Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2009-жылдын 1-апрелинде каттоодон өткөн.
Каттоо номери 38-09
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 11-марты № 12/6
Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2, 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктардын туруктуу жана ыргаактуу ишин камсыз кылуу жана банктык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталдык базаны колдоого алуу, банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун кредиттөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Банктар, резидент эмес банктардын филиалдары (мындан ары - банктар) үчүн 2010-жылдын 31-декабрынан тартып капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем 200 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Жаңыдан ачылган банктар жана банк резидент эместердин филиалдары (мындан ары - банктар) үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтомунун редакциясына ылайык)
1-2. Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык атайы администрлөө режиминде турган банкты сатып алууда капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 600 млн.сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтомунун редакциясына ылайык)
1-3. Ушул токтомдун 1-2 пунктунун талаптары, депозиттерди кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү уруксатына ээ банктар же финансы-кредиттик мекемелери атайы администрлөө режиминде турган банктын акцияларынын 100 пайызын сатып алган учурунда аларга карата таркатылбайт.
2. 2009-жылдын 1-мартына карата абал боюнча капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү 200 млн. сомдон азды түзгөн банктар, капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча ченемди ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирүү боюнча, Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген иш-чаралар планын жана графигин 2009-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгына берүүгө милдеттүү.
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 26-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 31-декабрында 152-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/3 "Капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому, 2010-жылдын 1-октябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык 2016-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2009-жылдын 1-апрелинде каттоодон өткөн.
Каттоо номери 38-09
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 11-марты № 12/6
Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2, 2012-жылдын 18-январындагы № 2/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банктардын туруктуу жана ыргаактуу ишин камсыз кылуу жана банктык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталдык базаны колдоого алуу, банк тутумунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун кредиттөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Банктар, резидент эмес банктардын филиалдары (мындан ары - банктар) үчүн 2010-жылдын 31-декабрынан тартып капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем 200 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)