Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон2005-жылдын 11-январында өткөрүлгөн. Каттоо номери 26-05 Бишкек шаары2005-жылдын 20-январы № 1/4 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, Эсептешүү- Сактык компаниясын жана финансы-кредиттик мекемелердин лицензияларынын бланктарын алмаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыжөнүндөгү" Мыйзамынын 4-статьясына, Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндөгү" Мыйзамынын 1-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктыкэмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом жарыялан-гандан кийин эки айлык мөөнөт ичинде төмөнкүлөргө берилген лицензиялар-дын бланктарын алмаштырууну жүзөгө ашырышсын: - коммерциялык банктардын жана ЭСКнын; - адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин; - кредиттик союздардын; - ломбарддардын; - микрокредиттик компаниялардын (финансы лизинги жана факторингбоюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укук); - микрокредиттик агенттиктердин (финансы лизинги боюнча операция-ларды жүзөгө ашырууга укук). 2. Бланктарды алмаштыруу лицензияларды берүү, кайра тариздөө,мөөнөтүн узартуу же көчүрмөсүн (дубликат) берүү болуп саналбастыгы жанаакы алуусуз жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктыкэмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү Юридикалык бөлүм менен бирдиктеушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленгентартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы, Банктыкэмес мекемелердин ишине көзөмөл бөлүмү, Улуттук банктын областтык Баш-кармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ушул токтом мененУлуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды, ЭСКны жана фи-нансы-кредиттик мекемелерди тааныштырсын. 5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-тик каттоодон өткөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнөкирет. 6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жа-рыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинемаалымдалсын. 7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдетиКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айымГ.М.Омурзаковага ыйгарылсын. Башкарманын Төрагасы У.К.Сарбанов