуу |
22157000 | Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар |
22157100 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөр |
22157200 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр |
22157300 | Улуттук банктын, Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин башка кызмат көрсөтүүлөрү |
22157400 | Казыналык системасын тейлөө боюнча АКБ кызмат көрсөтүүлөрү |
22160000 | Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү статья боюнча сарпталган чыгашалар |
22161000 | Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү статья боюнча сарпталган чыгашалар |
22161100 | Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү статья боюнча сарпталган чыгашалар (бирдиктүү төлөөчү) |
22171000 | Медикаменттерди жана медицинага керектүү шаймандарды сатып алуу |
22171100 | Медикаменттерди жана медицинага керектүү шаймандарды сатып алуу |
22171200 | Инсулин жана инсулин кошулган препараттарды сатып алуу |
22181100 | Тамак-аш азыктарын сатып алуу |
22181200 | Тамак-аш азыктарына компенсациялык төлөөлөр |
24221000 | Калкка индексацияланган суммалар боюнча карыздарды жабуу |
24221100 | Калкка индексацияланган суммалар боюнча карыздарды жабуу |
27216000 | Бөөдө кырсыктардан жапа чеккендерге бекер жардам |
27216100 | Бөөдө кырсыктардан жапа чеккендерге бекер жардам |
4. «Бюджеттик уюмдардын активдери жана милдеттенмелери боюнча төлөмдөр» деп аталган 3-бөлүккө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4.1. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору үчүн төлөм багыттарынын аталышы жаңы редакцияда берилсин:
31111200 | Турак-жай имараттарын жана жайларын сатып алуу жана куруу |
31111210 | Квартираларды сатып алуу |
31111220 | Турак үйлөрдү сатып алуу жана куруу |
31111290 | Башка турак-жай имараттарын жана жайларын сатып алуу жана куруу |
31112200 | Турак-жай болбогон имараттарды сатып алуу жана куруу |
31112210 | Өндүрүш имараттарын сатып алуу жана куруу |
31112220 | Институционалдык имараттарды сатып алуу жана куруу |
31112230 | Аскердик имараттарды сатып алуу жана куруу |
31112290 | Башка имараттарды сатып алуу жана куруу |
31113200 | Курулмаларды сатып алуу жана куруу |
31113210 | Өндүрүштүк курулмаларды сатып алуу жана куруу |
31113220 | Жолдорду сатып алуу жана куруу |
31113230 | Көпүрөлөрдү сатып алуу жана куруу |
31113290 | Башка курулмаларды сатып алуу жана куруу |
31132120 | Жер астындагы кендерге укукту сатуу |
31132190 | Башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди сатуу |
31132220 | Жер астындагы кендерге укукту сатып алуу |
31132290 | Башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу |
33130000 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздар |
33131000 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар |
33131100 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33131110 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33131190 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик башка кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33131200 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик башка кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды төлөө |
33131210 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды төлөө |
33131290 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик кыска мөөнөттүү башка баалуу кагаздарды төлөө |
33132000 | Акциялардан тышкары, башка мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар |
33132100 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33132110 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33132190 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик башка узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгаруу |
33132200 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды төлөө |
33132210 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды төлөө |
33132290 | Акциялардан тышкары, мамлекеттик башка узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды төлөө |
4.2. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багытынын аталыштары алынып салынсын:
31123150 | Китептерди, окуу куралдарын жана китептерди сатуу |
31123250 | Китептерди, окуу куралдарын жана китептерди сатып алуу |
31132130 | Жыштыктарды пайдаланууга укукту сатуу |
31132230 | Жыштыктарды пайдалануу укугун сатып алуу |
32142130 | Калктын ссудаларынын төлөнүшү |
32142230 | Калкка ссудаларды берүү |
31310000 | Баалуу металлдар жана асыл таштар |
31311000 | Баалуу металлдар жана асыл таштар |
31311100 | Баалуу металлдар жана асыл таштарды сатуу |
31311110 | Баалуу металлдар жана асыл таштарды сатуу |
31311200 | Баалуу металлдар жана асыл таштарды сатып алуу |
31311210 | Баалуу металлдар жана асыл таштарды сатып алуу |
31320000 | Маданий мурас активдери |
31321000 | Маданий мурас активдери |
31321100 | Маданий мурас активдерин сатуу |
31321110 | Маданий мурас активдерин сатуу |
31321200 | Маданий мурас активдерин сатып алуу |
31321210 | Маданий мурас активдерин сатып алуу |
31330000 | Зер буюмдар |
31331000 | Зэр буюмдар |
31331100 | Зэр буюмдарын сатуу |
31331110 | Зэр буюмдарын сатуу |
31331200 | Зэр буюмдарын сатып алуу |
31331210 | Зэр буюмдарын сатып алуу |
5. «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, активдерге жана бюджеттик эмес мекемелердин милдеттери үчүн төлөмдөр» деп аталган 4-бөлүккө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
5.1. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багытынын аталыштары алынып салынсын:
42159110 | Бланкаларды даярдоого чыгашалар |
5.2. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багытынын аталыштары алынып салынсын:
42120000 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтары |
42151300 | Күзөт кызмат көрсөтүүлөрү |
5.3. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багыттарынын аталыштары менен толукталсын:
42111900 | Башка чыгашалар |
42112900 | Башка чыгашалар |
42141600 | Автомобилдерди утурумдук ремонттоо |
42151600 | Аудитордук кызмат көрсөтүүлөр |
42151700 | Бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөр |
42151800 | Камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү |
42151800 | Контракт боюнча көрсөтүлгөн башка кызматтар |
42152900 | Башка утурумдук ремонт иштери |
42154900 | Билим берүү чөйрөсүндө сунушталган башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр |
44000000 | Жумушчулардын эмгегине төлөөлөр |
44001000 | Эмгек акы |
44001200 | Келишим боюнча аванстык төлөмдөр |
44001300 | Үстөк акылар |
44001400 | Кошумча төлөөлөр жана компенсациялар |
44001900 | Жана башка төлөөлөр |
45000000 | Социалдык жактан камсыз кылуу боюнча пособиелер жана пенсиялар |
45010000 | Мамлекеттик эмес пенсиондук фонддун пенсиялары |
46000000 | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001000 | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001200 | Басмаканалардын кызмат көрсөтүүлөрү |
46001300 | Жарнама-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр |
46001900 | Жана башка кызмат көрсөтүүлөр |
6. «Банк операциялары» деп аталган 5-бөлүккө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
6.1. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багыттарынын аталыштары алынып салынсын:
52143000 | - бир күндүк кредит боюнча пайыздарды төлөө боюнча |
54101200 | - Улуттук банктын областтык башкармалыгы аркылуу аукциондо МКВларды сатып алуу |
54101500 | - Улуттук банктын областтык башкармалыгы аркылуу МКВларды сатуудан комиссионныйлар |
6.2. Төмөнкү төлөм коддору кайра номерленсин: - «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 54400000 төлөм коду - «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 54500000 төлөм кодуна кайра номерленсин;
- «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 5450000 төлөм коду - «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 5460000 төлөм кодуна кайра номерленсин;
- «Чет өлкөдөн чыгарылган баалуу кагаздар» 54600000 төлөм коду «Чет өлкөдөн чыгарылган баалуу кагаздар» 5470000 төлөм кодуна кайра номерленсин;
- «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 54700000 төлөм коду - «Башка мамлекеттик баалуу кагаздар менен операциялар» 54800000 төлөм кодуна кайра номерленсин.
6.3. Төлөмдөрдүн төмөнкү коддору жана төлөм багыттарынын аталыштары менен толукталсын:
54400000 | Мамлекеттик казына облигациялары менен операциялар |
54401000 | Мамлекеттик казына облигациялары (МКО) менен операциялар |
54401100 | Аукциондордо МКО сатып алуу |
54401200 | МКО төлөө |
54401300 | Экинчилик рыногунда МКО сатып алуу-сатуу |
54401400 | Экинчилик рыногунда МКО менен баштапкы РЕПО операциялары |
54401500 | Экинчилик рыногунда МКО менен жыйынтыктоочу РЕПО операциялары |
54401900 | МКО менен башка операциялар |