Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-декабры № 50/2
Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасы
аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Банктар аралык валюта рыногунда Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 23-июнундагы № 15/2 токтому менен бекитилген Улуттук банктын соода-маалымат электрондук системасы аркылуу иш алып баруунун убактылуу тартиби күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом 2010-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
4. Тоорук өткөрүүнүн ушул эрежелеринин шарттарына жооп бербеген коммерциялык банктар 2010-жылдын 1-мартынан тартып Улуттук банкынын соода-маалымат электрондук системасынан автоматтык түрдө чыгарылат.
5. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |