Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

2009-жылдын 23-сентябры № 38/3

"Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" жобону, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 9-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 134-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин консервациялоо жөнүндө" убактылуу жобо тууралуу" токтом күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Алапаев