Сравнение редакций…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартындакаттоодон өткөн. Каттоо номери № 24-07 Бишкек шаары2007-жылдын 2-февралы № 6/3 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Каржылоонун ислампринциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен"Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюталык позициянын лимитте-рин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоонун долбоорун карап көрүп,Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү"Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен токтом кылат: 1. Кароого сунушталган "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жү-зөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционер-дик коомунда ачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүк-төрү тууралуу" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүгүү банкы жана "Эко-банк" ААКсынын ортосундагы каржылоонун жана банк ишинин ислам принцип-терин Кыргыз Республикасында колдонууга киргизүү боюнча өзара түшүнүшүүжөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруу-нун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министр-лигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнөкирет. 5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстицияминистрлигине маалымдасын. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2006-жылдын 15-декаб-рындагы № 40/6 "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуу-чу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомундаачык валюталык позициянын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу"Нускоо жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-сүн. Башкарманын Төрагасы үчүн Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу М.Мырзабаева