Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 28-декабры № 51/4
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 93 жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 94 мыйзамдарынын талаптарын жүзөгө ашыруунун чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |