Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 28-декабры № 51/6
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 93 жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" № 94 мыйзамдарынын талаптарын жүзөгө ашыруунун чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 26-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/5 "Экобанк" ААКунда ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга чегерүүлөр боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу учурундагы минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М. Алапаев |