Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 26-августу N 35/3
"Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 33-статьясына жана "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 15-августундагы N 30/5 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобонун долбоору" тууралуу токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 13-мартындагы N 7/4 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Улуттук Банк башкармасынын төрагасы
| М.Алапаев
|