Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
1999-жылдын 10-февралындагы № 36
Указы менен бекитилген
"Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү ЖОБО
(КР Президентинин
2008-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 311, 2009-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 187
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын, аскердик прокуратуранын жана аскердик соттордун, Кыргыз Республикасынын Баңги заттарга контролдук боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аскер кызматчылары жана аттестацияланган кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, күжүрмөн жана саясий даярдыгынын эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн жана календардык эсептөө боюнча 15 жыл жана андан ашык мезгил кызмат өтөгөндөр сыйланат.
(КР Президентинин 2008-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 311, 2009-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 187 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалынын II даражасы болот:
I даража - 20 жыл жана андан ашык мезгилде эң мыкты кызмат өтөгөндөрдү сыйлоо үчүн;
II даража - 15 жыл жана андан ашык мезгилде эң мыкты кызмат өтөгөндөрдү сыйлоо үчүн.
Сыйлоо ирээти менен: II даражада жана I даражада ишке ашырылат.
3. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйлайт.
"Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен сыйлоого көрсөтүү жана андай өтүнүчтү кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен сыйлоого көрсөтүүдө аскар кызматкерлеринин кызмат өтөгөн мезгили үстүдөгү жылдын 31-августуна карата эсептелет.
Кызмат өтөгөн мезгилге Советтик Армияда жана СССРдин Аскер-Деңиз Флотунда, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер күчтөрүндө жана органдарында, ошондой эле КМШга кирген мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүндө жана тийиштүү органдарында анык аскердик кызмат өтөгөн мезгил да кошулат.
5. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы төштүн сол жагына жана сыйлык ээсинин СССРдин жана Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары да болгон учурда даражасы боюнча "Даңк" медалынан кийин тагылат.
Күнүмдүк кийген формада медалдын ордуна тик бурч, бир аз томпогоюраак келген, өлчөмү 24 мм х 12 мм жана медалдын колодкасынын түстөрүнө ылайык жасалган планка тагылат.