Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-сентябры № 38/8
"Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кароого сунушталган "Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялар жөнүндө" жобону карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялар жөнүндө" жобо, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |