Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-апрели № 23/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 7 жана 43-статьяларына ылайык токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/8 "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго, тиркелген тиркемеге: ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте, бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төрагасы |
М.Алапаев
|
| Кыргыз Республикасынынт Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 23/5 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 37/8 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы тууралуу" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 12-абзацындагы "эсептешүүлөрдүн гросстук система" деген сөздөр "айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пунктундагы "гросстук системасы" деген сөздөр "айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. Жобонун 7.14., 7.18. жана 7.20-пункттарындагы "эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөздөр "айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
4. Жобонун 9-бөлүгүнүн 9.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"9.2. Системадагы бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимит 1,0 миллион сом өлчөмүндө белгиленет. Лимит системада бир төлөмдүн чектүү суммасына баа берүүнүн негизинде аныкталат, ал финансылык тобокелдиктин келип чыгышынын себеби болуп калышы мүмкүн. Өлчөмү 1,0 млн. сомдон ашкан төлөмдөр ири төлөм болуп саналат жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында иштелип чыгат. Лимиттин аракети атайын катышуучулардын эки тараптуу таза позициялары түрүндө системага келип түшкөн, алардын төлөмдөрүнө таркатылбайт."