Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын3-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 77-09 Бишкек шаары2009-жылдын 15-июлу № 30/6 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жө-нүндө"
Мыйзамынын 43-статьясына таянуу менен Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча котору-уларды жүзөгө ашыруу
эрежелери, ушул токтомго карата тиркемеге ылайыкбекитилсин. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/1"Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча жүзөгө ашырыл-ган которуулар жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтому; - Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июндагы № 26/5 "КыргызРеспубликасында акча которуулар системасы боюнча жүзөгө ашырылган кото-руулар жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтому. 3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдиктебул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз РеспубликасынынАдилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартыпкүчүнө кирет. 5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банк-тын структуралык бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен об-ластындагы өкүлчүлүгүн ошондой эле, коммерциялык банктарды тааныштыр-сын. 7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдыбалы тегин С.