Редакцияот 23.12.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын3-февралында каттоодон өткөн. Каттоо номери 19-09 Бишкек шаары2008-жылдын 23-декабры № 49/4        КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ           Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт"               кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу      Кыргыз Республикасынын  "Кыргыз  Республикасынын   Улуттук   банкыжөнүндө" Мыйзамынын 5 жана 28-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:     1. Улуттук  банктын  "Овернайт" кредити жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.     2. Акча  кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм мененбирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн  Кыргыз  Рес-публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.     3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон  өткөртүлгөндөн  кийин,  расмий  жарыяланган  учурдан  тартыпкүчүнө кирет.     4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы)  тууралуу  Юридикалык  бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын.     5. Бул  токтом  күчүнө кирген учурдан тартып,  төмөнкүлөр күчтөрүнжоготту деп таанылсын:     - Улуттук  банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 24-декабрында ка-был алынган,  Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде  2005-жылдын1-февралында  10-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/4 "Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" жобонун  долбоору тууралуу" токтом;     - Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын  27-июлунда  кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 8-ав-густунда 100-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/2 "Кыргыз  Респуб-ликасынын   Улуттук   банкынын   "овернайт"   кредити  жөнүндө"  жобогоөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом.     6. Акчакредиттик  операциялар  башкармалыгы ушул токтом менен рес-публиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.     7. Ушул  токтомдун  аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул  мырзагажүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Улуттук     банк башкармасынын төрагасы                       М.Алапаев