Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 28-октябры № 43/6
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, толуктоолор киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/6 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун кириш бөлүгүндөгү (Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" деген сүйлөм ", Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖСКсы, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду ЖАК жана микрофинансылык компаниялар" деген сөздөр менен толукталсын)".
2. Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4.2-1-пункт менен толукталсын:
"4.2-1. Банк милдеттүү аудитти жүргүзүү жана аудитордук корутундусу (отчет) менен финансылык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө тийиш".
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик актылары № 2009/13
|
|