Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
2009-жылдын 27-майы № 25/11
Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 43-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 19-октябрында 113-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 24/12 "Электрондук төлөм документтеринин негизинде эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтом;
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-апрелиндеги N 15/3 "Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтом.
3. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын Ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/8 жарыяланды
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
6. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун башчысы З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М. Алапаев |